Кендин ачылышына каршы чыккан тургундар

Кадамжай районундагы Майдан айыл аймагынын тургундары алты жылдан бери Шамбесай кенин иштетүүгө каршы чыгып келишет. Алар алтын өндүрүүдө колдонулган цианид киши саламаттыгына, мал-жандыкка зыян келтирип, экологияны булгашы мүмкүн деп кооптонушат. Инвесторлор менен элеттиктердин бир нече жылга созулган пикир келишпестигинин чоо-жайын «Клооптун» кабарчысы Самара Алимбекова угуп кайтты.

«Шамбесай»

Шамбесай кени Кадамжай шаарынын чыгыш тарабында 70 километр алыста жайгашкан. Алтын кенине Кадамжай районунун 14 миңге жакын калкы бар Майдан айыл аймагы чектеш турат. Тургундардын айтымында, айрым турак-жайлар менен кендин ортосунда 50 метрдей гана аралык бар. Андан тышкары алтын тоолордун ичинде өндүрүлүп жаткандыктан, тургундар ал жерден агып өткөн Исфайрам дарыясына зыяндуу заттар кошулуп кетет деп чочулап жатышат. Ал эми бул суудан пайдалангандардын саны 150 миңдей кишини түзсө, алардын 70 пайыздайы өзбекстандыктар болуп эсептелет.

Шамбесайдагы алтындын кору 7,8 тоннаны түзөт. Аны чалгындоо иштери 2006-жылы башталып, алтындын кени 2007-жылы табылган. Ал эми кенди иштетүү боюнча лицензия 2012-жылы алынган. Муну башынан бери австралиялык «Z-Explorer» (Зет Эксплорер) компаниясы жасап келүүдө.

Андан бери компания жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда тургундар менен жолугушуп, бир нече жолу коомдук угууларды жана түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Ага карабастан алтын өндүрүүгө нааразы болгон жашоочулар жыл сайын митингге чыгышып, Ош-Баткен жолун убактылуу жапканга чейин барышкан. Эл менен компания өкүлдөрү ымалага келе албай жатышкандыктан «Шамбесай» алтын өндүрүү долбоору башталбай келет. Акыркы тирешүү 2018-жылдын октябрынын аягында орун алып, анда тынчтыкты орнотуу үчүн укук коргоо органдары тартылган.

Майдан айылы

Айылдыктарды түйшөлткөн алтын кени

Майдандын тургундары кенди изилдөө иштери башталгандан тарта мал-жандыктары кырылып жатканын айтууда. Айрымдары «мутант» козу туулган учурлар болгонун билдиришти. Мындан улам майдандыктар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө да, компаниянын кызматкерлерине да кайрылышып, бирок түзүгүрөөк жооп ала албай айласы кетиптир.

Саила Караева

«Кенди изилдөө иштери башталганда тогуз коюм бар эле. Чалгындоо жүрүп жатканда ошол аймакта чөп отоп жүрүп чуңкурдагы жытка ууланып баары өлүп калды. Малдын терисин сыйрыганда кыпкызыл түскө боёлуп калыптыр, ошондо залал тийгенин билдим. Кадимки оорубаган малдын териси көгүш болот да. Малдар төлдөбөй калды», — деп кейиди Саила Караева.

Элдин бир нече жылдан берки каршы пикирине аткаминерлердин «көңүл кош мамилеси» Караеваны өкүндүрөт: «Байма-бай митингге чыгабыз. Милициялар болсо кемпирлердин колдорун кайрып, чет өлкөлүк компаниянын кызыкчылыгын сүйрөп жатат, элди коргогон, ойлогон эч ким жок. Эл аралык уюмдарга кайрылыш керек болуп калды».

Муса Армаматов

Айыл аксакалы Муса Армаматов бир күндө 23 баш малын жоготкон. Ал компания өкүлдөрүнө малдын өлүмүнүн себебин билип берүү суранычы менен кайрылганда, «Кыргызстанда андай лаборатория жок» деген жооп алган экен.

«Бардык жерге кайрылдык, биздин үнүбүздү уккан эч ким жок. Исфайрам дарыясынан 200 куб суу агат: 50 кубун Кыргызстан, 150 кубун Өзбекстан ичет. Эгер үнүбүздү эч ким укпаса, коңшу мамлекеттерден жардам сурашка даярбыз», — деди 85 жаштагы аксакал.

Айыл эли мал-жандык жана багбанчылык менен тиричилик кылышат. Экология булганса кантип жан багышаарын элеттиктер азырынча элестете алышпайт.

Самат Бекалиев

57 жаштагы Самат Бекалиев Майдан тоолорунда 17 жыл кой кайтарып иштеген. Ал Шамбесай кенинин долбоору коомдук талкууга коюлганда сел жүрүү коркунучу бар болгондугун айтканы менен анын пикири көмүскөдө калып кеткен экен.

«Ошко барсак долбоорду Өмүр аттуу жигит чийип койгон экен. Ошол коомдук талкууда бул жерден сел түшөт деп айтсам, зоо астынан канал кылып коёбуз дешти. Каналга дайыма таш толуп кала бергенин ал адам акылы менен туюш керек эле, — деп нааразы болду Бекалиев. — 2011-2012-жылдары кайтарган койлорумдун арасында бир мутант козу туулган. Бир көздүү пешенесинде пилдин мурдуна окшош өсүндүcү бар эле. Эки ай гана жашап өлүп калган. Мутант көргөнүбүздөн кийин аларды [компания өкүлдөрүн] Шамбесайдан кубалап жатабыз».

Шамбесайда чалгындоо иштери жүргөн мезгилде «мутант» мал-жандык туулган учур катталганын жергиликтүү ветеринар Мамат Маматсултанов да тастыктады. Аны изилдөө иштеринен кийин көмүлбөй калып кеткен карьерлерден мал суу ичип, оттоп жүргөнү менен байланыштырат.

«2012-жылдары компания казуу иштеринен кийин чуңкурларды ачык таштап кеткен. Учурда андай мутант мал туулган факт каттала элек. Канча кожолук жашайт, канча адам дарыядан суу ичет. Менин оюмча кен ачылса малдын гана эмес элдин да саламаттыгына зыян тийгизет», — деди ал.

Жанбото Отонбаев

Майдандык карыялардын бири Жанбото Отонбаев кенден 800 метр алыстыкта жашайт. Ал чалгындоо иштери жүрүп жатканда казылган чуңкурлардан жагымсыз жыт келип турганын белгилейт. Ошонун айынан да тургундар ооруп, балдар майып төрөлүп жатышканын айтат.

«1945-жылы туулган Абдилазиз Эрмеков кен жайгашкан тараптагы жайытка мал айдап чыккан. Кийин үйүнө келип “далым такашып жатат, мени сыртка алып чыккыла” деген бойдон жан берди. Дагы бир тургун Ибрагим Акимов 2015-жылы кыздуу болгон. Ал майып төрөлгөн. Үч жашка чейин баскан эмес. Ата-энеси бир канча жолу айыктырууга аракет кылганына карбай үч ай мурун чарчап калды», — деген аксакал элдин акыркы үмүтү өлкө башчысында экенин белгиледи.

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймактык жалпы дарыгерлер борборунун директору Рустам Дадабаев Шамбесай кенинин таасиринен ден соолугу начарлап кайрылгандар каттала электигин билдирди. Ал дарыгерлер тобу жер-жерлерге барышып, жыл ичинде төрт жолу элдин саламаттыгын текшерип турушаарын кошумчалады: «Өзүнүн оорусу, кан басымдын жогорулашы, баш оору, менен кайрылышат. Азыркы убакта кенге даттанып кайрылгандар жок. Адамдын саламаттыгына тийгизген таасири кен ачылгандан кийин байкалат».

Алдап кол койдурганбы?

Жыйырмага жакын тургун кенди иштетүүгө макулдугун берген кагазга алдануу жолу менен кол коюшканын айтышууда. Алардын бири Бектур Азимжанов* бала бакчанын атын өзгөртүүгө кол койгонун, кенди иштетүүгө ыраазычылыгын бербегенин билдирди.

*Аты-жөнү өзгөртүлдү

«Бизге Курбан, Амбар, Тазагүл дегендер келишкен. Бала бакчанын атын өзгөртөбүз дешкен. Бирок биз алтын өндүрүлсүн деп кол койгон эмеспиз. Мен кендин ачылышына каршымын. Бизди элден чыккан эле бирөө алдап жүрөт. Алар элди алдаганы үчүн жооп бериши керек», — деди ал.

Элдин колун чогулткандарга интервью алуу максатында чалганыбызда жооп берүүдөн баш тартып коюшту.

Айтибек Төрөкелдиев

Майдан айылынын депутаты Айтибек Төрөкелдиев тургундардын дээрлик баары кендин иштетилүүсүнө каршы дейт. Ал кол чогултуу фактысы катталганын ырастап, бир кишинин макул болгону элеттиктердин бардыгынын оюн билдирбейт деп эсептейт.

