Иса Омуркулов (ортодо) партиядан чыгарылганына карабастан, КСДП парламенттик фракциясынын башчысы болууну улантууда. Сүрөт: КСДП

КСДП фракциясынын парламенттеги депутаты Ирина Карамушкина партияда ажырым пайда болгонун билдирди. Ага Иса Өмүркулов партиядан чыгарылганы менен фракция башчылыгынан кетпей койгону себеп болгон. Карамушкинанын айтымында, КСДПнын мындан ары өнүгүшү «мүмкүн эмес».

Карамушкина «Азаттыкка» курган маегинде Иса Өмүркуловду парламенттик фракциянын лидерлик кызматынан алуудан баш тартууну «ажырымдын акыркы чеги» деп атады. Буга чейин ал бул маселени фракциянын талкуусуна чыгарганы менен аны четке кагып коюшкан.

Анын айтымында, КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаев менен иштөөнү каалабагандарга өзүнүн катарынан кетүүнү сунуштайт.

«[...] ачык айтып эле, партиядан чыгуу тууралуу арыз жазууну сунуш кылам. Азыр Жээнбеков менен анын командасына жаңы партия түзүп, шайлоого барышына эч ким жолтоо болгон жок», — деп билдирди Карамушкина.

Анын айтымында, КСДПда болуп аткан окуялар «партиянын мындан ары өнүгүшүнө тоскоолдук гана кылат». «Менимче, Атамбаевдин кечээги маеги саясат мурдагы партиялаштарды эки башка жолго салганын далилдеди», — деди депутат.

КСДПнын саясий кеңеши 31-октябрда социал-демократтар парламенттик фракциясынын ледери Иса Өмүркуловду партиядан четтетишкен. Бирок фракциянын өзү Өмүркуловду лидерлик макамдан жана фракциядан чыгаруудан баш тарткан.

КСДПнын депутаттары эмне деп жатышат?

КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев Карамушкинанын билдирүүсү «анын жеке пикири» экенин жана кесиптештери фракциядан чыкпай турганын айтты «Клоопко».

«Ал ошентип ойлойт, ошондойду каалайт, бирок андай болбойт, эч ким арыз жазбайт. Партияда азыр ажырым болуп атат, Атамбаевсиз кыймылы күчтөнүп атат, эмне болоорун көрө жатаарбыз. Бирок фракцияда эч нерсе болбойт», — деди Нурбаев.

Ушундай эле пикирди 2018-жылы партиядан чыгарылган жана мурдагыдай эле КСДП фракциясынан депутат болууну улантып аткан Кожобек Рыспаев да карманат.

Башка социал-демократ Нодирбек Каримов «Клооптун» журналистине курган маегинде КСДПда «түшүнбөстүктөр» бар экенин мойнуна алып, бирок партия таркап кетпесин айтты.

«Менимче, партияда бөлүнүп-жарылуу болбойт. КСДПда түшүнбөстүктөр бар. Бул убактылуу деп үмүттөнөбүз, себеби тиреш эч бир жакшылыкка алып келбейт. Кырдаалды жөнгө салууга аракет кылабыз», — деди Каримов.

Социал-демократ Дастан Бекешев да учурдагы ажырымдан улам партиядан кимдир бирөөнү кууп салышат деп эсептебейт. «Бул Ирина Карамушкинанын жеке пикири», — деп жыйынтыкады Бекешев.

КСДПнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, партияда «бөлүнүп-жарылуу» бар жана анда «партия катарын тазалоо» жүрүп атат.

«Катардагы партиялаштардын бир чечимге келүүгө убактысы болот. Ошондой эле ар партия менен байланышын жоготкон ар кандай деңгээлдеги депутаттар да бир чечимге келиши керек», — деп кабарлашты КСДПдан.

Жээнбеков менен Атамбаевдин араздашуусу

Президент Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Алмазбек Атамбаев ноябрда журналисттерге маек курушкан. Анда алар бири-бирине олчойгон сындарды айтышкан.

Атамбаев өзүнүн интервьюсунда Жээнбеков «эч нерсе кылбай жатат» жана «Бакиевдин жолуна түшүп алды» деп билдирген.

Ал эми учурдагы президенттин айтымында, Алмазбек Атамбаев «кандайдыр бир үчүнчү жактардын жардамы аркылуу аны башкаргысы келген».

«Анын (Атамбаевдин) саясий технологдорунун жакшы көргөн тренди — бул мени саткын деп атоо. Ким-ким экенин убакыт көрсөтөт», — деп айткан Жээнбеков.

Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы араздашуу жазында эле башталганы менен алар өздөрү муну азыр гана мойнуна алышты. Алардын чатагынын шартында Кыргызстанда жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер алмашкан. Алардын көпчүлүгү Атамбаевдин тарапташтары болушкан.

Мисалы, Жээнбеков УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди жана башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтарынан алган, ал эми май айында премьер-министр жана Атамбаевдин эң белгилүү тарапташтарынын бири Сапар Исаков өз кызматынан кол жууган.

Чатак Атамбаевдин тарапташтарына каршы козголгон кылмыш иштеринен кийин күчөп кеткен. Коррупция боюнча айыпталып Исаков, Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов, мурдагы мэр Албек Ибраимов жана экс-президенттин башка үзөңгүлөштөрү камакка алынган.

Атамбаев бул камоолорду «аңчылык» деп атаган. Жээнбеков парламентте сүйлөп жатып, коррупцияга каршы күрөшкө жамынып саясий каршылаштардан өч албасын убада кылган.

Авторлошу: Асел Талгатбек