Иллюстративдик сүрөт: Dave Dugdale / Flickr

Өкмөт «Коопсуз шаар» системасы менен жазылып берилген штрафтар жергиликтүү бийлик, ИИМ жана УКМКнын ортосунда бөлүштүрүлүшү керек деп эсептейт. «Коопсуз шаар» үчүн камера орното турган Орусиянын «Вега» компаниясы ар бир штрафтан жок эле дегенде 211 сомдон алып турат.

Штрафтарды бөлүштүрүү жөнүндө сунуш азыр Каржы министрлигинде каралууда. Министрликтин өкүлү Улукбек Кармышаков башында штрафтардын бардык суммасы бюджетке түшүп, андан соң мамлекеттик түзүмдөр боюнча бөлүштүрүлөөрүн «Клооптун» журналистине түшүндүрүп берди.

«Мэрия тосмолорду, жол чырактарын, кесилиштерди тейлет, андан тышкары, мэрия кышкысын жолдорду тазалоо, аларды тийиштүү талапта кармоого укуктуу болот», — деди Кармышаков.

Ал кошумчалагандай, ИИМде укук бузуулар аныктала турган жана штрафтар жазылып берилчү борбор түзүлөт. «УКМКнын маселели боюнча азыр эч нерсеге жооп бере албайм», — деди Кармышаков.

Эгер бул сунуш менен ведомстволордун ортосунда пайыздык бөлүштүрүүлөрдү жактырышса, анда штрафтар төмөндөгүчө бөлүштүрүлөт: жергиликтүү бийлик 30 пайыз, ИИМ — 20, ал эми УКМК 5 пайыз алат.

Мисалы, Бишкекте жөө жүргүнчүнү өткөрбөй койгон айдоочуга 1000 сом штраф салынышы мүмкүн. Анын ичинен 211 сомду, кепилденгендей, «Вега» алат, ал эми калган 789 сомду мэрия, ИИМ жана УКМК өз ара бөлүшүп алышат. Шаар бийлиги 237 сом, ал эми күч түзүмдөрү 158 жана 40 сом алышат.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) өкүлү Анара Мамытова штрафтарды бөлүштүрүү маселеси Орусиянын «Вега» компаниясы менен келишимге кол коюуларга чейин эле талкууланганын «Клооптун» журналистине түшүндүрдү. Бирок ал тактагандай, азыр сунуш кароо баскычында гана турат.

«Штрафтын кандайдыр бир суммасы бар, анын ичинен 211и [сом], жалпы сыммасына карабастан, “Вегага” кетип турат. Долбоор жаңы эле [өкмөткө] жөнөтүлдү. [...] Ар мекеме эми өз санын жаза алат да», — деди Мамытова.

«Коопсуз шаар»

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети 12-ноябрда Орусиянын «Вега» коргоо концерни менен Кыргызстанда долбоорду ишке киргизүү жөнүндө макулдашкан.

«Вега» жарым жыл ичинде алгачкы камераларды Бишкектин жолдорунда, андан тышкары, Бишкек — Чалдовар, Бишкек — Балыкчы, Бишкек — «Манас» аэропорту жана Бишкек — «Ак-Жол» көзөмөл өткөрмө бекетке барчу жолдордо орнотот.

«Веганын» башкы директорунун орун басары Сергей Калмыков Кыргызстанда камералар «Призма» системасына кошулаарын билдирген. «Ал технология жагынан алып караганда иновациялуу. Мурдагы жылы сертификацияланган жана Орусиянын бир нече облусунда сыноодон өткөрүлгөн», — деп билдирген ал.

«Веганын» сайтында «Призманын» иши үчүн жогорку ылдамдыктагы интернет жетиштүү деп айтылат. Аны иштеп чыккандардын айтымында, ал волокон оптикалык чубалгаларды өткөрүүгө муктаж эмес жана күн батареяларынын кубаты менен иштей алат.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев «Вега» ар бир түшкөн штрафтан 211 сом алып тураарын айткан. Анын айтымында, компания жогоруда аталгандай «Коопсуз шаарга» салган инвестициясын беш жылда актап алат.

Биринчи баскычта «Вега» эки түрдөгү 90 камера орнотот. Анын ичинен 52си автоунаалардын жогору ыламдыгын, ал эми калгандары — кош чийинди өтүү, токтоо-сызыгынан өтүүнү же жол чырактын кызыл түсүнөн өтүп кетүүнү каттамакчы. Андан тышкары, «Вега» Кыргызстандын ИИМине жол кыймылынын эреже бузууларын каттоо боюнча 20 көчмө системасын өткөрүп берет.

Долбоорду Кыргызстандын ИИМи башкарат. Ал эми эреже бузуулардын маалымат базасы мамлекеттик каттоо кызматында (МКК) сакталат. МККнын маалымат базасынын көчүрмөсү, эгер ал жоголуп кетсе кайра калыптандыруу үчүн УКМКда сакталат.

Авторлошу: Рустам Халимов