Жогорку сот «Бир Дүйнөнүн» укук коргоочуларынын отчётун экстремисттик деп таануу жөнүндө чечимди жокко чыгарды

Жогорку сот «Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун отчётунда экстремисттик контент болгон эмес деп токтом чыгарды. 2017-жылдын октябрь айынын башында Бишкектин Октябрь райондук соту «Бир Дүйнө — Кыргызстандын» ишин экстремисттик деп тапкан. Бирок укук коргоочулар бул тууралуу 2018-жылдын май айына чейин билишкен эмес.

Укук коргоо уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова Жогорку сот Октябрь райондук сотунун, УКМКнын жана Башкы прокуратурасынын чечимин 12-ноябрда жокко чыгарганын «Клоопко» билдирди.

«Бул мурдагы режимдеги [экс-президент Алмазбек Атамбаевдин] үч институттун ич ара сүйлөшүп алуусу болчу. Эгер кимдир бирөөнү айыптап жатышкан болсо, анда аны административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылышы тууралуу кабардар кылышы керек», — деди Исмаилова.

Ал кошумчалагандай, прокуратуранын өкүлдөрү Жогорку соттун судьясы алардан отчётту карап жатып «эмне үчүн укук коргоочуларды сот отурумуна чакырган эмессиңер?»  деп сураганда «жүздөрү кызарган».

«Үндөбөй турушту, андан соң Башкы прокуратуранын өкүлү мындайча деди: “Биз судья чакырышы керек деп ойлогонбуз”. Бул жерде судья жини келип кетип “Силер адамдарды жазага тартыш үчүн судьяга даяр материалды алып келгенсиңер да, алар кабардар болушу керек эле” деп айтты», — деп билдирди Исмаилова.

УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов Жогорку соттун чечимине комментарий бере албасын айтып, «Клооптун» журналистинин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Материал жарык көрөөр алдында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы комментарий берген жок. Башкы көзөмөл органынын өкүлдөрү иштин документтери менен таанышып чыккан соң жооп берүүнү убада кылышты.

Сот териштирүүлөргө чейин алып барган отчётту 2015-жылы укук коргоочулар даярдашкан. Анда кыргыз мигранттарынын Орусиядагы абалы баяндалган.

Бир жарым жыл өткөн соң Башкы прокуратура УКМКнын текшерүүсүнүн жыйынтыгын колдонуп сотко кайрылган. Анда «Бир Дүйнө — Кыргызстандын» отчётун экстремисттик деп табууну талап кылышкан.

Октябрь райондук соту 2017-жылы январда укук коргоо органдарынын дооматтарын кабыл алып, отчётту экстремисттик деп тапкан. Бирок сот жыйынына «Бир Дүйнө — Кыргызстандын» юристтери катышкан эмес. Алар бул тууралуу 2018-жылы май айында Кыргызстандын Юстиция министрлигинин сайтында экстремисттик материалдардын тизмесин изилдеп жатышканда билишкен.