Элвира Сурабалдиева. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Ак үйдүн лифтинен парламенттин «бейтааныш кызматкеринин» сексуалдык ыдыгына кабылганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн твиттер аккаунтунда жазган.

Сурабалдиеванын айтымында, аталган киши эл өкүлүн «катардагы кызматкер» деп кабыл алып, «ойноктоп, кучактоого» аракет жасаган. «Мен нес болуп калыпмын, өзүмө келсем, жанымда жок болуп чыкты. Ал эми “Ак үйдүн” ичинен аны издеп чуркабайм. Бирок мындай нерсе бардык жерлерде болот деген жыйынтыкка келдим», — деп билдирген ал «Кактус» басылмасына курган маегинде.

Сурабалдиева кошумчалагандай, ал парламенттеги аял кызматкерлерге боору ооруйт. Анткени аларга жасалган мындай мамиле «адаттуу болуп» калган.

Июнь айында парламенттин депутаты Исхак Масалиев өзүнүн фейсбук барагында аялдарга карата ыдыкты «табият» менен түшүндүргөн пост жазган.

«Эмне үчүн эркектердин табигый каалоосун келтирген кийимдерди (юбка, жынсы жана башкаларды) кийишет? Бирок тигил же бул жигит карманалбай кетип, кызды өөп же кучактоого аракет кылса (албетте, зомбулук бул аракеттерге кирбейт), дароо эле сексуалдык ыдык жөнүндө кыйкырыктар чыга баштайт! Анда ЭМНЕ ҮЧҮН силер муну кыласыңар? Жаратылыш да», — деп суроо салган эл өкүлү.

Кийинчерээк ал өзүнүн посту «сексисттик мүнөзгө ээ эместигин», болгону тамаша иретинде аялдар менен эркектер «ортосунда көйгөй» бар экендигин көрсөткүсү келгенин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА: