Бишкектин айланасындагы мыйзамсыз үйлөр 2005-жылдагы революциядан кийин курула баштаган. Экинчи революциядан кийин мыйзамсыз курулуштар кайрадан дүңүнөн курула баштаган. Сүрөт: Kloop.kg

Парламент Бишкекте 3589 мыйзамсыз курулушту легалдаштыруу идеясын кароодо — бирок жарым-жартылай гана. Демек бул мыйзам курулуштардын ээлери аны сатып же белек кыла алышпай турганын билдирет.

Азыр мыйзамсыз курулуштарды адалдаштыруу жөнүндө мыйзам долбоору парламентте экинчи окууда каралууда. КСДП фракциясындагы анын демилгечиси Чыныбай Турсунбеков мыйзамсыз курулган үйлөрдүн масштабы Бишкек жана Ошто «актуалдуу жана оорчундуу көйгөй» болуп калды деп эсептейт.

Турсунбеков 19-ноябрда парламенттин жыйынында мыйзамсыз курулган үйлөрдүн айрым ээлери аларда 20 жылдан бери жашап келишет деп билдирди.

«Бирок алардын өз үйлөрүнө ээлик кылуу укуктары жок, ошондой эле, алар балдарына документ ала албай, ал эми мектеп окуучулары аймак боюнча окуу жайларга бара албай келишет. Ошондуктан аларга документ берип, каттоого тургузууну сунуштайм», — деди ал.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде Бишкектин 47 жаңы конушунда алты миңден ашуун мыйзамсыз курулган жеке үйлөр бар экени айтылат. Алардын ичинен 3589нун ээлери турай-жайга чектелген лецензия ала алышы мүмкүн.

«Өз үй курулмаларына укук белгилөөчү жана укукту ырастоочу тиешелүү документтердин жоктугуна байланыштуу өз алдынча курулган үй курумаларында жашап жаткан жарандар шаардын маанилүү коомдук-саясий иш-чараларга активдүү катышпайт жана социалдык кепилдиктерди алууда чектелип калган», — деп айтылат документте.

Турсунбековдун пикири боюнча, аталган үйлөрдө жашап аткандардын көпчүлүгү — бул акчаларынын бардыгын үй салууга жумшаган калктын социалдык жармач катмарларынан чыккандар. Депутат алар митинг жана акцияларга чыгуу менен «социалдык чыңалууну» жаратышууда деп эсептейт.

Мамэкотехинспекциянын өкүлү Айнур Кенжебаеванын айтымында, мыйзамсыз курулган үйлөр Бишкектин «Ак Босого», «ГЭС-5», «Дордой», «Алтын Казына» жана башка жаңы конуштарында бар.

«“Дордой” жаңы конушунда көрүстөндөр, газ бөлүштүргүчтөр, сибирь жарасынын очогу бар. Өз кезегинде ал жерде 399 [мыйзамсыз курулган] үй жайгашкан», — деди Кенжебаева.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса турак-жай документин кимдер ала алышат?

Турсунбековдун планы боюнча, турак-жай документтерин өз үйлөрүн 2012-жылы 3-августка чейин салгандар ала алышат.

Мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесинде адалдаштырылган үйлөрдүн ээлери аларга ээлик кылуунун болгону чектелген укугун ала алышат: алар үйлөрүн сатып, белекке берип, ага байланыштуу башка иштерди жүргүзө алышпайт.

Эгер мыйзамсыз курулган үй легалдаштырылса, анда анын ээси «өзү билемдик менен курулган» деген белгиси бар «Үй курулмасынын паспортуна» ээ болот. Бул документке жараша үйдүн жашоочулары менен кожоюндары каттоого туруп, андан тышкары, өздөрүнө жеңилдиктерди жана башка социалдык жөлөк пулдарды тариздетип ала алышат.

Бирок бардык эле мыйзамсыз курулуштарды адалдаштырууга болбойт. Мисалы, газ өтүү түтүктөрү, электр чубалгалары өткөн, андан тышкары мурдагы көрүстөндөр менен маданий жана социалдык объекттерди курууга бөлүнгөн жерлерде легалдаштырылбайт.

Үйлөргө лицензияны ким берет?

Лецензия берүү үчүн курамына вице-мэр, шаардык кеңештин депутаттык комиссиясынын төрагасы, аймактык администрациялардын башчылары, архитектор, мэриянын юристи, андан тышкары, мэриянын жеке турак-жай курулуш департаментинин жетекчиси кирген атайын комиссия түзүнүү пландашууда.

Ошондой эле, абалга жараша комиссияга сейсмология, өрт чыгууга каршы коопсуздук, санитардык норма боюнча адистер, андан сырткары, мамкаттонун төрагасы да кирет. Билдирүүнү кароого комиссиянын мүчөлөрүнө үч күн убакыт берилет.

Өз үйүнө документ алууну каалагандар комиссияга курулуш ээсинин нотариалдык жакталган паспортунун көчүрмөсүн, үй чындыгында 2012-жылы 3-августка чейин курулганын тастыктаган документтерди, жашаган жеринен аныктама жана башка документтерди тапшырышы керек.