Ош шаарында жайгашкан Сулайман-Тоодо таш жана коло дооруна таандык 400дөн ашуун петроглифтер бар. Азыркы күндө алардын 100дөн ашууну үстүнөн чиймеленип, же сырдалып өчүп кетүү коркунучунда турат.

«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин эстеликтерди коргоо бөлүмүнүн башчысы Шайыр Абжапарованын «Клоопко» билдиришинче, таш бетиндеги петроглифтердин кээ бири учтуу буюм менен кырылып калгандыктан, аларды баштапкы абалына келтирүүгө мүмкүн эмес. Ал эми чиймеленген же сырдалган жазууларды тазалап, түп нускасына келтирүү үчүн көп каражат керектелет.

«Үстүнө чиймеленген жазууларды да өчүрө албайбыз. Анткени мындай жол менен тарыхый сүрөттүн түп нускасын бузуп алышыбыз ыктымал. Аларды калыпка келтирип берчү адистер өзүбүздө жок. Сулайман-Тоодогу петроглифтер дээрлик бурмалануу абалында», — деп түшүндүрдү Абжапарова.

Тарыхый жазуулардын мындай абалга кептелишине музей кызматкери жаштарды күнөөлөйт. Абжапарова тоодогу эскертмелер менен тыюулар да эч кандай натыйжа бербей жатканын айтат.

«Учурда эс алууга чыккан көпчүлүк жаштар тоодогу таштарга өз ысымын, айылын же сүйүүлөрүн жазып калтырышат. Тоодогу таштарга жазуу керек деген түшүнүк калыптанып калгандай. [...] Таш бетине жазгандарга 1000 сом штраф салынат дегени менен иш жүзүндө айып өндүрүлө элек», — дейт ал.

Абжапарова бул боюнча мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөөрүн кошумчалады.

Ош мамлекеттик университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Самара Оморованын түшүндүрүшүнчө, Сулайман–Тоонун аска бетиндеги сүрөттөрдүн көпчүлүк бөлүгү коло, таш доорунун акыркы мезгилдерине таандык. Бул биздин заманга чейинки 3000 жыл мурун тартылган сүрөттөр болуп эсептелет.

«Ал эми арабча жазуулар коло дооруна таандык деп айта албайм, алар орто кылымда жазылган. Сулайман-Тоодо чийүүлөр, айлампалар, лабиринт, жылкылардын, атчан кишилердин, алардын кылычтарынын сүрөттөрү бар», — деп токтолду Оморова.

Петроглифтердин баары Сулайман-Тоонун күңгөй тарабында жайгашкан. Алар биздин заманга чейин тоо этегинде жашаган тургундардын жашоо образы менен тоого болгон көз караштарынан кабар берип турат.

Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине 2009-жылы киргизилген. Анын узундугу 3 километр, туурасы 1,5–2 чакырымга созулуп, бийиктиги 1176 метрди түзөт.

Сүрөттөрдүн автору: Нуржайна Октяброва
Фотосүрөттөрдүн редактору: Дастан Үмөтбай уулу
Редактору: Гүлжан Эшбаева