«Биз баарыбыз каршыбыз. Айылдык кеңеште [митингди] Турсунай аттуу аял уюштуруп жатат деп жатышат. Биз Турсунай үчүн жашабайбыз. Ар ким өзү үчүн жашайт. Анткени Исфайрам дарыясынан суу ичкен ар бир адам кендин ачылышына каршы. Ата-бабадан калган таза жаратылышты келечек урпактарга калтырабыз деген ниеттебиз», — деп сөзүн жыйынтыктады

Экспертизанын жыйынтыгы кийинки кадамдарды аныктайт

Жанибек Исаков. Сүрөт: Акипресс

Кадамжай районунун акими Жанибек Исаков тургундар 2012-жылдан баштап кенди иштетүүгө нааразы болуп келишкени туурасында кабардар. Анын негизги себебин карьерлердин (кен казылып алгандан кийин пайда болгон чуңкур) турак-жайларга жакын жайгашканы менен түшүндүрүүдө.

«Биз кытайлык компанияга алтынды ачык ыкма менен эмес, шахта жолу менен алгыла деп айтканбыз. Бирок кендин жайгашкан тереңдиги 60 метр экен. Бул жерде шахта түрүндө казып алууга технологиялык процесс жол бербейт дешти. Ошондуктан компания бул жолдон баш тартууда. Биздин милдетке элге түшүндүрүп айтыш кирет. Корутундуну тиешелүү мамлекеттик органдар берет. Эгерде зыяндуу болсо, аны четтетүү боюнча адистер өздөрүнүн сунуштарын берет. Анан компания карап чыгат. Анын аткарылышы мыйзамдын негизинде каралып, мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт», — деп сөзүн жыйынтыктады Исаков.

Абиш Халмурзаев. Сүрөт: Акипресс

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев өкмөт элдин кызыкчылыгын коргоп жатканын айтат. Ал тургундардын каршы болуп турганда кен ачылбайт деп ишендирүүдө.

«Элдин талабы — экология бузулбашы зарыл, сууга цианит түшпөшү керек. Компания өкүлдөрү кантип алтын өндүргөнүн көрсөтүү үчүн элди чакырган. Тургундар компания өкүлдөрүнө түшүндүрүп берүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок. Компания менен эл сүйлөшүшү керек да. Булар иш ордун түзүп, бул жерге мектеп, оорукана куруп, жолдорду тазалап, таза суу алып келип беребиз дешкен. Үлгү алынган. Экспертизанын жыйынтыгына жараша кийинки кадамдар белгилүү болот деп ойлойм», — деди өкмөттүн өкүлү.

«Комплекстин сыртына зыяндуу заттар чыкпайт»

«Клооптун» журналисттеринин алтын кенин иштетүүгө лицензия алган «Зет Эксплорер» компаниясынын расмий өкүлдөрүнөн интервью алууга кылган аракетинен майнап чыккан жок.

«Шамбесай» долбоорунун сайтындагы көп берилген суроолор бөлүмүндө төмөнкүдөй айтылат:

«Шамбесай» долбоору үчүн цианиддин суюк эритмесин колдонуу менен үймөктөп жана чанда шакардоо ыкмалары сунушталууда. Аталган алтын өндүрүү ыкмасы айлана-чөйрө жана адамдар үчүн бирден бир текшерүүдөн өткөн жана эң коопсуз ыкма болуп саналат. Башка ыкмаларга салыштырмалуу үймөктөп жана чанда шакардоо азыраак тобокелдиктер менен мүнөздөлөт, анткени куюп коймо калдыктарды сактоочу жайдын курулуусун талап кылбайт жана ал региондун сейсмикалык активдүүлүгү жогору экенин эске алганда абдан маанилүү.

[...] Кайра иштетүү комплекстин аянтынан Исфайрам дарыясына кандайдыр бир заттардын чыгып кетүүсүн алдын алуу үчүн Компания бардык тиешелүү чараларды ишке ашырат. Кайра иштетүү комплекстин долбоорунда сууну туюк мерчимде иштетүү каралган жана ага ылайык суу тынымсыз түрдө өндүрүштүк максатта улам иштетилип турат жана кендин сыртына агып чыкпайт. Ошондуктан комплекстин сыртына зыяндуу заттар чыкпайт. Суу туюк мерчимде кайра иштетилип, комплекстин сыртына агып чыкпайт жана жер үстүндөгү суулардын нугун буруу боюнча коргоо чаралары каралат. Долбоорго ылайык кайра иштетүү комплекстин тегерегине коргоочу каналдар жана дамбалар салынат. Химиялык эритмелердин тышка жылжып куюлуп кетүүсүн алдын алуу үчүн үймөктөп шакардоо аянтынын астына суу өткөрбөгөн эки катмарлуу экран төшөлөт.

2017-жылдын январынан тарта долбоордун инвестору катары Кытай Эл Республикасынын «Тианди Интернэшнл Майнинг Компани Лимитед» уюму аталып келет.

