Азербайжан Адамкул Жунусовду Кыргызстанга өткөрүп берет. Ал коррупция боюнча айыпталууда

Адамкул Жунусов. Сүрөт: ЕЭК

Азербайжандын борбор калаасы Бакунун соту кыргыз бажысынын экс-башчысы Адамкул Жунусовду мекенине өткөрүп бермей болду. Ал 4-декабрда Бакунун аэропортунда кармалган. Жунусовго сентябрдан бери эл аралык издөө салынган жана ал коррупция боюнча айыпталууда.

Кыргызстандын каржы полициясы билдиргендей, Азербайжандын бийлиги Адмкул Жунусовдун кыргыз кесиптештерине өткөрүп берүүгө макул болгон. Азыр Бакунун бийлиги Жунусовду экстрадициялоо боюнча керектүү документтерди даярдап жатат. Маалыматка ылайык, бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Бишкекке Кыргызстандын каржы полициясынын тергөөчүлөрүнүн коштоосунда учуп келет.

  • Азербайжандын бийлиги Жунусовду Бакунун аэропортунда 4-декабрда кармаган. Ал 2018-жылдын сентябрынан бери эле эл аралык издөөгө алынган. Каржы полициясынан Жунусов сот жоопкерчилигинен АКШда жашырынып жүргөнүн жана Бакуга ал Нью-Йорктон учуп барганын айтууда.
  • Адамкул Жунусов 2013-жылдан тарта 2016-жылга чейин Кыргызстандын бажы кызматын жетектеген. Ал 2018-жылы августта кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталып, кылмыш иши козголгон. Каржы полициясы Жунусов жеке компаниялардын бири менен «туруктуу коррупциялык байланыш» уюштуруп, ага бажы төлөмдөрүн төгүүдөн качууга жардам берген деп эсептейт. Ошондон улам мамлекет 166 млн сомдон ашуун зыянга учураган.
  • Жунусов 1992-жылга чейин сот эксперти, андан соң бажы кызматынын инспектору болуп иштеген. Ошондон бери ал бажы кызматтарында иштеп калган. Ал эми 2016-жылдан тарта 2018-жыга дейре Евразия экономикалык биримдигинин органында, тагыраагы Евразия экономикалык комиссиясында Энергетика жана инфраструктура боюнча министр болуп иштеген.