Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюуга арналган кол чатырлар. Сүрөт: Нуркыз Замирбек кызы/Kloop.kg

Ош шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы паркынын кире беришине аялдарды коргоого үндөгөн «Сары кол чатыр» аллеясы ачылды. Ага 200 даана кол чатыр пайдаланылган.

Уюштуруучулардын бири Айнура Мамажунус кызынын айтымында, кол чатырлар эми 16 күн бою илинип турат.

«Кол чатырларды атайын буюртма берип тиктиргенбиз. Көрүнүшү гүлгө окшоп, аялзаты менен байланыштуу назик болсун деп ошондой форманы тандадык», — деди Мамажунус кызы.

«Өзүм 12-кесиптик лицейде окуйм. Бул иш-чарага былтыр да келгенбиз. Мындай иш-чаралар көбүрөөк болсо, оюмча, кыргыз элим эсине келип, аялдарды коргойт», — дейт ачылыш аземин көргөнү келген Алмазбек Кубанычбек уулу.

Иш-чараны USAID жана ISEDA уюмдары Ош шаардык мэриясы менен биргеликте уюштурган. Демилге «Аялдарга жасалган зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» аттуу дүйнөлүк өнөктүктүн алкагында ишке ашууда.

Дүйнөдө 25-ноябрь аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу күнү катары белгиленет. Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен бул күнгө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында «Дүйнөнү сары түскө боё» акциясы ишке ашып келет.

Анда катышуучулар сары түскө боёлгон имарат, гүл, кол чатырлар менен тилектештик билдирип, акция 16 күн, 26-ноябрдан 10-декабрга чейин уланат.

Редактору: Гүлжан Эшбаева