Иллюстративдик сүрөт. «Азаттык» радиосу

24-нояюрь күнү кечинде Бишкектин түштүк бөлүгүндө таксист автоунаанын арткы отургучунда бир кызды зордуктоого аракет жасаган. Кыз кыйкырып, машинадан чыгып кетүүгө аракет кылса да ал чыгарбай койгон. Жабырлануучу таксинин эшигин ошол жерде өтүп бара жаткан күбөлөр ачышкан соң гана сыртка чыга алган. Ошол эле учурда күбөлөр окуяны телефондун камерасына тартып алышып, андан кийин видео инстаграмдагы белгилүү OMKS аккаунтунда пайда болгон.

Видеонун ачыкка чыгышы бул окуяга көңүл бурууга жардам берип, аталган таксисттин  — зордуктоо аракети жөнүндө билдиришкен — дагы эки курмандыгы табылган. Бул маалыматтардан кийин милиция айдоочуну кармап, ага зордуктоо аракети боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бирок бишкектик таксисттердин ыдыгына байланыштуу болгон бул үч жагдай соңку айда айда жүз берген жалгыз эле учур эмес.

Дагы бир окуя 1-декабрда катталган. Анда «СМС таксинин» айдоочусу жүргүнчүсүнө «оралдык секске кандай карайсың?» деген суроо менен телефондон кат жөнөткөн.

«Карындашым чалып, эшикке чыга калчы деп калды. Мен бир нерсени көтөрүшүш керек го деп ойлогом. Кийинип чыгып аларды подъездден жолуктурдум. Ал мага телефонун сунуп, таксист ага бул смсти жөнөткөнүн айтып көрсөттү», — деп жазган өзүнүн фейсбук барагында кыздын агасы Эрик Абдыкалыков.

Абдыкалыковдун айтымында, айдоочудан түшүндүрмө алууга аракет жасаган, бирок ал «уялбастан алдаган»: «Ал күтүү учурунда башка таксидеги балдар анын номеринен смс жөнөтүп коюшуптур деп актанып, анын аялы жана балдары бар экенин айта баштады».

Абдыкалыковдун постунан кийин коомдук резонанс көйгөй жөнүндө унутпоого жардам берип, ал милицияга арыз бергени менен «акырына чейин» такси кызматынын жетекчилигинен реакция күткөн.

Милиция жүргүнчүсүнө СМС жөнөткөн айдоочуну 4-декабрда кармаган. Бишкек милициясынын маалыматына ылайык, анын аракети «майда бейбаштык» беренесине туш келет — бул үчүн ага штраф салынат же болбосо бир нече суткага эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ал эми айыпталуучунун өзү кардарына СМСти катачылык менен жөнөтүп алганын билдирген. Ал достору менен жазышып атып, СМСти жүргүнчүсүнө байкабай жөнөтүп алганын айткан.

«СМС таксинин» өкүлү Нурбек Карагулов компания азырынча бул окуяга комментарий бере албасын «Клооптун» журналистине айтты. «Азыр тергөө иш-чаралары өтүп атат. Ал чындыгында эле [айдоочу] күнөөлүү экени аныкталаары менен комментарий да болот», — деди ал.

Таксиде кантип коопсуз жүрүүгө болот?

Юрист Эдил Эралиев жүргүнчүлөргө жакындарын таксиде бара турган жерлери жөнүндө: кайсы такси кызматы жеткирип бара жатканын, автоунаа кандай экенин, анын мамлекеттик номерин жана жол жүрүүнүн маршрутун эскертип турууну кеңеш кылат.

«Эгер адам айдоочунун реакциясынан жаман бир нерсени ойлоп атканын сезип, адепсиз аракеттерди жасай баштаса жакындарга жазып, андан кийин бардыгын видео жана аудиого жаздырып, биринчи мүмкүнчүлүк болоору менен машинадан чыгып кетиши керек. Мунун бардыгы сиз милицияга талашсыз далилдери келтирип бере алышыңыз үчүн керек», — деди юрист.

Анын айтымында, Кыргызстандын мыйзамдарында «ыдыктын» аныктамасы жана тийиштүү берене жок. Бирок зордукчуну аталган беренеге окшош «Коркутуу аркылуу адамды жыныстык катнашка же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоого мажбурлоо» беренеси боюнча жоопкерчиликке тартууга болот.

Бишкекте таксомотордук компаниялардын көпчүлүгү «Клооптун» журналисттери менен таксисттердин ыдыгы боюнча темасында сүйлөшө алган жок. Айрым такси кызматтары комментарий берүүдөн баш тартышса, башкалары жөн гана сурамдарга жооп беришкен жок. Болгону ири «Намба такси» компаниясынын менежери Ксения Тимофеева менен гана маектешүүгө мүмкүн болду.