«Шамбесай» долбоору токтоп калса Кыргызстан 163 млн доллардан кур калат

Компаниянын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, алтындын кору иштетилбей калса Кыргызстан олуттуу экономикалык пайданы жоготуп алышы ыктымал. Эгерде «Шамбесай» долбоору токтоп калса, бул жоготуу болжолдуу 163 млн долларды түзөт. Мындан тышкары, өндүрүштү куруу процессинде 400-500гө жакын жана өндүрүү баскычында 250-300гө чейин жумушчу оруну түзүлбөй калат.

«Зет Эксплорер» 2008-2017-жылдар арасында Кадамжай районунун аймагына финансылык жардам иретинде 12 млн 200 миң сомго жакын каражат жумшаган. Анын көпчүлүгү Майдандагы ички жолдорду оңдоого, мектептерге спорттук жабдууларды сатып алууга, маданий иш-чараларды өткөрүүгө, жергиликтүү тургундарга жеңил өнөр-жай жана чакан бизнести долборлоо боюнча окутуучу тренингдерди каржылоого, айыл-чарба жарманкелерин уюштурууга, билим берүүчү мекемелердин аймагына бак-дарактарды тигүүгө сарпталган.

Кадамжай районунун акиминин орун басары Абдуманап Жапаров да Шамбесай кенинин иштетүүдөгү зыяндуулугун аныктоочу комиссиянын курамына кирген. Октябрдын аягында комиссия мүчөлөрү кендин аймагынан үлгү алып кетишкен. Бул күнү Майдандын 100дөй тургуну комиссиянын ишине нааразычылык билдирип, кендин ачылышына каршылык көрсөтүшкөн.

«Оштун жана Бишкектин лабораторияларында топурак менен суу изилденип жатат. Анын жыйынтыгы качан чыгаары белгисиз», — деди Жапаров.

2018-жылы Кыргызстанда 46 ири алтын кени бар экени аныкталган. Андагы алтындын кору 666 тоннага жакын деп эсептелинет. Учурда лицензияга ээ болгон 39 компания алтын өндүрүп жатат.

Исфайрам дарыясы

«Кендердин баары дарыядан жогору жайгашкан»

Ош мамлекеттик университетинин Зоология жана экология кафедрасынын доценти Сапарбай Абдыжамилов алтын өндүрүлгөндөн кийин жерди калыбына келтирүү чоң каражатты талап кылаарын жана аны баштапкы абалына келтирүү дээрлик мүмкүн болбосун айтат.

«Жерден алтынды бөлүп алганда ашыкча калдыктар калат. Мисалы: топурак, таш, кум. Кадамжай жана Айдаркен тарапта сурма, сымап өндүрүлөт. Демек, топурактын курамында мына ушул заттар деле болушу мүмкүн. Сымап радиоактивдүү заттардан болуп эсептелет. Бул деген экологияны жок кылып жатабыз деген сөз», — деди эколог.

Анын Кыргызстандагы кен өндүрүүчү компаниялардын зыянсыз технология боюнча иш алып барып жатканына көзү жетпейт: «Кен байлыктарын өндүрүүдө эриткич катары суу пайдаланылат. Иштетилген суу атайын жасалган кудуктарда сакталышы керек. Тазалангандан кийин гана сыртка агызууга болот. Ал эми биздеги кендердин баары дарыядан жогору жайгашкан. Ал эми жер титирөө сыяктуу кырсыктардын болуу ыктымалдуулугу бизде өтө жогору».

«Шамбесай» кенинин башкы геологу Абдупаиз Аманов алтынды цианидди колдонбой өндүрсө болот дейт. Ал Шамбесай экономикалык жактан рентабелдүү (кирешелүү ) кен болгондуктан, мамлекетке жана элге пайдасы бар деген пикирде: «Менин оюмча кен ачылышы керек. Бул жерде негизги талаптар бар. Алар өндүрүү технологиясын бузбай, эрежелерди сактап, экологияга тийгизген таасирин катуу көзөмөлгө алып кенди иштетсе болот».

«Булар [компания] долбоорду түзгөндө экспертизадан өткөрүшөт. Алдын ала текшерүүдө долбоордо кемчиликтер аныкталса анда аны оңдоп чыгышат. Бул жердеги көйгөй — кенди алгандан кийин чуңкур кантип толтурат деген суроонун айланасында болуп жатат. Топурактан кенди бөлүп алгандан кийин баягы алган жерине зыянсыздаштырылган калдыкты кайра төгөт», — деп ишендирет Абдупаиз Аманов.

Редакторлору: Элмурат Асан, Элвира Акимова
Сүрөттөрдүн автору: Нуржайна Октяброва
Фотосүрөттөрдүн редактору: Дастан Үмөтбай уулу