ЖМК: Кыргыз депутатынын иниси Кытайда камакка алынды

Иллюстративдик сүрөт

Radio Free Asia басылмасы билдиргендей, Жогорку Кеңештин депутаты Адыл Жунус уулунун иниси Аскар Жунус Шинжаң аймагында камакка алынган. Ал эми депутат өзү бир тууганын кармалышы боюнча үн ката элек.

Басылманын журналисттери маалымдашкандай, Жунус октябрдын аягында камакка алынган — бул тууралуу аларга жашыруун шарты менен анын Шинжаңдагы социалдык илимдер академиясындагы кесиптеши кабарлаган. Жунустун көрүнбөй кетишин «анын кандайдыр бир көйгөйлөрү» бар экендиги менен түшүндүрүшкөн.

Басылманын Коомдук тартип департаментиндеги башка маалымат булагы да Жунустун камакка алынганын жашыруун шарты менен тастыктап, бирок кармоого эмне себеп болгонун так айткан эмес.

Учурда АКШда жашап аткан куугунтуктагы уйгур активисти Тахир Хамут Жунус «эки жүздүү аткаминер» болгондугунан улам камакка алынган деп эсептейт. Кытайдын бийлиги Коммунисттик партияга колдоо көрсөткөндөрдү, бирок мамлекеттин этникалык топко карата расмий саясатын жактабагандарды «эки жүздүү аткаминер» деп аташат.

Аскар Жунус — 49 жаштагы этникалык кыргыз. Ал соңку 26 жылда этникалык кыргыздар боюнча аймактын жана Борбор Азиянын тарыхын изилдеп аткан. Жунус өз эмгек жолунда кыргыз элинин XIX кылымдагы жашоосу жана турмушу тууралуу 40 чукул, анын ичинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелери тууралуу эмгектерин жарыялаган.

Eurasia.net басылмасына эки маалымат булагы Адыл Жунус уулу аларга иниси кармалганын тастыктап бергенин маалымдашкан. Депутат өзү Кытайдын Кулжа шаарында төрөлгөн. 1987-жылы ал Шинжаң университетинин география факультетин бүтүргөн.

Кыргызстандыктардын кайрылуулары

Соңку бир нече күндөн бери кыргызстандыктар тарбиялоочу лагерлеринде болушу мүмкүн туугандарынын тагдырларына таасир этип, көңүл бурууну талап кылып бийликке көп кайрыла башташты.

Алардын ичинен көпчүлүгү бир нече жыл мурда Шинжаңга кеткен туугандары менен байланыша албай жатышканына арызданышкан. Кыргызстандын ТИМнен билдиришкендей, коңшу өлкөдө кармалган кыргызстандыктар жөнүндө маалымат текшерилүүдө.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму 9-сентябрда Шинжаңдагы уйгурдардын абалы тууралуу, андан тышкары, Кытай бийлигинин аймактын этникалык калкына карата куугунтугу жөнүндө баяндама чыгарган.

Укук коргоочулардын маалыматына ылайык, миллиондогон адам дайыма көзөмөлдө турат, алардын социалдык жигердүүлүгүн балл боюнча баалашат, ал эми бүткүл аймакка жүз миңдеген адам кармалчу кайра тарбиялоо лагерлери курулган.