ЖАК: Кыргыз окумуштууларынын диссертацияларын кароо мүмкүнчүлүгү ачылды

Эми Жогорку аттестациялык комиссиянын (ЖАК) сайтындагы диссертациялар архиви сыр сөз жана купуя белги аркылуу кирүүнү шарттай, ал эми илимий ишти анын авторунун аты менен издөө мүмкүн болбой калган. Комиссия кыргыз диссертацияларына кирүү мүмкүнчүлүгүн июлда, алардан плагиаттын издери табыла баштаган соң жапкан.

Диссертациялардын архивин кароо мүмкүнчүлүгү кайрадан ачылганын ЖАК 1-ноябрда «Акипресске» билдирген. Комиссиянын өкүлдөрүнүн айтымында, алар маалымат базасынын түзүмүн өзгөртүп, кайталанган жазмаларды өчүрүп, диссертациялар файлдарынын коопсуздугун жогорулатышкан.

Азырынча сайттагы өзгөртүүлөр диссертациялардын коопсуздугун жогорулатууга кандайча жардам бергени анчейин түшүнүктүү эмес — ЖАК бул маалымат жарык көрөөр алдында комментарийлерге жеткиликсиз болду.

Бирок архивге кирүү мүмкүнчүлүгү мурдагыдан да бир аз чектелүү болуп калганын байкоого болот: диссертацияларды эми автордун ысымы менен издөгө болбойт, ал үчүн сөзсүз түрдө илимдин тармагын жазуу керектелет. Өз кезегинде бул, эгер тема белгисиз болсо диссертация издөөнү оорлоштурат.

Андан тышкары, архивге кирүү үчүн сыр сөз жана купуя белги аркылуу милдеттүү катталуу да пайда болгон, бирок ал көп убакытты алат.

Комиссия диссертацияларды кароо мүмкүнчүлүгүн 2018-жылы июлда жапкан. Бул ЖМКларда кыргыз окумуштууларынын илимий иштериндеги плагиат жөнүндө бир катар маалыматтар чыгып кеткенден кийин болгон. Аны диссертацияларда плагиат издеген Орусиянын «Диссернет» уюму тапкан.

Плагиаттын издери белгилүү кыргыз аткаминерлери, Бишкектин экс-вице мэри Эркинбек Исаковдун, парламенттин депутаты Акылбек Жапаровдун жана ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Алымбековдун эмгектеринен табылган.

Мурдараак комиссиянын башчысы Бакыт Тыналиева диссертациялардын маалымат базасы ноябрда ачылаарын убада кылган. Ал муну комиссиянын адистери илимий иштерди көчүрүп алуудан коргоону каалап атышканы менен түшүндүргөн.

«Азыр маалымат [диссертациялардын] базасынын үстүнөн профилактика иштерин жүргүзүп атабыз. Аны көчүрүүдөн коргошубуз керек. Анткени биз “Диссернеттин” отчётун көргөндөн кийин биздин эле диссертациялардан, биздин маалымат базадан көчүрүп алып жатышкан болуп чыкты. Бул профилактика иштери бүтөөрү менен, мен убада кылам, ноябрда биз маалымат базасын ачабыз жана ал кайрадан ачык-айкын болуп калат», — деп айткан Тыналиева.

Илимий эмгектеринен плагиат табылган окумуштуулардын көпчүлүгү илимий иштериндеги плагиат фактысын четке кагышууда. Мурдагы вице-мэр Эркинбек Исаков — өзүн окумуштуу даражасынан ажыратуу боюнча арыз менен кайрылган жалгыз аткаминер. Бакыт Тыналиеванын айтымында, илимий даражадан ажыратуу процедурасы аягына чыга элек.

Авторлошу: Метин Жумагулов

ТЕМА БОЮНЧА:

Жогорку аттестациялык комиссия өз сайтындагы диссертацияларды кароо мүмкүнчүлүгүн жапты

ЖАК кыргыз окумуштууларынын диссертацияларын калыптандырууну убада кылды

Эмне үчүн «Диссернет» кыргыз окумуштууларынын илимий иштерин текшерип жатат? Уюмдун тең түзүүчүсү айтып берет