Кыргызстандагы эмдөө. Сүрөт: ЮНИСЕФ

Саламаттык сактоо министрлиги ата-энелер балдарын эмдөөгө милдеттендирген мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун аракетинде. Азыр эмдөөдөн баш тартууга вакцинанын сапатына болгон күмөн саноолор, эмдөөдөн кийинки терс таасирлер, андан тышкары, диний көз караштар эң эле кеңири жайылып кеткен.

Бактыяр 29 жашта, ал Ошто жашайт жана үч баланы тарбиялайт. Анын кызы үч айда, ортончу баласы бир жашта, ал эми улуу баласы беш жарым жашка чыгып калган. 

Бактыяр балдарын эмдетүүдөн баш тарткан, себеби вакцинанын сапатына ишенбейт. Анын айтымында, алар эмнеден жасалаарын билбейт.

«Врачтар чындыгында [вакцинанын курамын] өздөрү билишпейт. Бирок аны эмдегиле деген буйрукту беришкени үчүн эле жасашат. Ошон үчүн мен врачтар менен дайыма урушуп кетем», — деди ал «Клооптун» кабарчысына.

Бактыяр оорубаган дени сак баланы эмдеп кереги жок деп ишенет.

«Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө эмдөө дээрлик жүргүзүлбөйт. Бүгүнкү күнгө чейин [балдарым] оорушкан эмес», — деп түшүнүрдү ал.

Ал кошумчалагандай, балдарын эмдетүүдөн баш тарткандыгынын себеби диний көз караштар менен байланыштуу эмес.

«Кайсы бир жактан вирус алып келип, дени сак балага сайышат. Өзүңөр билгендей эле, бала үч күн кыйналып, эмдөөдөн кийин денесинин табы көтөрүлүп кетет. Баланы антип кыйноонун эмне кереги бар?» — деп эсептейт ал.

Бирок ошентсе да анын улуу баласы эмдөөдөн өткөн. Анткени ал эмдөө керек деп эсептеген чоң энеси менен чоң атасынын колунда өсүп чоңойгон.

Бирок Бактыяр бул көз карашты жактагандардын ичинен жалгыз эле эмес. Кыргызстан боюнча миңдеген ата-эне балдарын эмдеткиси келбейт? Эмнеге?

Вакцинанын курамындагы сымап

Эң эле кеңири жайылган баш тартуулардын бири — бул вакцинанын сапатынан күмөн саноо. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин 2018-жылы Кыргызстандын калкын иммундаштыруу боюнча баяндамысында айтылат. Баяндамага ылайык, сурамжылоого алынган ата-энелер «ар кандай булактардын маалыматына» таянып, вакциналардын начар сапаты жөнүндө божомолдорун айтышкан.

Мисалы, алардын айрымдары вакцинанын курамындагы сымаптан улам эмдөөдөн кооптонушкан, анткени ал ден соолукка зыян.

Бирок иммунолог Гүлнара Жумагулова мындай доза ден соолукка зыян тийгизе албайт деп түшүндүрдү. «Ал адам бир суткада тамак-аш жана аба менен алган сымаптын өлчөмүнөн ашпайт», — деп айтылат анын отчётунда.

Баш тартуу үчүн көп айтылган дагы бир жаңылыштык — бул эмдөө балага зыян тийгизип, оор кесепеттерге алып келет деп эсептөө.

Бирок вратар вакцинанын бардыгы бир нече жолку текшерүүдөн өтөт, ал эми бала кыйналып атканы байкалса, мисалы, температурасы жогору болсо, анда бул эки же үч күндүн ичинде өтүп кетет. Демек бул кадимкидей эле реакция деп айтышууда.

«Вакцинанын өзүнө караганда [эмдөө алдын ала тура алган] оорудан улам кыйла эле олуттуу жабыркап калуу мүмкүндүгү жогору. Мисалы, полиомиелит параличке алып келиши мүмкүн», — деп айтылат ЮНИСЕФтин баяндамасында.

«Балдарды диний көз караштардан улам эмдетүүдөн баш тарткам»

Баш тартуу үчүн дагы бир себеп — бул айрым үй-бүлөлөрдөгү диний көз караштар.

Сезим (аты өзгөртүлдү) 27 жашта. Ал Жалал-Абадда төрөлүп, турмушка чыккандан кийин Баткен облусуна көчүп кеткен. Сезим эки баланын энеси — кичүүсү үч жашта, ал эми улуусу беш жашта.

