Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын «Россия-24» телеканалына маек куруп, Кыргызстандын ЕАЭБдеги ийгиликтери тууралуу, андан тышкары, ал 2040-жылы биримдикти кандай көрүүнү кыялданып атканын айтып берди. «Клооп» анын интервьюсундагы негизги билдирүүлөрдү баяндап берет.

2010-жылга чейин биз көп нерсени жоготтук, ылайыктуу мамлекеттик башкаруу системасын таба албадык, ошондуктан бизде эки революция болду. 2018-жылы биз өз өлкөбүздүн узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүү стратегиясын кабыл алдык. Бирок кийинки беш жылдык бизде өткөөл мезгил болот. Биз натыйжылуу мамбашкаруунун, коррупцияга каршы күрөштүн жана мамлекетик түзүмдөрдүн бизнеске кийлигишүүсүн азайтуунун эсебинен өнүгөбүз.

Мен алты жыл Ош облусунун губернатору, премьер-министр болуп иштегем, мен көйгөйлөрдү жеринен билем, теңдешсиздик кай жерде экенин билем. Биз өлкөнүн 20 шаарынын базасында «инвестициялык оазис» түзгүбүз келет. ЕАЭБге кошулууга каршы чыккандар биздин экономика Орусиянын, Казакстандын, Беларустун экономикасы менен атаандаша албайт дешкен. Андан тышкары, азык-түлүктүн баасы кымбаттап кетээрин айтышкан. Бирок бул туура чечим болгонун убакыт көрсөттү. Биримдикке кирген өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүү 16 пайызга, экспорт 26 пайызга, ал эми импорт 14 пайызга өскөн.

Владимир Путинге, ал дайыма бизди колдоп, көйгөйлөрүбүзгө көңүл буруп атканы үчүн ыраазымын. Биздин бардыгы [ЕАЭБ өлкөрүнүн президенттери] менен мамилебиз жакшы, мени жакын адам катары кабыл алышканына кубанычтамын. Башыбызда дайыма бизди бириктирген Орусия турат.

Кыргызстан менен Казакстандын элдери абдан жакын, дүйнөдө мындай элдер абдан аз. Бизге ЕАЭБде оор, биз туюк өлкөбүз. Бизге Беларустун, Орусиянын жана Казакстандын базарларына чыгуу кыйыныраак. Биз көптөгөн чакырым маршруттардан өтөбүз. Казакстан муну түшүнүп атат, жолугушуп атабыз. Азыр биздин мамилебиз жылуу. Кээде, жашырганда эмне, урушабыз, бирок дайыма тил табышабыз.

Кыргызстан Евразия экономикалык комиссиясына бардык керектүү ыйгарым укуктарды берүү үчүн чыгууда, себеби ал өлкөлөрдүн ортосунда товар ташууда жаралган көйгөйлөрдү чече алгыдай болушу керек. Биз үчүн бул пайдалуу, анткени биздин өлкө товарды Орусия менен Баларуска жеткирүүдө чектөөлөргө кабылып жатат. Казакстан боюнча ветеринардык көзөмөл маселеси гана калды.

Бизге инвестиция керек. Бизде ИДПнын көлөмү калктын жан башына 1200 доллар, ал эми Орусияда 29 миң доллар. Биз акыркы беш жылдан бери ушул деңгээлдебиз. Мен президент катары дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн инвестор издегенге аргасызмын, болбосо бизде өнүгүү болбой калат. Тоолуу райондордо жумуш жок, ошондуктан бизде миграция 700 миң. Айыл-чарба продукциясы экспортко чыкпайт. Мигранттар үйүнө кайтып келип иштеши үчүн Орусиянын акчасына жумуш ордуларын түзгүбүз келет.

Европа биримдигинин жетекчилиги жана каржы институттарынын лидерлери менен иштешүүдөбүз. Бизде калктын 50 пайызы таза суусуз отурат. Таза суу жок болсо экономика менен туризм кантип өнүкмөк эле? Биз бул маселелерди чечишибиз керек, ал үчүн гранттар жана инвестициялар керек. Бирок ЕАЭБ — биздин келечек, Орусия — биздин башкы стратегиялык өнөктөш жана шериктеш. Болгон, бар жана боло да берет. Бала бакчага барып өспүрүм менен орусча жана кыргызча сүйлөшүп көргүлө. Орус тилин билбеген баланы таппайсыңар. Кыргыз тилин билбеген баланы таба аласыңар.

Мен ЕАЭБ чек арасы жана чек арачылары жок, жарандары эркин басып, ар кандай кызматтарын эркин алган биримик болушун кыялданам. Биримдикке кирген ар бир өлкөнүн жарандарында ЕАБДин башка өлкөлөрүндөгүдөй эле бирдей укуктары болушу керек. Бирдиктүү валюта да болот, биз ага баратабыз. Президенттер келет-кетет, бирок элдери кала берет. ЕАЭБ кеңири болот. 2040-жылы биздин мамлекеттердин экономикасы АКШ, Жапония жана башкалардыкындай эле болуп калат.