Анын айтымында, мындай жагдайларды минималдаштыруу үчүн компаниялар айдоочуларды жумушка алууда машинага ээлик кылуу жөнүндө документтерден түп нускасын, айдоочулук күбөлүктүн мыйзамдуулугун, патентти жана жүргүнчүлөрдү камсыздандырган документтерди текшеришет.

«Өзүнүн машинасы бар айдоочулар компания менен бир нече келишим түзүшөт. Ал жакта чындыгында эле ошол адамдын жашоосу жөнүндө айрым иликтөө жүрөт. Биз соттолбогондугу тууралуу жана психдиспансерден аныктама сурайбыз», — деди менежер.

Ал аңгемелешүү баскычында айдоочуга эрежелер, андан тышкары кардарларга кандай мамиле кылуу керектиги түшүндүрүлөөрүн кошумчалады.

«Биз айдоочуга кардары кыйкырына баштаса да унаа башкарып бара жатканын жана ал өзүн талаптагыдай алып жүрүшү керектигин түшүндүрөбүз. Эгер адам бизге туура келбесин көрүп аткан болсок, анда аны менен келишим түзүүдөн баш тартабыз», — деди Тимофеева.

Тимофеева көчөдөгү чоочун айдоочуларга отурбай, таксини диспетчер аркылуу гана чакыруу керектигин кеңеш кылат. «Эгер айдоочу эреже бузган болсо, биз анын маалыматын базага киргизебиз. Атүгүл ал жумушка бир же эки жылдан кийин келсе да, биз аны эмнеге бошотконубузду текшере алабыз», — деди ал.

Менежердин айтымында, Кыргызстанда жүргүнчү ташуучу компаниялардын ортосунда «кара тизме» жок, бирок бул идея компания башчыларынын ортосунда талкууланган. «Бизде бардыгы өзүнүн жеке маалыматын сакташат. Тилекке каршы жалпы база жок. Эгер ал болсо жакшы эле болгудай», — деди ал.

Эмне үчүн такси кызматтары реакция кылышы керек?

Себеби мындай нерсеге ар бир кардар туш болушу мүмкүн. Кээде таксистте кардардын номери, эгер жүргүнчү бара турган жерин айтып койсо дареги да калып калат.

Албетте, ар бир эле таксист жүргүнчүсү үчүн коркунуч эмес. Бирок ошондой болсо да адамдын жеке маалыматы жогоруда жабыркаган кыздар туш болгондой адепсиз СМС жөнөтүү максатында гана эмес, мессенжерлер аркылуу харассменттин башка түрлөрүнө да пайдаланылышы мүмкүн, себеби көптөгөн адамдар телефон номерлерин WhatsApp же Telegramга байлап коюшат. Андай учурда арам ойлуулар бир гана тексттик билдирүү жөнөтпөстөн, сүрөт жана видеолорду да жөнөтө алат.

Андан тышкары, ыдык башка бир олуттуу нерсеге өөрчүп кетиши мүмкүн, мисалы, сталкиңге, бир адамдын башка адамдын артынан калбай аңдуусуна. Бул тууралуу ачык айтылбайт, ал эми мыйзамда аңдуу үчүн эч кандай жаза каралган эмес.

Коомчулуктун мындай жагдайларды иликтөөгө жардам бергенине карабастан, аялдардын бардыгы эле башынан өткөргөндөн кийин милицияга кайрыла беришпейт.

2016-жылы Ысык-Көлдө таксисттин аялды зордуктаганы эң эле чуулгандуу окуялардын бири болуп калган. Кылмыш 2016-жылы 29-июлда жүргүнчү аял беш жашар баласы менен Балыкчыдан Бишкекти көздөй келе жатканда болгон. Анын айтымында, ал таксиге отуруп, айдоочудан шаардын борборуна жеткирүүнү суранган. Бирок таксист маршрутту өзгөртүп, аларды тоо тарапка алып кетип калган.

Шаардын чет жакасынан айдоочу унааны токтотуп, аялды күчкө салып жарды көздөй сүйрөп барып, кылмыш жасаган. Ошондон кийин жабыркаган аял дароо эле милицияга кайрылып, эртеси күнү кылмышкер кармалган. Бир нече айдан кийин сот аны үч жылга кесип, андан соң бөгөт чараны 8 жыл эркинен ажыратууга чейин күчөткөн.