Анын айтымында, кайын атасы абдан каардуу жана диний адам болчу. Ал Сезимге кош бойлуу кезинде да УЗИге барууга жана врачтарга кайрылууга тыюу салган.

«Мисалы, жада калса дары ичүүгө жана эмдөө алууга уруксат берчү эмес. Бул туура эмес деп айтчу. Ошондуктан күйөөм экөөбүз балдарды эмдетчү эмеспиз», — деп айтып берди Сезим.

Ал кайын атасынан корккондуктан эмне үчүн балдарды эмдетүүгө болбойт экенин да сурай алган эмес. Андан тышкары, кайын атасынын айтканы канчалык туура же туура эместигин да жергиликтүү имамдардан сурай алган эмес. Бирок азыр Сезим ал исламдын эрежелерин үстүртөдөн эле билген деп эсептейт.

«Бизди фельдшердик акушердик бөлүмгө чакырышкан, бирок кайын атам бизди үйдөн эч жакка чыгарчу эмес. Ошондуктан алар өздөрү келишкен», — дейт ал.

Медициналык кызматтарды алуудан тышкары, кайын атасы айрым кийимдер менен тамак-ашка да тыюу салган. Сезим мындан ары чыдабасын чечип, күйөөсү менен ажырашып, балдарын алып ата-энесинин үйүнө кетип калган.

Учурда анын балдары бүгүнкү күнгө чейин керектүү эмдөөдөн өтүшө элек. Бирок Сезим аларга кандайдыр бир ийнелер сайылганын айтууда. Ал диний көз караштарга карабастан балдарды эмдетүү керек деп эсептейт. Анын айтымында, кээде балдар оорушат жана алардын ден соолугу «алсыз».

Айрым дин туткан адамдар вакцинанын курамына «чочконун майы» кошулат деп ишенишет жана ошондон улам эмдөөдөн баш тартышат.

Бишкектин иммунопрофилактика борборунун жетекчисинин орун басары Нарынгүл Орозакунова Кыргызстан Дүйнөлүк ден соолук уюму жактырган вакцинаны алаарын «Клооптун» кабарчысына түшүндүрүп берди. Ушундай эле вакцинаны дүйнөнүн дагы 126 өлкөсү алат.

«Бардыгыбыздын эле вакциналарыбыз окшош, анын ичинде Сауд Арабиясы да бар. Эгер курамында чынында эле “чочконун майы” болсо алар деле баш тартып коюшмак да», — деди Орозакунова.

Дин таануучу Маметбек Мырзабаев да эмдөө керектигин колдоду.

«Бул дарылануу, ал эми ислам дарыланууга тыюу салбайт. Ооруларды алдын алуу керек, профилактика керек. Дин аалымдары эмдөө өткөрүш керек деп айтышкан мусулман өлкөлөрү бар. Мисалы, Малайзияда, Түркияда бул кеңири колдонулат», — деди ал.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова эмдөө жөнүндө мыйзам Кыргызстанда 2001-жылдан бери иштээрин, бирок ага бир нече жолу өзгөртүүлөр киргизилгенин «Клооптун» кабрчысына түшүндүрүп берди.

«Мыйзамдын текстинде ата-энелер [эмдөөдөн] баш тарта алышат деген пункт айтылган. Эми биз аны милдеттүү кылганы атабыз», — деди Ишенапысова.

Эмдөө жөнүндө мыйзамда ата-энелер эмдетүүдөн өз эрки менен эле баш тарта алышаары жазылган. Бирок бала ооруп кала турган болсо жоопкерчиликти врач эмес, өздөрү тартышат деп көрсөтүлгөн.

2016-жылы Кыргызстанда балдарын эмдетүүдөн 4,6 миңден ашуун киши баш тарткан. Алардын ичинен 3,7 миңден ашууну баш тартууга диний көз караштар себеп болгонун айтышса, башкалары эмдөөнүн коопсуздугунан күмөн санап коюшкан.

2017-жылы баш тарткандардын саны дээрлик сегиз миң адамга чейин өсүп кеткен. Ошол эле маалда бир жарым миңден ашууну вакцинанын коопсуздугуна ишенишпегенин, ал эми дээрлик 5,5 миңи диний көш караштардан улам экенин айтышкан.

2018-жылдын тогуз айынын маалыматына ылайык, эмдөөдөн алты миңден ашуун адам баш тартып койгон. Бирок адистер азырынча баш тартууларга эмне себеп болгонун ачыктай элек.

Авторлошу: Айзирек Абдилазиз кызы