Signal колдонмосунун иконасы. Сүрөт: Айбол Кожомуратов/Kloop.kg

«Клооптун» журналисттеринде абдан маанилүү, ошол эле кезде өтө жөнөкөй эрежеси бар. Биз маанилүү же жашыруун маалыматты эч качан WhatsApp, а түгүл Facebook Messenger аркылуу да сүйлөшпөйбүз.

Редакциянын дээрлик бардык кызматкерлеринде Telegram бар, бирок биз ага да анчейин ишенбейбиз. Аны биз болгону жеке максатта жана андагы каналдарды колдонуу үчүн гана пайдаланабыз. Мисалы, Telegramда «Клооптун» тең түзүүчүсү Бектур Искендер жана редактору Элдияр Арыкбаевдин каналдары бар. Жазылсаңыздар болот.

Ошого карабастан, эгер журналист кандайдыр бир маанилүү нерсени талкуулагысы келсе, ал редактор менен байланыш үчүн бир гана колдномону, тактап айтканда Signal мессенжерин колдонгону абзел. Ал смартфон жана компьютерлер үчүн бул шилтеме аркылуу жеткиликтүү.

Сыртынан Signal башка мессенжерлерден эч нерсеси менен деле айрымаланбайт. Колдонмонун интерфейси WhatsApp же Telegramга абдан окшош, ошондуктан сизде Signalдын ишин өздөштүрүүдө маселе жаралбашы керек. Анын жардамы менен чалууга да болот.

Signalдын башкы менюсу
WhatsApp башкы менюсу

Signalдын өзгөчөлүгү

• Каттар өзүнөн-өзү өчкөн функция

Өтө жашыруун маалыматты талкуулоодо сиз белгилүү бир убакытты коюп алсаңыз алсаңыз болот. Талкуудан кийин ал сиз белгилеп койгон убакыттын ичинде автоматтык түрдө өчүрүлүп калат. Бул функцияны эгер сиз каттарыңызды чоочун адамдар окуп алып, аны коркутуп-үркүтүү максатында колдонушу мүмкүн деп чоочулаганда колдонсоңуз болот.

• Скриншот жасоо мүмкүнчүлүгүн бөгөттөө

Signal мессенжерин ойлоп тапкандар арам ойлуу адамдар сиздин кат алмашуунун скриншотун жасап албагыдай функциясын кошушкан. Эгер сиз колдонмонун ичинде скриншот жасоо мүмкүнчүлүгүнө тыюу салган функцияны иштетсеңиз, анда сиз маалыматыңыздын чоочун бирөөнүн колуна түшүп калуу коркунучунан сактап каласыз. Бирок экрандагы катты башка түзмөккө сүрөткө тартып алууга болоорун унутпаңыз.

• Сөздөрдү автоматтык терүүнү бөгөттөө

Signal сиз дайыма колдонгон сөздөрдүн автоматтык түрдө сакталышын бөгөттөй алат. Бул нерсе эгер чоочун адамдар смартфонуңузга ээлик кылып алган болсо, кандай сөздөрдү колдонгонуңузду билип албашы үчүн керек.

• Коопсуздук коду

Эгер сиз менен башка бирөө сүйлөшүп атат деп шектенсеңиз, анда Signalда маектеш адамды текшерген функция бар. Сиз атайын QR кодду маектешиңиздеги код менен салыштырып көрүп, керектүү адам менен сүйлөшүп атканыңызга ынансаңыз болот.

• Шифрлөө

Signal каттарды өтмө шифрлөө технологиясынын жардамы менен жөнөтөт. Бардык сүрөттөр, аудио, видео жана башка файлдар жөнөтүүчү менен алуучуда гана бар атайын ачкыч менен шифрленет. Ошентип, үчүнчү адамдар кат жазышып аткандар бири-бирине эмнелерди жөнөтүп жатышканын кандай гана жолдор болбосун биле албай калышат.

А эмне үчүн WhatsApp эмес?

Адилеттик үчүн WhatsApp да, Telegram да өтмө шифрлөө функциясын колдоноорун белгилеп коюу керек. Бирок WhatsApp фэйсбуктун таасиринен улам жеңилип калат. 2017-жылы компания 50 млн колдонуучунун маалыматы тышка чыгып кеткендиктен чууга кабылган.

WhatsAppтын ишеничтүү эместигине компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Брайан Эктондун интервьюсу дагы бир себеп болгон. Ал фэйсбуктун жетекчилиги мессенжерди монетизациялоонун жолун издеп аткандыгын айтып берген, мисалы, өтмө шифрлөөгө карабастан колдонуучулардын маалыматтарын чогултуп, аны жарнама берүүчүлөр менен бөлүшүү.

Ошондон кийин Эктон компаниядан кетип аткандыгын жарыялап, андан соң Signalга 50 млн доллар салган. Баса, жакында эле фейсбук колдонмодо жарнама сынап атканы жана ал «Статус» бөлүмүндө пайда болушу мүмкүндүгү белгилүү болгон.

Ал эми Telegram колдонуучуга «Купуя чат» функциясын сунуштоодо. Колдонмону ойлоп тапкандар аны мындайча сүрөттөшүүдө: «Бул сиздин кат алмашууну өзүңүз жана маектешиңиз гана көрө алат дегендии айгинелейт. Аны өзүбүздү кошуп, тактап айтканда Telegramдын кызматкерлери да, эч ким колго түшүрүп же чечмелей албайт».

Купуя чаттын кадимки чаттан айрымасы бул каттар Telegramдын серверлеринде эмес, колдонуучулардын түзмөктөрүндө сакталганында. Андан тышкары, алардын ичинен каттарды башка колдонуучуларга жиберүүгө болбойт. Эгер сиз Telegramдагы аккаунттан чыгып кетсеңиз, анда бардык купуя чаттар өчүп калат.

Редакторлору: Дмитрий Мотинов, Рустам Халимов