Парламенттик комитет Башкы прокуратурадан Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгууну суранды

Укук тартиби боюнча парламенттик комитет Башкы прокуратурага оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгууну сунуштады. Юристтер 2019-жылы 1-январда күчүнө кире турган Кылмыш-жаза кодекси боюнча Текебаевдин жазасы жеңилдетилиши керек деп эсептешет.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин катчылыганан «Клоопко» билдиришкендей, 11-декабрда комитеттин мүчөлөрү Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча документти Башкы прокуратурага жөнөтүшкөн.

«Адилет» укук коргоо клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова өз уюму парламенттик комитеттин суранычы боюнча оппозиционердин ишин кайра кароонун мүмкүнчүлүгүн изилдеп чыкканын «Азаттыкка» курган маегинде айткан. Анын жыйынтыгы менен юристтер 1-январдан тарта жаңы Кылмыш-жаза кодекси күчүнө киргенден кийин Текебаевдин мөөнөтү кыскартылууга тийиш деп чечишкен.

«Эгер мурдагы кодекстер боюнча соттолгон адамдын жаза чарасы жаңы кодекстерге карама-каршы келсе жана жаңысында жаза жумшартуу жагына өзгөртүлгөн болсо, анда иштер да кайра каралып чыгууга тийиш. Андыктан автоматтык түрдө бул иш 1-январдан тартып кайра каралып чыгышы керек болот», — деп айткан Жакупова.

  • Текебаевдин ишин кайра кароо маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн. Лидери Текебаев эсептелген «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары ноябрда мындай өтүнүч менен президент Сооронбай Жээнбековго да кайрылышкан. Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев Текебаевге ырайым көрсөтүүнү суранган. Ал эми саясатчы өзү ырайым талап кылбаганын билдирген. Себеби Текебаев өзүн күнөөлүү деп эсептебейт жана иш кайра каралышын каалайт.
  • 2017-жылы жайында сот Текебаевди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алган деп күнөөлүү тапкан. Тергөө бул үчүн саясатчы ишкерге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга шарт түзүп бериши керек болгон деп эсептейт. Текебаев сегиз жыл абак мөөнөтүнө соттолгон, бирок кийинчерээк анын мөөнөтү мунапыска карата 4,5 жылга чейин кыскартылган.
  • Текебаев өзү күнөөсүн мойнуна албайт жана кылмыш ишти «саясий буйрук» деп атаган. Ал ошол кезде президент болуп турган Алмазбек Атамбаевдин дарегине айткан сындарынын шартында 2017-жылы феврал айында кармалган. Негизинен ал өзүнүн «Ата Мекен» партиясы менен Атамбаев демилгелеген Баш мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккан. Ал эми жаңы Баш мыйзам 2016-жылдын аягында референдумдан кийин кабыл алынган.