Улан Эгизбаевдин өлүмү боюнча «Акун» пансионатынын эки кызматкерине айып тагылды

ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Сүйүнбек Муңайтбасов «Азаттыкка» билдиргендей, кылмыш иши Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатынын эки кызматкерине каршы козголгон. Муңайтбасов айыпталуучулардын ысымдарын атаган жок.

«Бизде пансионат боюнча эле иш бар. Андан башка жок. Ошого байланыштуу коопсуздук эрежелеринин бузулганы боюнча эле пансионатка кылмыш иши козголгон», — деди Муңайтбасов.

Ал кошумчалагандай, айыптын бирөөсү «Коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү же иштерди аткаруу» беренеси боюнча тагылган. Прокуратура кошумча соттук медициналык экспертиза жүргүзүп аткандыктан, тергөөнүн мөөнөтү 17-ноябрга чейин жылдырылган.

«Маркумдун бутундагы тактар боюнча дооматтар болбоду беле. Экспертиза "ал тактар маркум тирүү кезинде эмес, өлгөндөн кийин пайда болгон" деген тыянак чыгарып берди», — деди Муңайтбасов.

Журналисттин өлүмү

«Азаттык» үналгысынын журналисти Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдүн «Акун» пансионатында каза тапкан. Каргаша ал курорттон кетээр күнү болгон —  ал жолго чыгаар алдында көлгө түшүп алууну чечкен.

Башында сууга чөгүп аткан Эгизбаевди жергиликтүү балдар байкап калышкан. Алар маркум чөкпөй эле ойноп жатат дешип жардам чакырышкан эмес. Бирок куткаруучулар анын денеси сууга калкып калганда гана жээке чыгарышкан.

Ага жасалма дем берүү жасалып, биринчи жардам көрсөтүүгө аракет кылышканы менен кеч болуп калган. Журналистти аман алып калуу мүмкүн болгон эмес. Маркумдун сөөгү 24-июлда Нарын облусунун Көк-Жар айлында жерге берилген.

Уланбек Эгизбаев журналисттик иликтөөлөрүндө кыргыз аткаминерлеринин коррупциялык схемаларынын, хан сарайлардын курулушу үчүн муниципиалдык жердин мыйзамсыз сатылышынын жана көрүстөндөгү коррупциянын бетин ачкан.

Анын көрүстөндөгү коррупцияга байлыныштуу иликтөөсүнө укук коргоо органдары менен парламенттин депутаттары көңүл бурушкан.

Эгизбаевдин өлүмүнүн теориялары

Журналисттин өлүмүнөн кийин коомдук желеде ал жөн жерден эле чөгүп кетиши мүмкүн эмес болчу деген версиялар айтылган. Мисалы, анын досу Каниет Жыргалбеков бир катар басылмаларга курган маегинде Эгизбевдин денесинен шек туудурган тактарды көргөнүн кабарлаган.

«Бутунда так бар болчу аны изилдеше элек! Өз көзүм менен көрүп, колум менен кармагам! Эки бутунда согончоктон өйдө жакта так бар болчу! [Күтүлбөгөн кырсык жөнүндө] маалымат тактала элек!» — деп билдирген ошондо Жыргалбеков.

Андан кийин милиция коомдук тармактардын колдонуучуларынан алдын ала шашып жыйынтык чыгарбоону суранган. Криминалдык милициянын начальниги Нурбек Абдиев билдиргендей, экспертиза маркумдун денесинде зомбулуктун белгисин көрсөткөн эмес.