Орусияда Кыргызстандын жарандары үчүн миграциялык мунапыс 16-октябрдан тарта 10-декабрга чейин күчүндө болот. Аны өлкөдө жүрүү тартибин бузгандар же Орусиянын ИИМнин алдындагы Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын (ММББ) «кара тизмесине» киргендер пайдалана алышат.

Бул эмне үчүн болууда?

Орусиянын бийлиги Кыргызстандын суранычы боюнча миграция мыйзамдарын бузгандарга мунапыс колдонууну чечти. Орусияда 2015-жылы мындай иш-чара жүргүзүлгөн, бирок ошол кезде «кара тизмеден» күтүлгөндөн да аз адам чыгарылган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, азыр ММББнын «кара тизмесинде» 70 миң кыргызстандык бар. Кыргызстандыктар «кара тизмеге» көбүнесе өлкөдө жүрүү мөөнөтүн бузушкандыгынан улам түшүшөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова кыргызстандыктар Орусияга кирген күндөн тарта 30 сутканын ичинде миграциялык кызматка каттоого турушу керектигин, бирок алар көбүнесе мыйзамды билбегендиктен аны этибарга алышпаганын «Клооптун» кабарчысына түшүндүрүп берди.

«Андай учурлар көп. Эгер [кыргызстандыктар] тартип [Орусияда жүрүү/келүү] бузуп, андан кийин кайсы бир жерде каттоого туруп, ошол каттоо кагазы менен жумушка барышса, анда алар “кара тизмеге” түшүп калуулары мүмкүн. Анткени өлкөдө жүрүү мөөнөтү бузулган болуп калат», — деп түшүндүрдү Байымбетова.

Ким мунапыска үмүт арта алат жана кимиси жок?

Сиз төмөнкү учурларда мунапыс ала аласыз:

• Эки жана андан көп административдик укук бузган болсоңуз, мисалы, жолдон туура эмес өткөн болсоңуз, жол кыймылынын эрежесин бузсаңыз, унааны туура эмес токтоткон болсоңуз жана башкалар;

• Орусияга жумуштап барып, бирок өлкөдө жүрүү мөөнөтү боюнча талаптарды бузуп, бирок Кыргызстанга кайтып келген болсоңуз;

Сизге төмөнкү учурларда мунапыс берилбейт:

• Эгер сиздин «кара тизмеге» түшкөнүңүзгө өзүңүз же Орусияга келгендигиңиздин максаты тууралуу жалган маалымат берүү себеп болсо;

• Эгер сиз Орусияда «иш жүргүзбөшү керек» деп таанылган эл аралык бейөкмөт уюмда иштеген болсоңуз. Бул, мисалы, америкалык филантроп Жорж Соростун «Демократияны колдоо боюнча улуттук фонд» жана «Демократиялык Шайлоо Европа Платформасы» фондулары. Бирок «иш жүргүзбөшү керек» делген бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери кандайча ММББнын кара тизмесине түшүп калаары белгисиз;

• Эгер сиз Орусиядан соттун чечими же токтому боюнча чыгарылган болсоңуз;

• Эгер сиз жасалма документтерди колдонуу боюнча айыпталсаңыз.

Мен миграциялык кызматтын «кара тизмесине» алынгам. Мени ал жактан чыгырып-чыгарышпаганын кантип билсем болот?

Сиз өзүңүздүн өлкөгө кирүү боюнча макамыңызды Орусиянын ИИМне караштуу Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын порталынан текшере аласыз.

Кара тизмеден чыгарылган кыргызстандыктар Орусияга 1-ноябрдан тарта кайрадан кире алышат.

Эгер сизге, жогорудагы талаптарга ылайык, Орусияга кирүү мүмкүнчүлүгү ачылышы керек болуп, бирок аты-жөнүңүз дагы деле кара тизмеде турганын көрсөңүз, анда, балким, сизге кезек жете элек болушу ыктамал.

Гүлбарчын Байымбетова сайтка маал-маалы менен кирип өлкөгө кирүү макамын текшерип турууну кеңещ кылат, себеби ММББ порталдагы маалыматтарды жаңыртып турат.

Кара тизмеден чыгуу укук бузуулар үчүн штрафтар кечирилет дегенди билдирбейт. Аларды баары бир төлөөгө туура келет (албетте, эгер, алар болсо).

Мен Орусияда уруксат берилгенден да көп жүргөм. Мага мунапыс берилеби?

Эгер сиз ошол убакыттын ичинде кара тизмеге түшпөгөн болсоңуз, анда берилет. Сиз, эгер 10-декабрга чейин Орусиядан чыгып кетүүгө үлгүрсөңүз, анда жоопкерчиликтен кутулуп кете аласыз. Андан кийин кайра кайтып бара аласыз.

Бирок сиз, эгер полициянын издөөсүндө же сизди өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттендирген соттун токтомун аткарбай койгон болсоңуз, анда ММББ мунапыс берүүдөн баш тарта алат.