Миң-Кушка жакын жердеги «Туюк-Суу» калдык сактагычы. 2017-жыл май айы. Дмитрий Мотиновдун Living Asia үчүн сүрөтү

Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы уран калдыктары көмүлгөн жерлер менен калдык сактагычтар авариялык абалда. Эгер аларды калыбына келтирбесе эл аралык масштабдагы экологиялык кыйроого алып келиши мүмкүн. Европа биримдигинин (ЕБ) баасы боюнча, рекультивацияга жок эле дегенде 40 млн евро керектелет. Бирок бул каражат азырынча чогултула элек.

Майлуу-Суу шаары менен Шекафтар кыштагы Жалад-Абад облусунда, ал эми Миң-Куш айылы Нарын облусунда жайгашкан. Аларды бир эле тагдыр бириктирет: совет доорунда уран кендерин казуу жана кайра иштетүүнүн борбору болушкан.

1950-60-жылдары бул жердеги шахталар жабылган — уран казуу пайдасыз болуп калган. Өндүрүш учурунда иштетилген уран калдыктарын сактагычтарга (радиоактивдүү калдыктар үчүн атайын сактагычар) көмүп, ал эми жараксыз тоо-тек үймөктөрүн шахтанын жанына төгүп салышкан.

Убакыттын өтүшү менен радиоактивдүү калдыктардын зыяны сыртка чыга баштаган. Уран объекттеринин жанында жашаган адамдар күндөн-күнгө ден-соолугу начарлап баратканына арызданышууда. Бирок уран калдыктарынын жайылып кетишинен бир гана жергиликтүү тургундар эмес, Өзбекстандын жана Тажикстандын да калкы жабыркап калышы мүмкүн. Эмне үчүн экенин түшүндүрөбүз.

Калдык сактагычтар эмнеси менен кооптуу?

60-жылдары курулган калдык сактагычтар, өзгөчө аларды суу каптоодон сакташы керек тосмолордун жараксыз абалга кептелгени эң башкы көйгөйгө айлангандыгы болууда. Анданы тышкары, алардын айрымдары сел жана көчкү жүрүү коркунучу сакталган калктуу конуштарга жакын жайгашкан.

Өзөн бойлорундагы дөбөлөр менен калдык сактагычтар — эң эле коопту. Мисалы, «Туюк-Суу» сактагычы ушул эле аталышты алып жүргөн Миң-Куш айлынын жанындагы өзөнгө жакын жайгашкан. Дайранын жанында бир нече жылдардан бери көчкү жүрүп турат. Эгер ал сууну агымын тосуп калса, суу калдык сактагычты каптап, аны Нарын дайрасына агызып жибериши мүмкүн. Андан ары ал калдыктарды Арал деңизинин аймагына дейре агызып салат.

Советтик адистер уран калдыктарын эмне үчүн өзөн сууларынын жанына көмүүнү чечишкени азыркыга чейин түшүнүксүз. Айлана чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу борборунун директору Байбагыл Төлөнгутов анын себеби мамлекеттик планда экенин божомолдоодо — советтик тоо-кенчилер калдыктарды мүмкүн болушунча тезирээк көмүлүүсү керек деп, коопсуздук жөнүндө ойлонушкан эмес.

Мындай чечимге түшүндүрмө бере турган отчёттор жеткиликсиз: СССР кулагандан кийин архивдер Москвага көчүрүлүп, аларды жашырып коюшкан деп айтууда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин директорунун орун басары Асел Сейтказиева.

«Биз объекттерди [уран] кабыл алганда, ал жакта эмне бар экенин, ал кандай абалда экенин, [радиациялык] активдүүлүгү канчалык экенин билген эмеспиз. […] Биз таза [калдык сактагычтарды] барактан кабыл алып, аларды акырындык менен өзүбүз изилдеп, иликтей баштадык», — дейт ал.

Миң-Кушка жакын жердеги уран шахтасы. Андан мал жандыктары ичкен суу чыгат. 2017-жыл май айы. Дмитрий Мотиновдун Living Asia үчүн сүрөтү

Калдык сактагычтарды рекультивациялоо үчүн эмне кылуу керек?

Кыргызстандын Майлуу-Сууда калдык сактагычтарды реабилитациялоодо тажрыйбасы бар. Союз учурунда ал жабык өнөр-жай шаарчасы болгон. Бул жерде уран өндүрүшүнөн тышкары, электр лампаларын чыгарган завод иштеп турган. Бирок СССР таркагандан кийин Майлуу-Суудагы ишканалар жабылып, уран калдыктары ошо бойдон калып калган.

Майлуу-Суу калдык сактагычтарына бай аймак. Ал жерде 23 калдык көмүлгөн жай бар. Алардан тышкары, шаарда радиациялык чени жогору болуп кеткен жараксыз тоо-тек үймөктөрү менен ишканалардын калдыктары калып кеткен.

