ЖК комитети биринчи окууда экс-президенттин кол тийбестигин жокко чыгарууну жактырды

Экс-президентер Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети 27-ноябрда экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө беренеге өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды.

Документтин комитет тарабынан жактырылышы мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат дегенди билдирет. Ал учурда депутаттар өзгөртүүлөргө макул же каршы экенин чечиши керек. Эгер макул болушса, анда документтин үстүнөн иштөө улантылат.

Депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев «Президенттин ишмердиги жөнүндө» мыйзамды өзгөртүүнү сунушташты. Алардын пикири боюнча, айрым беренелер Конституцияга каршы келет.

Мисалы, депутаттарга өз кызматынан кеткен өлкө башчысы жоопкерчиликке тартылбайт деп айтылган экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу беренеси жакпайт.

Алар мурдагы өлкө башчысы кол тийбестикке ээ деген сөздү толугу менен алып салууну сунушташууда жана Башкы прокуратура айып тага алгыдай жоопкерчиликке тартуу процедурасын кошууну каалашууда. Ал эми парламент жагдайларды дыкат изилдеген соң көпчүлүк добуш менен экс-президентти жоопкерчиликке тартып-тартпоо керектигине добуш берет.

Депутаттар жокко чыгарууну сунуштап жатышкан дагы бир берене — бул «Экс-президенттин ар-намысы менен кадыр-баркын коргоо жөнүндөгү» мыйзам. Эгер өзгөртүүлөр кабыл алынса, анда экс-президент сотто өз укугун өзү коргошу керектелип калат.

Бирок ошого карабастан, депутаттар экс-президенттин кандайдыр бир артыкчылыктарын сактагылары келет. Мисалы, медициналык камсыздоо жана кызматтык транспортту (бирок анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгына эмес, мурдагы өлкө башысы үчүн гана) колдонуу укугун.

Октябрда Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу жобону конституциялык эмес деп тааныган. Анда судьялар өкмөткө мурдагы мамлекет башчысын кол тийбестиктен ажыратууга боло турган тартипти иштеп чыгууну тапшырышкан.

«[...] экс-президенттин укуктук иммунитети так укуктук чектерге ээ болушу керек, ал эми иммунитеттен ѳтүү жѳнүндѳ жыйынтыктоочу чечим алдын ала жоболордон кѳз карандысыз жана иштеп жаткан президентти кызматтан четтетүү жѳнүндѳ чечимди кабыл алуудан оор болбошу керек», — деп айтышкан палатадан.

Кыргызстанда экс-президенттин макамына ээ болгон эки саясатчы бар, алар: Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева. Мурдагы президенттерди кол тийбестиктен ажарытуу жөнүндө жаңы жобо күчүнө кирип калса, анда бул биринчи кезекте, экөөнө тең тийиштүү болуп калат. Ал эми мурдагы эки президент, Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев 2005 жана 2010-жылдагы революциялардан кийин бул макамдан ажыратылган.

Демек бул, аларды, иммунитеттен ажыратуу процедурасы мыйзамда пайда болгондон кийин жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартса болот дегенди билдирет.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кол тийбестигин 2010-жылдын апрелиндеги революциядан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт жокко чыгарган.

Ошондон кийин Бакиевдин үстүнөн сот процесси башталган, бирок ал ошол кезде Беларуста жүргөн. Ошол эле жылы августта Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев да кол тийбестиктен ажыратылган.

Мыйзамга карата өзгөртүүлөрдүн өзү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен болгон араздашуусунун шартында болууда. Атамбаевдин дарегине айыптар жарандык активисттер менен саясатчылар тарабынан айтылууда. Алар Атамбаевдин президенттиги учурундагы ишине укуктук баа берүүнү талап кылып жатышат.