Экономика министринин орун басары мамлекет начар чарбачы экенин айтып чыкты

Элдар Абакиров/Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Парламенттин спикери Дастан Жумабеков Экономика министринин орун басары Элдар Абакировго эскертүү берди. Абакиров өкмөт тез алмашкандыктан жана узак мөөнөттүү стратегиянын жоктугунан улам Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу начар экенин айткан. Жумабеков билдиргендей, Абакировдун мындай билдирүү жасоого «укугу жок».

Абакировдун катышуусундагы парламенттин жыйыны 28-ноябрда өттү. Депутаттар мамлекеттик объектилерди менчиктештирүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулашкан.

Спикер менен министрдин орун басарынын ортосундагы кайым айтыш маммүлктү сатууга карата сындуу көз карашын билдирген депутат Ирина Карамушкинанын пикиринен кийин башталып кеткен. Анын пикири боюнча, мамлекет «жакшы чарбачыл» болушу керек.

Анын билдирүүсүнө Элдар Абакиров ведомстводо мындай идеяны колдошот, бирок ал иш жүзүндө иштебейт деп жооп берди.

«Өкмөт тез алмашкандыктан узак мөөнөттүү өнүгүүнүн стратегиясы жок. Ошон үчүн башкаруунун сапаты кетип жатат», — деп кошумчалады Абакиров.

Анын жообу бир нече депутатты нааразы кылып, ал эми парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков Абакировдун кызматтык орду ага мындай кептерди айтууга жол бербесин билдирди.

«Сизге ким мындай укук берди? Саясатка кийлигишпеңиз», — деп келтирди Жумабековдун айткандарын «Азаттык».

Ал учурда Ирина Карамушкина «жаш кадрларды урушпаш керектигин» билдирип, Абакировго болушуп чыкты.

«Алар да кырдаалды байкашат. Алар чындыгында бир нерсени жакшы жакка өзгөрткүлөрү келишет. Бирок колдоо сөзүн айтуунун ордуна биз аларга этиканы бузуу жана кызматтык ыйгарымдарынан аша чаап жатышканы тууралуу айтып атабыз. Биз ылайыктууларды өстүрүп жатабыз. Жаш кадрлар мамлекеттик кызматка келип, тынч отурушат, анткени ашыкча бир нерсе айтып алуудан коркушат», — деп келтирди Карамушкинанын айткандарын «24.kg».

Буга жооп катары Жумабеков бардыгын парламенттик этиканы сактоого чакырды. Натыйжада мыйзам долбоору күн тартибинен алынып, аны кароого депутаттар документти министрдин орун басары эмес, жеке Экономика министри Олег Панкратов өзү тааныштырып чыкса кайтышаарын чечишти.

Андан тышкары, Абакировдун позициясын Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин мурдагы башчысы Эсенкул Момункулов да колдоду.

«Ал эмне деп жооп бериши керек эле? Өлкөдө бир эле өкмөт күнөөлүү болушу мүмкүн эмес да! Бардыгы жоопкерчилик тартышат. Өкмөттү кол каптай алмаштырган ЖК биринчи кезекте өлкөдөгү башаламндык үчүн жоопкерчилик тартат», — деп кошумчалады Момункулов.

Анын пикири боюнча, өлкө натыйжасыз мамлекеттик ишканалардан арылып, алардын ишин жеке компанияларга өткөрүп бериши керек. «Алар мыкты боло алышаарын миллион жолу далилдешкен», — деп жазган ал.