2008-жылы сактагычтардын бириндеги селден улам калдыктар сууга түшүп кетүү коркунучун жараткан. Бул нерсени болтурбоо үчүн аларды коопсузураак жерге көчүрүп, ал эми селди тазалашкан. Бул операцияны Дүйнөлүк банк каржылап, анын баасы 11 млн еврону түзүп, ал 2012-жылга дейре уланган.

Бирок бул долбоор Майлуу-Суудагы радиоактивдүү коркунучтун кымындай гана бөлүгүн алдын алганын айтууда Сейтказиев. Шаарда жашоого толугу менен коопсуз болуп калышы үчүн дагы көптөгөн иштерди жасоо керек: ал жерде калган калдык сактагычтары менен радиоактивдүү тоо-тек үймөктөрүн, сууга жакын үйлөрдү эвакуациялоо, уран өндүрүшүн калдыктарын бошотуу, коопсуздук тосмолорун куруу, шахталарды консервациялоо, суу түтүктөрүн жаңылоо.

Мурдагы жылы Майлуу-Суу кайрадан калдык сактагычтарды жууп кетүү коркунучуна чалдыккан: сел суу агымын бууп калып, аз жерден эки калдык сактагычты каптап кете жаздаган. «[Биз] техника алып келип, суу нугуна түшүшү үчүн [селди] гидропомпа менен жылдырдык», — деп айтып берди Сейтказиева.

Бирок бул узак мөөнөттүү чечим эмес. Ошондуктан 2020-жылы Майлуу-Суунун айланасындагы калдык сактагычтарды толугу менен реабилитациялоо башталышы керек экенин айтат Сейтказиева. Ал эми азырынча европалык адистер менен ӨКМдин кызматкерлери уран объектилеринин абалын изилдеп, экологиялык экспертиза өткөрүп, эсеп жүргүзүшүүдө.

Европа биримдигинин баасы боюнча, Майлуу-Суудагы иштерге 30 млн евро керек. Бирок ӨКМ  «Клооптун» журналистине башка санды айтты — шаарды толугу менен «айыктыруунун» баасы 50 млн евро. 2019-жылы Майлуу-Суунун сел жүрүү коркунучу сакталган жерлеринде атайын датчиктерди орнотууну мерчемдешүүдө. Алар селдердин абалын көзөмөлдөмөкчү.

Ушундай эле иштер Миң-Куш менен Шекафтарда да жүргүзүлөт.

Миң-Куштагы калдык сактагычты 2019-жылы реабилитациялай башташат. Башында «Туюк-Суу» сактагычы эвакуацияланып, көмүлгөн калдыктар башка жерге көчүрүлөт. Бул ишти Орусиядагы «Росатом» мамлекеттик ишканасы аткарат.

Андан кийин Шекафтардагы уран объектилеринин рекольтивациясы башталат. Сейтказиева бул иштер 2020-жылдардан кийин башталып калаарын айтат.

Миң-Куш кыштагы. 2017-жыл май айы. Дмитрий Мотиновдун Living Asia үчүн сүрөтү

ЕБ менен ЕАЭБ уран мурасынан арылууга кантип жардам берүүдө?

Кыргызстан кооптуу калдык сактагычтарды өз алдынча рекольтивациялоого күчү жетпейт — буга өкмөттүн акчасы жок. Ошондуктан бийлик Евразиялык Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) менен ЕБдин каржылык жардамына алууга аргасыз.

ЕАЭБ учурда Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги уран айылдарынын бири Кажи-Сайды реабилитациялоону аяктап калды. Сейтказиеванын айтымында, буга 13,6 млн долларга чукул (930 млн сомго жакын) каражат кеткен. Долбоорду Орусия, Казакстан жана Тажикстан каржылашкан.

Ал эми Миң-Куштагы ишти ЕАЭБ менен ЕБ бөлүшүп алышкан: ЕАЭБ калдык сактагычтарды реабилитациялоо ишин жүргүзсө, ал эми ЕБ уран шахталарын консервациялоо жана кайра иштетүүчү заводду жоюу ишин аткарат.

Европа биримдиги уран объектилерин бир гана Кыргызстанда эмес, коңшу Өзбекстан менен Тажикстанда да реабилитацияламакчы. Бул үчүн Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы 2016-жылы Борбор Азияда Экологиялык реабилитациялоо фондун ачкан.

2018-жылы ноябрда ЕБ уран объектилерин реабилитациялоого кете турчу кошумча 10 млн евро бөлүүгө макул болгон. Ошондой эле Швейцария, Норвегия, Бельгия жана АКШ да өзүнүн каржылык жардамын көрсөтүүгө даяр. Бирок алгач муну бул өлкөлөрдүн бюджеттик комитеттери жактырышы керек.

Аймактагы иштердин жалпы наркын 85 млн еврого баалашууда. Кыргызстандагы Экологиялык реабилитациялоо фондунун менежери Салтанат Асандын айтымында, Европа биримдиги бөлгөн каражаттын 15 миллиону аймакты изилдөөгө жана келечектеги иштердин сметасын түзүүгө жумшалган.