Маркум Бурулайдын үй-бүлөсү айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылды. Анын адвокаты күнөөсү далилдене электигин айтууда

Айыпталуучу Марс Бөдөшов (солдо) жана Акмат Сейитов сотто. 2018-жыл 10-декабрь. Сүрөт: Айбек Кулчуманов/RFE/RL

Прокурор Бурулай Турдалы кызынын өлүмү боюнча айыпталуучуну 23 жылга кесүүнү суранды. Ал анын күнөөсү толугу менен далилденген деп эсептейт. Ал эми жабырлануучунун адвокаты бул өтө эле жеңил жаза деп, аны өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылды. 19 жаштагы Бурулай ала качуу аракетинен соң Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычак жеп каза тапкан.

Бурулай Турдалы кызынын өлүмү боюнча сот Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүүдө. Прокурор башкы айыпталуучу Марсбек Бөдөшовду 23 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүүнү суранды. Айыптоочу тарап Бөдөшовдун ала качуу жана өлтүрүү боюнча күнөөсү далилденди деп эсептейт.

Бурулайды ала качууга катышкан делип айыпталып жаткан Акмат Сейитовду прокурор 7 жылдык мөөнөткө кесүү менен жазалоону суранды.

Прокурор эмне деп жатат? Ал тергөө бардык күбөлөрдү сурап бүттү деп эсептейт. Алар Бөдөшов өзү Буралай менен милиция бөлүмүнүн бир бөлмөсүндө бекинип алганын тастыкташкан. Эшикти бузуп ачып киргенде ал жактан Бөдөшов менен Бурулай экөө эле бычактан жарадар болгон абалда табылышкан. «Соттон кылмыш өзгөчө мыкаачылык менен жасалганын, бирок айыпталуучунун экөө тең мурда соттолушпаганын эске алууну суранам», — деди прокурор.

Жабырлануучунун адвокаттары эмне деп жатышат? «Марс Бөдөшов кылмышын мойнуна алган жок. Атүгүл туугандарынан [Бурулайдын] да кечирим сурап койгон жок. Прокурор 23 жыл эркинен ажыраткыла деп суранууда, а биз муну аз деп эсептейбиз», — деди Бурулайдын үй-бүлөсүнүн жактоочуларынын бири Бөдөшовду өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылып. Киши колдуу болгон кыздын атасы да Бөдөшовго карата ушундай эле жазаны талап кылды.

Бөдөшовдун авокаты эмне деп жатат? «Өлтүрүп жатканын ким көргөн, балким, бөлмөдө башка да чоочун бирөө болгондур? Бирок анын [Бөдөшовдун] күнөөсүнө  далилдер жок. Андан тышкары, криминалист сокку жасалган бычактан да колдордун тактарын алган эмес. Аны чоочугансып түшүндүрүүдө. Эч качан андай болбогонсуп», — деди сотто айыпталуучунун адвокаты. Ошондой эле, ал сот маркумдун курбусун сурабаганына нааразы болду. Анын айтымында, ал Бөдөшов менен Бурулай жолугушуп жүрүшкөнүн билген жана кызды ала качуунун жолун ойлонуштуруп жүрүшкөн.

Бөдөшов өзү эмне деп жатат? Ал Бурулай кайтыш болуп калганга чейин үч жыл жолугушуп жүрүшкөнүн, бирок анын ата-энеси мамилелерине каршы болушканын айтыууда. Ал чынында эле кызды ала качкан, бирок бир гана анын макулдугу менен. Кызды өлтүрүп жаткан учурду эстеген жок. «[Милиция бөлмөсүндө] жаныбыздан агрессивдүү бир киши өтүп кеткен, ал сөгүнүп аткан. Мен аны карап-карап калгам, ал эми Бурулай жылмыйып аткан. Андан ары эмне болгонун билбейм. Көзүмдү ачсам ооруканада жатыпмын», — деди ал. Анын айтымында, ошол күнү кечинде анын жанында бычак болгон эмес.

  • 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызын 2018-жылы 27-майда өлтүрүп кетишкен. Милиционерлер аны ала качкан эки бала менен Жайыл РИИБне алып келишкен. Ошол жактан кыз бычак жеп, кийинчерээк кайтыш болгон. Милиционерлер аны ала качканардын бирөөсү Марсбек Бөдөшов өлтүргөн деп айтышкан. Алардын айтымында, Бөдөшов Бурулай отурган бөлмөгө кирип келип, бычак сайып, андан өзүнө да кол салган.
  • Ошол күнү кечинде Бөдөшов Бурулайды экинчи жолу ала качууга аракет жасаганы менен аны милиция кармап калган. Биринчи ала качуу 4-майда болгон, бирок анда Бурулайды үйүнө жеткирип беришкен, ал эми кыздын үй-бүлөсү милицияга арыз жазган эмес.
  • Бурулайдын өлүмү өлкөдөгү көйгөйлүү ала качуу тууралуу гана эмес, кыргыз милициясынын компетенттүүлүгү маселеси боюнча да коомдук резонанс жараткан. Президент Сооронбай Жээнбеков жеке өзү кыздын өлүмүн дыкат иликтөөнү тапшырган.
  • Бул окуядан кийин Бишкекте ала качууга каршы бир нече флешмоб өтүп, ал эми DOXA арт тобу маркум окуган медициналык окуу жайдын имаратынын бетине Бурулайдын сүрөтүн тарткан. Феминисттик кыймылдардагы айрым активист кыз-келиндер бул портретти Бурулай каза тапкан милиция бөлүмүнүн имаратына да жайгаштырууну сунушташкан.