Жөө жүрүшкө чыккандар. Сүрөт: Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Ош шаарындагы терроризм жана экстремизмге каршы жөө жүрүшкө мугалимдер, студенттер, окуучулар жана тургундар чыгышты.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров 23-ноябрда өткөн иш-чарага 9 миңдей киши катышканын «Клоопко» маалымдады. Абсаттаров билдиргендей, жөө жүрүштү шаардык мэрия уюштурган.

«Уюштуруунун негизги максаты терроризмге, экстремизмге каршы экенибизди массалык түрдө билдирип коюу болду. Европада, дүйнө жүзүндө мындайлар болуп келет. Муну туура кабыл алышыбыз керек. Бир адамдын оюн өзгөртсөк дагы бул биз үчүн жакшы жыйынтык», — деди басма сөз катчы Абсаттаров.

Ош мамлекеттик университетинин тарбия иштери боюнча проректору Түмөнбай Колдошов жөө жүрүш өтүп жатканда «Оштогу ар бир ЖОЖ 1000 студент, шаардык билим берүү башкармалыгынан 1000 окуучу, шаардагы мекеме-ишканалардын жамааты терроризмге каршыбыз деп көчөгө чыксын деп мэриядан тапшырма келди. Ошондо террорчулар кыйкырып качып, кырды ашып кетет окшойт менимче. [...] Мэрия шоу уюштурууну жакшы үйрөнүптүр» деп коомдук желедеги барагына жазып, көп өтпөй аны өчүрүп койгон. Бул туурасында Колдошов «Клооптун» кабарчысына комментарий берүүдөн баш тартты.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы мажбурлап жөө жүрүшкө чыгаруу болбогонун билдирди.

Ал эми студенттердин айрымдары өз каалоосу менен жөө жүрүшкө катышканын, кээ бири мугалимдер «мажбурлаганын» айтат.

«Агай-эжекейлерибиз “бириң да калбай чыгышың керек, ошол жерде күтөбүз” дешти. Окуудан эле түз ошол жакка барсак марш башталган экен. Мэриянын алдына чейин басып бардык, түшүнгөн деле жокпуз, кызыкпадык деле. Баргыла дегени үчүн эле барганбыз да. Бирок аягына чейин кызыгып катышпадык, кетип калдык», — деди атын атагысы келбеген студент.

«Досторум менен чогуу барып катышып келдик. Эч кандай мугалимдер же башка адамдар тарабынан мажбурлап жөнөтүү болгон жок, өз каалообуз менен катыштык», — деди жөө жүрүштөгү студенттердин бири.

Кыргызстанда 21 уюм соттун чечими менен экстремисттик деп табылып, өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салынган. Алардын ичинде «Хизбут-Тахрир», «Талибандар Кыймылы», «Жихад», «Йакын Инкар» топтору бар.

Редактору: Гүлжан Эшбаева