ИИМ Жээнбековдун шайлоодогу «көмүскө чыгымдары» деп жарыяланган тизмени текшерет

Сүрөт: Даниль Усманов/Kloop.kg

Ички иштер министрлиги президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгү учурундагы «көмүскө чыгымдары» делип ачыкка чыккан тизмени тергөөгө чейинки текшерүүгө киришти.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова милиция Жээнбековдун шайлоо штабынан акча алышкан делген адамдардын тизмесин текшерип атканын «Клоопко» айтты. Тизмени мурдараак юрист Нурбек Токтакунов өзүнүн фейсбук барагына жарыялаган.

Ошондой эле Аманкулова КСДПнын штабынын эсепчиси жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө коркунуч жаралып-жаралбаганын текшерүү да уланып атканын кошумчалады. Эсепчинин өмүрүнө коркунуч жаралып аткандыгы тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына курган маегинде айткан.

ИИМдин маалыматына ылайык, КСДПнын штабынын эсепчиси Надира Сатыгулова Кыргызстандан 2018-жылдын 11-ноябрында, коомдук желеге Жээнбековдун шайлоодогу чыныгы чыгымдары болушу ыктымал документ жарыяланып кеткенге чейин төрт күн мурда чыгып кеткен.

Шайлоо штабынын «көмүскө кассасы» жөнүндө маалыматты юрист Нурбек Токтакунов ачыкка чыгарган. Документке ылайык, кампанияны уюштурууга кеткен чыгымдын суммасы расмий маалыматка салыштырмалуу он эсе жогору болгон. Мыйзам талапкердин өзүнүн шайлоо фондундагы акчалардан башка каражат булактарын колдонууга тыюу салат.

Кийинчерээк 25-ноябрда орусиялык саясий технолог Алексей Василивецкий Жээнбековдун штабында иштегенин жана «көмүскө кассанын» тизмесинде көрсөтүлгөн акчадан алганын мойнуна алган видео кайрылуу жарыялаган. Ал коркутуулар менен аңдуу болуп аткандыктан өлкөдөн чыгып кеткенин айткан.

Буга чейин, 19-ноябрда Атамбаев «Апрель» телеканалына курган маегинде ачыкка чыккан документтер «реалдуу» экенин айтып, документтин коомдук желеге чыгып кетишин жакын үзөңгүлөшү Икрамжан Илмияновдун камакка алынышы менен байланыштырган. Бирок Атамбаев бул документтин «реалдуулугун» тастыктаган эч бир далилдерди көрсөткөн эмес.

Андан тышкары, экс-президент КСДПнын эсепчиси «көмүскө касса» жөнүндө билгенин жана ал өз өмүрү үчүн корккондуктан чет өлкөгө кеткенин маалымдаган. Надира Сатыгул кызы көп жылдардан бери Атамбаевдин өзүнүн жана анын «Медиа Форум» ишканасынын эсепчиси болуп эмгектенген.

Ал эми президенттин администрациясынан чыгымдар боюнча маалыматты «фейк» деп аташып, ага карата комментарий берүүдөн баш тартышкан.

Токтакунов «көмүскө кассадагы» акчалардын көпчүлүгү шайлоочуларды сатып алууга кеткен деп эсептейт. Анын пикири боюнча, бул президентке импичмент жарыялоо үчүн негиз болуп бералат.

«Көмүскө чыгым» тууралуу кененирээк: Жээнбековдун шайлоо штабындагы 24 млн долларлык «көмүскө чыгым» боюнча маалымат тарады. Ага ишенсе болобу?