Транспорт министринин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалды

Азимкан Жусубалиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Антикоррупциялык кызматы (АКС) Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевди аты аталбаган чет элдик компаниядан 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармады. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, буга чейин аткаминер 120 миң доллар алып койгон.

УКМКнын кызматкерлери Жусубалиевди 5-декабрда кармашты. Мамкомитет аткаминерге 50 миң доллар берген фирманын атын ачыктаган жок.

Мекеменин маалыматына ылайык, кармалган транспорт министринин орун басары чет элдик компанияга алардын кызыкчылыктарын сүрөмөлөп, «Түндүк — Түштүк» альтернативалуу жолунун курулушу боюнча тендерде жеңишти камсыздап берүүнү убада кылган.

Атайын кызмат Жусубалиев колдоо көрсөтүүнү 520 миң долларга баалаганын аныктаган. Бул акчанын бир бөлүгүн, тагыраагы 120 миң долларды министрдин орун басары өзүнүн ортомчу туугандары аркылуу алып койгон. Алардын баары кармалып, тергөө изоляторуна киргизилди.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан Жусубалиевдин кармалышы боюнча маалыматты «Клоопко» тастыкташты. «Ооба ал кармалды. Тергөө амалдары жүрүп атат. Бирок азыр тергөө басым болбошу үчүн кандайдыр бир маалымат бере албайбыз», — деп айтышты ведомстводон.

Азимкан Жусубалиев министрдин орун басарлык кызматын 2017-жылдын февралынан бери аркалап келет. Буга чейин ал өкмөттүк аппаратта, президенттик аппаратта жана Ош шаарынын муниципиалдык кызматтарында ар кандай кызматтарды аркалаган.

«Түндүк — Түштүк» автожолунун курулушу — Кыргызстандын эң кымбат транспорттук долбоору. Транспорт министрлигинин баасы боюнча, курулуштун жалпы өлчөмү 850 млн долларды түзөт. Жаңы жол Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарын байланыштырып, региондор ортосундагы транзиттин убактысын кыскартат.

Жолду 2020-жылы бүтүрүү пландалууда.