Материал NambaTaxi менен өнөктөштүктө жазылды

2010-жылы кышында Таалайбек эркек балалуу болоорун уккан. Ал учурда болочок ата Кореянын Чхонан шаарчасындагы темир-бетон фабрикасында оператор болуп иштеп жүргөн. Фабрикада ал бетонду калыптарга куюу үчүн жооптуу кызматкер болуп иштечү. Таалайбек үчүн бул кызматтан көтөрүлгөнгө мүмкүнчүлүк бар болчу, анткени буга чейин эки жыл ар кандай жумуштарды жасап эмгектенүүгө туура келген.

Кубанычтуу жаңылыкты угаары менен ал Кыргызстанга кайтып келген. Ал эми бир жылдан кийин аялы ажырашууну чечкен.

Ал учурда Таалайбек өмүрлүк жары менен 17 жыл бирге жашап, эки балалуу болушкан. Ажырашуу чатаксыз жана тынч өтүп, улуу кызы апасы менен, ал эми баласы атасынын колунда калган.

Таалайбек үчүн ажырашуу чоң стресс болгон, анткени ал аялы менен эки башка жолго түшкүсү келген эмес. Сот процесси жүрүп аткан кезде туугандары кийгилигишүүгө аракет жасашып, балдар «толук кандуу үй-бүлөдө» чоңоюшу керектигин айтышкан.

«Туугандарымдын бардыгы ажырашкандан кийин мени ичип кетет деп ойлошкон. Бирок мен ичкенге да жетишпейм, эртеден-кечке жумуштамын», — дейт Таалайбек.

Сот бала апасы менен калышы керек деп чечкени менен кичинекей Ырыскелди атасыз жүрө албай калган. Ал көп ыйлап, таптакыр эле тамак-ашка табити жоголуп кеткен.

«Ал кичинекей кезинде дайыма машинанын артындагы отургучта кичинекей балдар үчүн креслого отургузуп алып, шаар айландырып кыдыртчумун. Ошентип көп убакытты өткөрчүбүз. Балким, ошол кездерде жакындашып алсак керек», — деп эстеди ал.

Натыйжада Ырыскелди атасынын колунда калган.

«Апасы экөө мурдагыдан да жакындашып алышты: күнүгө телефон аркылуу сүйлөшүшүп, дем алыш күндөрү жолугушуп турушат», — дейт Таалайбек.

Арсений Мамашевдин Kloop.kg үчүн сүрөтү

«Жашоомдун маңызы»

Таалайбек дал ошо аталык мээрим төгүү менен жашап-иштеп улантууга оптимизм таап атканын айтат. Ал үчүн баласы менен өткөргөн ар бир күн — майрам.

Бош убакыттарда алар чогуу ойношот: алардын үйүндөгү гараж оюнчук машиналар менен роботторго жык толгон.

Учурда сегиз жаштагы Ырыскелди экинчи класста окуйт. Ал мектепте жүргөндө үй-бүлөнү багыш үчүн Таалайбек таксиде нөөмөтүн аткарат.

«Эртең менен баламды мектепке жеткирип, андан ары иштеп кетем. Ал жактан мен үч-төрт буйрутма аткара калып, баламды алып кетиш үчүн кайра мектепке барам. Туугандарымдыкына, эжемдикине же байкемдикине алып барып коём. Алардын да балдары бар, ошолордукунда убакыт өткөрөт, андан соң жумуштан кийин баламды үйгө алып кетем», — деп баяндады Таалайбек.

Алар күнүгө кечкисин ашканада тамак үстүндө отурганда көпкө чейин сүйлөшүшөт, атасы үчүн бул өзгөчө көз ирмемдер. Таалайбек баласы менен чоң киши менен сүйлөшкөндөй эле сүйлөшүп, ага кеп-кеңештерин берип, сөзсүз түрдө анын пикирин угат.

«Абдан акылдуу, бардыгын түшүнөт. Биринчи кезекте аны жакшы адам катары тарбиялап чоңойткум келет, ал эми калганын өзү чечет, анын жашоосуна кийлигишпейм», — деп айтып берди сыймыктануу менен Ырыскелдинин атасы.

