«Кызыл өрүк» үй-бүлөлүк ансамблинин мүчөлөрү, түгөйлөр Абдикарим Алимкулов жана Диларам Таштемирова.

Интернетте белгилүү боло түшкөн үй-бүлөлүк «Кызыл өрүк» ансамблинин түзүлгөнүнө 25 жылдан ашыптыр. Диларам Таштемирова топтун ырчысы, жолдошу Абдикарим Алимкулов гитарист.

Музыка дүйнөсүнө аралашуу

Диларам Таштемирова: Менин бул өнөрүм бакчадан эле башталган. Патриот болуп, биринчи эле ырдайм деп чыга калчумун. Тайманбас, тартынбас болчумун.

8-классты аяктап, Ош педагогикалык окуу жайында окуп жүрүп, училищенин ансамблинде ырдап, барабанда да ойноп жүрдүм. Ансамблде мугалимдер, студенттер аралашып концерттерде гана ырдачубуз.

1986-жылы 18 жашымда ошол училищеден Украинанын борбору Киев шаарына фестивалга баргам. Кыргыз тилиндеги ырларды аткарып, «Лаванда» ырын даярдыксыз ырдап берсем, таң калышкан. Украиналыктар мени жылуу кабыл алышып, атүгүл өздөрүнүн ансамблине ырдап калууну да сунушташкан.

Ансамбль

Абдикарим Алимкулов: Мен аскерде жүрүп чыгармачылыктын изине түштүм десем болот. Аскерде бир хордо ырдап жүрдүм. Бизге чейин да айылыбызда «Кызыл өрүк» деген ансамбль болгон экен. Ойлонуп отуруп ушул ысымга токтолгонбуз. Жубайым менен бул ансамблди 1993-жылы түзүп, ырдап баштаганбыз. Негизи 1983-жылдан бери эле чыгармачылыкта жүрөбүз.

Аваз Жумабаев, ансамблдин урма аспапта ойногон мүчөсү: Бул адамдар менен искусствого аралашкандан бери эле таанышмын. Бири иним, бири келиним, той-маарекелерде катташып турабыз. Мен Союз маалында «Ак тилек», «Жаш тилек», «Миң кыял» деген топтордо ырдап жүрдүм. Ал үчүн мага жакшы жыгачтан болсо деле орден беришкен жок.

Кичине кезимде эле табак-чараларды ургулай берчүмүн. Ошентип бала чактан эле урма аспапта ойной баштагам. Азыр 55ке чыксам да, инилерим карытпай «Сиз жашсыз» деп топко кошуп, чыгармачылык менен өмүр сүрүп жатам.

Диларам Таштемирова комуз, урма аспап жана гитарада кол ойнотот

Чыгармачылык

Диларам Таштемирова: Ырга ышкың, кызыгууң жогору болсо, кыйынчылыкка карабайт экенсиң. Менин чыгармачылыгыма жардам берүүдө апамдын мээнети зор. Үйдө балдарымды апам карап бергени үчүн тойлорго кетчүмүн. Студент кезде да каражат жагынан жардам берип, колдоп турчу.

Музыкалык билимим жок, бирок баскычтуу музыкалык аспаптарда: гитарада, комузда, урма аспапта ойнойм.

Ушул маалга чейин кийинбегенимдин себеби музыкалык аппаратураларды сатып алганыбызда. Бир кемчилигин толуктасаң жаңысы чыгып калат.

Былтыр Орусиядагы Славянскта өтө турган фестивалга жолдомо алганбыз. Бирок акча тартыш болгондуктан бара албай калдык.

Топто мүчөлөрдү кармап туруу кыйын. Ошондуктан үй-бүлөлүк ансамбль түзүү идеясы жаралган

Абдикарим Алимкулов: Мурда тойлорго ГАЗ-53 унаасына аппараттарды жүктөп алып барчубуз. «Волга» машина бар, ошону менен эле ташыйбыз. Кээде «Портер» чакыртабыз.

Чынын айтыш керек, даярданып, кандайдыр бир көнүгүүлөрдү жасагоого убактыбыз жок. Тойго барып эле, дароо ойноп, ырдап кете беребиз (күлүп).

Үй-бүлө. Колдоо

Абдикарим Алимкулов: Ырчы аял алсамбы деп кыялданып койчумун. Бешенеме жазылган экен, Диларам менен баш кошуп калдык (жылмайып).

Тун уулум окууну бүттү. Биз менен бирге музыкалык аспаптарда ойноп жатат. Андан кийинки кызым Орусияда клиптерди тарттырып ырдап жүрөт. Балдарым ырчы болом дешсе каршы болбойм. Колумдан келсе колдоо көрсөтөм. Үч уул, үч кызым бар. Тун уулум аккордеон менен фортепианону окуп үйрөндү. Кичине уулум 10 жашта. Тойлорго барганда жубайым ырдап, а мен үн коштоп турам.

Диларам Таштемирова: Мени жолдошум «чык», «ырда» деп жатып ушул деңгээлге жеттим. Жолдошум — менин мугалимим, колдоочум, демөөрчүм, устатым жана тарбиячым. Аялдар алсыз болобуз, бул киши болбосо мен чыга албайт элем.

Өзү да үйдө отурган адам эмес. «Мени менен чогуу жүрүп ырда» деп колдоп келе жатат. Эч кандай кызгануу деген нерсе жок бизде. Тескерисинче ээрчитип алып ырдатып жүрөт. Менин жашоодогу бардык ийгиликтерим ушул кишиники (жолдошун көрсөтүп).

Абдикарим Алимкулов «Кызыл өрүк» ансамблинин жетекчиси. Ошондой эле жубайынын ырларына үн коштойт.

Келечек

Диларам Таштемирова: Бар тапканыбызды маданий борборубуздун (ресторан) курулуш иштерине жумшайбыз. Он жыл бою ушул имарат менен болуп, курулуш баштап, уста бактым. Эч ким мендей болуп он жыл бою уста бакпаса керек. Тажап кеткен күндөрүм деле болгон.

Биз жөнүндө уккан адамдар орусча эле ырдай беришет экен деп ойлошу мүмкүн. Кыргызча чыгармаларды деле ырдап жүрөбүз. Келечекте кыргыздын элдик ырларына басым жасасамбы деп ойлоном. Мындан сырткары, казакча, өзбекче жана тажикче да ырдайбыз. Азыр англисче окуп, ийримге барып жүрөм. Максатым — бул тилде эркин сүйлөп, эркин түшүнүп ырдоо.

Эми калган өмүрүмдү, убакытымды чыгармачылыгыма арнаймын деп тилек кылып атам. Бирок балдарымдын ырчы болушун каалабайм. Мен аябай кыйналбадымбы?!

Редакторлору: Гүлжан Эшбаева, Айсымбат Токоева
Сүрөттөр: Адилет Абдырасул уулу
Сүрөт жана видео редактор: Дастан Үмөтбай уулу