«Оптима Банк»: УКМКнын Зилалиевдин банктык уячасынын ачылышына тиешеси жок

УКМК экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин банктык уячасы ачылып аткандагы видеону жарыялаган. Андан дээрлик 890 миң доллар алынган. «Оптима Банк» билдиргендей, бул видеону банктын кызматкерлери бир жыл мурда тартышкан.

«Оптима Банктан» билдиришкендей, Зилалиевдин банктык уячасын ачуу боюнча видеону банктын кызматкерлери 2017-жылы жайында тартышкан. Уячаны ачуу ижара акы төлөнбөгөндүктөн жүргүзүлгөн.

«[...] кардардын сейфтик уячаны ижарага алуу мөөнөтү аяктаган. [...] Банктын кызматкерлери уячаны ачып, анын ичиндегилерди алып, бардыгын видеого тартып, андан кийин уячадагылар менен видео жазманы кардарга өткөрүп берүүгө милдеттүү болушкан», — деп түшүндүрдү «Оптима Банктын» коммуникация бөлүмүнүн башчысы Наталья Монкина.

Ал кошумчалагандай, уячадагылар менен видеону банк эреже боюнча Зилалиевге өткөрүп берген. Монкинаны айтымында, банктын видеонун жарыяланашына эч кандай тиешеси жок, себеби банктык сырды «катуу сактайт». «Оптима Банктагылар» видео [Дүйшөнбек Зилалиевдин] өзүнөн «укук коргоо органдары тарабынан алынып коюлган» деп эсептешет.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Клооптун» кабарчысынын атайын кызматта банктык уячаны ачуу боюнча тартылган видео кайдан пайда болгондугу жана эмне үчүн аны видео тартылган соң бир жылдан кийин жарыялашкандыгы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

«Бардыгы тергөөнүн алкагында жүрүп атат. Комментарийсиз», — деди ал.

  • УКМК Зилалиевдин банктык уячасы ачылгандыгы тартылган видеону 11-декабрда жарыялаган. Анын ичинен кадимки эле полиэтилен баштыктарында сакталган дээрлик 890 миң доллар алынган.
  • 7-декабрда УКМКнын кызматкерлери Зилалиевдин Бишкектеги батирин тинтишкен. Ал жактан алар 2,9 млн сом, 100 миң доллар жана кымбат баалуу сааттар менен баалуу буюмдарды табышкан.
  • Атайын кызмат Зилалиевди мыйзамсыз байыган деп айыптоодо. Алар Зилалиевдин 2011 жана 2017-жылдардагы декларациясын изилдеп, мурдагы вице-премьер-министрдин реалдуу кирешеси декларарацияга киргизилгенден да он эсе жогору экенин аныкташкан. Банктык уячадагы акчалардан тышкары, Зилалиев өз декларациясында батирлерди, жер участокторун, үйлөрдү жана кеңсе жайларын көрсөткөн эмес.
  • Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Зилалиев 9-декабрда өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган учурда «Манас» аэропортунан кармалган. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү өкмөттүк жолдо бомба тууралуу жалган маалымат бергени үчүн шарттуу мөөнөткө соттолгондугунан улам Кыргызстандан чыгып кете алмак эмес.
  • Зилалиевдин адвокаты Учкун Каримов жактоого алган адамы «Манас» аэропортунда эмес, өз үйүндө кармалганын «Кактуска» айтып берген. Каримовдун айтымында, Зилалиев сотто өз мүлкү кандайча пайда болгонун далилдеп бере алат. «Менин билишимче Зилалиев башка жарандардай эле бодо мал алып-сатып жана башка бизнес жасачу», — деди ал.
  • Дүйшөнбек Зилалиев экс-премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүндө вице-премьер-министр болуп иштеген, андан тышкары Маммүлктү башкаруу фондусу менен Мамлекеттик өнөр-жай комитетинде ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган.