Кыргызстандын атуулу Орусияда WhatsApp аркылуу ИГИЛге азгыруу үчүн 7 жылга соттолду

Атабек Рустамов/ Скриншот: ТАСС

Кыргызстандын атуулу Атабек Рустамов, тергөөнүн версиясы боюнча, WhatsApp тайпасын ачып, анда Орто Азиядан келгендерди террорчулукка азгырып жүргөнү үчүн күнөөлүү деп табылды.

Рустамовго карата өкүм 26-ноябрда Москванын аймактык аскер сотунун көчмө коллегиясынын жыйынында уктурулду. Тергөөнүн версиясы боюнча, соттолгон адам WhatsApp мессенжеринде тайпа түзүп, ал жерде «ИГИЛдин ишмердигин жактырып», анын катышуучуларын тыюу салынган уюмга кошулууга азгырып, терракт жасоого үндөгөн.

Санкт-Петербург сотторунун басма сөз катчыларынын бирдиктүү телеграмм каналы билдиргендей, Рустамов өзүнүн «жеке» телефон номерин пайдаланган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, мессенжердеги топто беш адам болгон: Рустамовдун иниси Азизбек, Өзбекстандын атуулдары жана Орусиянын учурдагы жарандары Шухрат Сатымбаев жана Искандер Нурбаев, Кыргызстандын атуулу Айжигит Айтматов жана Степанов И аттуу жаран.

Тергөө комитети Сатымбаев, Нурбаев, андан тышкары, Айтматов кандайдыр бир мыйзамга каршы аракет жасап-жасабаганын далилдей алган жок. Алар «Кылмыш тууралуу билдирбөө» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, штраф салынды.

Рустамов өзү күнөөсүн мойнуна алган жок.

Инисинин соту

Августта ошол эле Москванын аймактык аскер соту Рустамовдун инисин алты жыл түрмөгө кескен. Ага каршы коюлган айып агасыныкы менен бирдей. Азизбек агасындай эле күнөөсүн мойнуна алган жок.

Сотто ал Атабековго 2015-жылы келгенин билдирди. Ал агасы экөө дүкөндүн курулушунда иштеп жатышкан, бирок андан кийин курулуш башчысынан убада кылынган маянаны албай калышкан. Анын ордуна курулуш башчысы аларды Орто Азиядан келген башка мигранттар жашап атышкан батирге чыгарган.

«Агам экөөбүздү WhatsAppтагы топтогу террористтер үчүн тарапкерлерди азгырышкан деп айыпташууда. Бирок менин эч кандай күнөөм жок. Мессенжердеги топту агам [Атабек] ачкан. Андан кийин ал телефонумду алып мени да кошуп койгон, андан кийин ал жакка менин атымдан кабарларды жөнөтүп турган. Мен ал жакта жазылгандарды таптакыр окучу эмесмин», — деди Азизбек Рустамов.

Ал Кыргызстанда майып апасы менен эки карындашы калгандыктан соттон кечирим сурады. Бирок ошентсе да судья айыптоочу тарап анын күнөөсүн далилдеди деп эсептеди.

Метродогу террактан кийинки кармоо

Бир тууган Рустамовдорду 2017-жылы 3-апрелде Петербергдун метросунда болгон жардыруудан кийин дароо кармашкан. Жардыруудан улам 16 адам каза таап, 100дөн ашууну жаракат алган. Тергөөнүн версиясы боюнча, террактты Кыргызстандын атуулу Акбаржон Жалилов жасаган.

Тергөө бир тууган Рустамовдордун иштерин терракт менен байланыштуурга аракет жасаган, бирок алардын ортосундагы байланышты далилдей албай койгон. Анда алар кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.

Рустамовдор — Петербург метросундагы жардыруудан кийин камакка алынган жалгыз эле кыргызстандыктар эмес. Орус бийлиги террактты даярдоого Кыргызстандын башка атуулдары, Акрам жана Аброр Азимовдорду да айыптаган.

Аброр Азимов 4-апрелде кармалганын, бирок Федереалдык коопсуздук кызматы (ФКК) анын кармалышы тууралуу расмий 17-апрелде гана жарыялаганын ырастоодо. Акрам расмий түрдө 19-апрелде кармалган, бирок анын туугандары аны 15-апрелде эле УКМКнын кызматкерлери Оштогу ооруканадан чыгарып кетишкенин айтышууда.

Азимовдор «ФККнын жашыруун түрмөсүндөгү» кыйноолорго, андан сырткары, тергөөнүн кысымына арызданышкан. Алар өздөрүнүн кармалганын «атайын уюштурулган» деп аташып, аларды күч менен көрсөтмө берүүгө кыйнашкан деп айтышкан.