Инстарграмдагы svbnews аккаунту Амурдагы газды кайра иштетүү заводунда иштеген Кыргызстандын жана Казакстандын куруучулары мушташып жатышкан видеону чыгарды. Ага караганда, мушташка жок эле дегенде 15 адам катышкан.

Амур облусунун маалыматына ылайык, чырдын чоо-жайы азыр такталууда. Араздашуу турмуштук чыр-чатактан улам чыкканы болжолдонууда. Ага катышкандардын бири кармалып, ага каршы «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

«2×2.su» басылмасы маалымдагандай, мушташка катышкан 18 жаштагы киши жандандыруу бөлүмүнө жатып калган, анын абалы азырынча беймаалым. Андан тышкары, ооруканага жатуудан баш тарткан дагы бир адам жабыркаган.

Заводдун жетекчилиги ТАСС агенттигине билдиргендей, чырга күнөөлүүлөр Орусиядан депортацияланат.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин басма сөз кызмачысы Гүлбарчын Байымбетова мекеменин кызматкерлери окуя болгон жерде иштеп, окуянын чоо-жайын аныктап жатышканын «Клооптун» кабарчысына курган маегинде кабарлады.

Авторлошу: Асел Талгатбек