Таалайбек берген сүрөт

Айланадагылар Таалайбек баласын жалгыз тарбиялап атканын угуп калганда, аны колдошуп, ажырашып кеткен аялын сынга ала башташат. Ал адамдарда мурдагыдай эле «апа деген дайыма баласы менен болушу керек» деген калыптанып калган ой дагы деле бар экенин айтат.

«Мен аны дароо эле актай баштайм, себеби ал баланы мага бергиси келген эмес, анткен менен балам өзү менин пайдама тандоо жасады да. Эгер Ырыскелди апасына кайткысы келсе мен жолун торобойм. Ал бары бир менин жашоомдун маңызы болуп кала берет», — деди Таалайбек.

Ал баласы менен чогуу өзүнүн Нарындагы туулган айлына кетип, бирге эс алууну кыялданып жүрөт: телефондорду өчүрүп, балык кармап. Гаражда алдын ала эле сатылып алынган кайырмак менен балык кармоочу аспаптар чогултулган. Бирок буга азырынча убакыт жок.

Бул алардын жалгыз эле кыялы эмес, ата-бала учурда курулушу аяктай элек үйлөрүндө жашап атышат. Ырыскелди курулуш иштеринде атасына абдан жардам бергиси келет.

«Ал кээде менде каражат жетишпей атканын көрүп, түшүнүү менен мамиле жасап, кичинекей бала болуп турса да жардам берүүгө аракет жасайт. Ал гана эмес акча чогулткан кутусу да бар, ал жакка балам биздин келечегибиз үчүн акча жыйнайт», — деди Таалайбек.

Арсений Мамашевдин Kloop.kg үчүн видеосу

Балам үчүн иштейм

Таалайбек баласын мектептен алып кетип, ал менен убакыт өткөрүүгө жетишиш үчүн жумуш убактысы өзүнө ыңгайлуу ишти тандап алган.

«NambaTaxiде» иштеген үч жылда анын үстүнөн кардарлардан бир да арыздануу түшкөн эмес. Таалайбек буга баласына үйрөткүсү келген өзүнүн чынчылдыгы себеп деп эсептейт.

«Кардарлар машинада унутуп кеткен буюмдарын дайыма кайтарып берем. Кыйкымчыл кардарлар кездешип, алардан акча албайм. Жеткирдим бүттү, акчанын кереги жок», — деп айтып берди ал.

Таксиде иштөө — бул бир караганда оңой-олтоң эле сезилгендей иш эмес. Таалайбек күндөрдүн биринде аны кардарлар алдап кетүүгө аракет жасашканын айтып берди: «жол кире акысын төлөш үчүн» банктык картамдын номерин сурашты. Бирок диспетчер чалып, бул алдап кетүү амалы экенин айтты.

Күндөрдүн биринде ага эки баласы бар аял отурган. Жолдо катар ал аял күйөөсү баласын төшөккө сийип койгону үчүн чаап жибергенин айтып берген.

«Ал аял баланы ошон үчүн да чабасыңбы деп айтканда күйөөсү аны да кошо сабап салган экен. Жолдо баратып менин да жиним кашайды, себеп дегенде менин да балам бүгүн сийип койгон да. Мен да балама орой мамисе жасап алган жокмунбу деп кабатырланып аттым. Мен ага орой мамиле жасагым келбейт», — дейт Таалайбек.

Бул окуя Таалайбекке үй-бүлөгө кандай мамиле жасабоо керектигин дагы бир жолу эскерткен.

Ал кынчылыктар болуп атканын мойнуна алат, бирок жанында баласы бар экени жана анын жашоосуна жоопкерчилик тартаарын түшүнүү ага күч-кубат берет.

«Мына ушу нерсенин өзү эле жашоонун маңызы. Сен бир гана өзүң үчүн эле жашап, акча таппайсың да, башка бирөө үчүн да жашап иштейсиң. Мен болсо бардыгын балам үчүн жасайм», — деди Таалайбек.