Мамлекеттик салык кызматы аткаминерлердин 2017-жылга карата кирешелери тууралуу декларацияны жарыялады. Документте экс-президенттин чыгымдары 77 млн сомду түзгөнү айтылат. Атамбаевдин кыймылсыз мүлктөрүндө айыл чарба багытындагы жерлер жана аягына чыга элек курулуштар көрсөтүлгөн. Ал эми мурдагы президенттин жакын туугандары 7 млн 383 миң сом табышкан. Атамбаевдин мүлкүн анын бир тууганы Сейитбек Атамбаев башкарат.