Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, экстремисттик мүнөздөгү диний агымдардын идеологиясы менен күрөшүү иш-аракеттеринин натыйжасында үстүбүздөгү жылы Ысык-Көл облусунда 12 өспүрүм мектепте кайра билим ала баштаган. Буга чейин ал өспүрүмдөрдүн ата-энелери «Йакын Инкар» аттуу диний агымдын мүчөлөрү болгону жана диний көз караштарынан улам балдарын үйдөн чыгарбай, мектепке жибербей жүргөнү айтылууда.

Кыргызстанда соттун чечими менен «Йакын Инкар» агымы 2017-жылы «экстремисттик» деп табылып тыюу салынганы менен анын мүчөлөрү диний уюмга таандык идеологияны жайылтууну улантып келишет.

Жарандардын радикалдуу топторго кирип кетүүсүн алдын алуу жана тыюу салынган диний агымдардын өкүлдөрүн туура эмес идеологиядан алыстатуу үчүн жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.

Өлкөдө мындай иштер октябрь айынын ортолорунда Ысык-Көл жана Баткен облустарында болуп өттү. Андан кийин Нарын, Талас жана акыркы иш-аракеттер ноябрдын башында Ош облустарында өткөрүлдү. Аны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) уюштурган. Аталган комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаев «Йакын Инкар» агымынын мүчөлөрү, радикал топторго кирип кеткендер менен жүргүзүлгөн иштер жана келечекте пландалган долбоорлор туурасында «Клоопко» айтып берди.

— Саламатсызбы Закир мырза! «Йакын Инкар» агымы тууралуу кыскача айтып берсеңиз? Эмне үчүн аларга Кыргызстанда иш алып барууга тыюу салынган?

Закир Чотаев

— Бизде бар болгон маалыматтарга таянсам, «Йакын Инкар» радикалдуу көз караштарды карманат. Качандыр бир кезде «Таблиги Жамаат» диний агымынын курамына кирип турган. Бирок радикалдуу баалуулуктарды кармангандыгы себептүү жана заманбап жашоодогу өзгөрүүлөрдү кабыл албай, баш тарткандыгы үчүн андан бөлүнүп чыгып кеткен.

Бул топтун өкүлдөрү балдарын мектепке жиберүүгө, балдар менен кыздардын бирге окуусуна, эмдөөгө, телефон, телевизор, машина сыяктуу техникаларды колдонууга каршы болушат. Мындай аракеттери мыйзамга каршы келет жана коомдо туура эмес көз караштарды пайда кылат. «Йакын Инкар» 2017-жылы соттун чечими менен экстремисттик топ деп табылып, бул топтун иш-аракеттерин жана баалуулуктарын пропагандалоого тыюу салынган. Акыркы жылдары бул топ тууралуу маалымат жайылткан адамдардын үстүнөн ыкчам териштирүүлөр жүргүзүлүп, өлкөнүн ар аймактарынан тиешеси бар адамдар кармалып жатат.

Кандайдыр бир диний уюм экстремисттик деп табылганда, ал уюм биздин жоопкерчиликтен чыгып Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) карамагына өтөт. А бирок ДИМК ыйгарым укуктуу орган катары бул уюмдун тарыхы, баалуулуктары жана максаты тууралуу маалыматка ээ. «Йакын Инкар» саясий эмес топ болгонуна карабастан алардын иш-аракеттери мыйзамга каршы деп табылган.

Негизи идеология Түштүк Азиядагы Бангладеш, Индия, Пакистан өлкөлөрүнөн келген. Бул өлкөлөрдө топтун активдүү өкүлдөрү 7-8 кылымдагы исламды, Халифат учурундагыдай жашоону карманып жайылтышат. Ислам дини орто кылымдарда динамикалуу өнүгүп келген. Бул дин жайылган жерлерде илимий-техникалык, медициналык борборлор ачылып, искусство, адабият өнүгүп, ойчулдар, акындар чыккан. Ал эми «Йакын Инкар» сыяктуу радикалдуу топтор «алгачкы ислам практикасына кайтуу менен таза мусулман болобуз» деп ишенишет. Бул ойлор азыркы заманбап жашоо шарттарына эч туура келбейт. Ислам дайыма өнүгүп келет. Ошондуктан жаңы өнүгүүлөрдү кабыл алып, аны күнүмдүк жашоодо пайдалануу керек.


Кыргызстанда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан 2018-жылдын 1-июнуна карата каттоодон өткөн диний мекемелердин саны 3257ни түзгөн. Буларга коомдук уюмдар, бирикмелер, фонддор, окуу жайлар, мечиттер, медреселер, чиркөөлөр жана ибадатканалар кирет.

Ал эми 21 уюм соттун чечими менен экстремисттик деп табылып, өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салынган. Алардын ичинде «Хизбут-Тахрир», «Талибандар Кыймылы», «Жихад», «Йакын Инкар» топтору бар.


— Бул агымга кирип кеткендерди көз караштарынан баш тарттыруу канчалык мүмкүн?

— Бул топтун өкүлдөрүн көз караштарынан баш тарттырып, кайра жашоого кайтарып келүү аябай оор процесс. Жарандарды радикалдуу топторго кошулуп кете электе түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен маселенин алдын алуу жеңилирээк. Ал эми сот жообуна тартылган топтун мүчөлөрү менен укук коргоо органдары, мамлекеттик мекемелер иш алып барат. Алар бул ишти жалгыз эле укук, мыйзам тарабынан түшүндүрбөстөн дин таануучулар менен бирге алып барышат. ДИМК болсо бул тармакта механизмдерди иштеп чыгат. Бизде ишеним телефону жана маалымат-консультациялык борбор бар. Жарандар акысыз маалымат-сунуштарды телефон аркылуу да, бул жерге келип да ала алышат. Берилген суроолорго теологиялык, юридикалык, психологиялык тараптары эсепке алынып жооп берилет. Учурда биз эл аралык уюмдардын колдоосу менен пилоттук долбоор иштеп чыгып жатабыз. Бул проект жарандарды «Реабилитациялоо жана реинтеграциялоо» максатында ишке ашырылат.

— Жарандардын радикалдуу топторго кошулуп кетпөөсү үчүн кандай иш-аракеттер жасалып жатат?

— Маалыматтык-профилактикалык иш-чараларыбыздын максаттарынын бири — жарандардын радикалдуу топторго кирип кетүүсүнүн алдын алуу. Аларды маалымат менен камсыз кылып, системалык түрдө иштөө өз натыйжасын берип жатат.

Бул иш-чаралар өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун Аймактарды өнүктүрүү жылы боюнча жарлыгынын негизинде, Өкмөттүн «2015-2020-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын» ишке ашыруу максатында биринчи 2018-жылдын 15-октябрынан 19-октябрына чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорунда, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары, Кадамжай жана Лейлек райондорунда уюштурулду.

— Маалыматтык-профилактикалык иш-чараларды кайсы жерде өткөрүүнү кантип аныктайсыздар?

— Бул иш-чараны биз ар жылы шартка жараша өлкөнүн бардык аймактарында системалык түрдө өткөрүүгө аракет кылабыз. Бир убакытта бардык аймактарда уюштуруу оор. Бирок быйыл ар бир облустан үчтөн айыл өкмөттү тандап алып, үч жуманын ичинде 27 жергиликтүү бийлик менен өткөрдүк. Бул иш-чараларда азыр актуалдуу болуп жаткан темалар талкууланды. Мисалы дискриминация маселеси каралды. Кыргызстан светтик өлкө болгондуктан ар бир адам тутунган динине карабастан бирдей, тең укуктарга ээ экендигин түшүндүрдүк. Кыргызстандын Конституциясына баш ийбеген ар бир жаран кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын түшүндүрөбүз. Ошондой эле учурда талкууланып жаткан эрте нике кыюу, эмдөө, башка динге өткөн жарандарыбызды жерге берүүдөгү маселер көтөрүлдү.

Кайсы жерде өткөрүү ДИМКтин карамагындагы диний окуяларды изилдөө борбору жана ДИМКтин аймактардагы кызматкерлери жүргүзгөн мониторингдердин негизинде тандалат. Ал эми азыр эң приоритеттүү маселе — бул иш-чараны системалык түрдө ар жылы өткөрүп туруу.

Иш-чарада ДИМКтин, ИИМдин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен эксперттер түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Анда адистер жергиликтүү бийликтин, диний жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө, аксакалдарга, жаштарга мамлекеттин диний чөйрөдөгү саясаты, экстремизмдин, радикализмдин алдын алуу жана бул тармактагы актуалдуу маселелер туурасында айтып беришет.

— Бул иш-чараны ДИМК гана өткөрөбү же башка органдар да өз алдынча өткөрүп турушабы?

— Негизинен маалыматтык-профилактикалык иш-чаралар байма-бай ИИМ, УКМК тарабынан да өткөрүлүп турат. Бул органдар менен биргелешип өткөргөн учурлар да болот. Максатыбыз — Конституция жарандарга дин эркиндигин камсыз кылаарын айтуу жана кайсы бир динге жамынып, экстремисттик идеологияларды жайылтууга тыюу салынгандыгын түшүндүрүү. Ошондуктан биз жарандарга экстремисттик идеология жөнүндө мыйзам жагынан да, теологдордун катышуусу менен дин тарабынан да айтып берүүгө аракет кылабыз.

Ошондой эле муктаждык жаралып калса эл аралык уюмдардын колдоосу менен жер-жерлерде маалыматтык иш-чараларды уюштуруп турабыз. Эң башкысы — бул иш-чараларды өткөрүүчү жерлерди дайыма өзгөртүп, болушунча көп адамды маалымат менен камсыз кылуу. Биз өткөрүүчү жерлерди гана эмес, бул тармакта суроолор менен маселелерди да өзгөртүп, дайыма актуалдуу окуяларды талкуулоого аракет кылып жатабыз.

— Муфтият менен иштешесиңерби? Муфтият силердин иш-аракеттериңерге кандайча көмөк көрсөтө алат?

— Муфтият — бейөкмөт, ДИМКте катталган, Кыргызстандагы эң чоң диний уюм болуп саналат. Муфтияттын карамагында диний мекемелер жана ар түрдүү структуралар бар. Алар салттуу ислам, ханафи мазхабын (укуктук мектебин), матуриди акыйдасын (ишенимин) жайылтышат. Алар өз струкутрасына кирген уюмдар боюнча мониторинг жүргүзүп көзөмөлдөшөт. Биз да муфтият менен иштешебиз. Ошол эле учурда теологдор менен да динди туура чечмелөөдө аларга кайрылып бирге иш алып барабыз. Радикалдуу топтор алардын ыйгарым укугуна кирбейт. Бирок алар дин тууралуу, салттуу ислам эмне экени жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалымат менен камсыздоого укугу бар.

— Маек куруп бергениңиз үчүн ыракмат! Ишиңизге ийгилик.

Редактору: Элмурат Асан