Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Сооронбай Жээнбеков 19-декабрда Кыргызстандын президенти катары өзүнүн биринчи маалымат жыйынын өткөрдү. Президенттин басма сөз жыйындагы эң маанилүү сөздөрүн баяндап беребиз.

Жээнбеков журналисттердин суроолоруна үч сааттан ашык жооп берди. Бул убакыт аралыгында ага 40 журналист суроо бергенге үлгүрдү. Алардын ичинен эң башкылары — президентке өзүнүн шайлоо штабындагы «көмүскө касса» делип ачыкка чыккан документ тууралуу эмне белгилүү; Жээнбековдун Матраимовдор менен байланышы барбы же жокпу; мамлекет Бишкектеги кара түтүн маселесин карайбы жана өлкө Кытайда кайра тарбиялоо лагерлерине түшүп калган этникалык кыргыздарга жардам береби же жокпу.

Президент эмне деп жооп берди?

Өзүнүн саясаттан кетиши тууралуу

Жээнбеков президенттик мөөнөтү аягына чыккадан кийин саясаттан кетүүнү убада кылды.

«Мен президенттик мөөнөтүм аяктаган соң депутат же президент болбойм. Бийликке умтулган жокмун», — деди президент. Анын айтымында, мөөнөтү бүткөндөн кийин ал «жөнөкөй адам болуп, эл арасында жашоону» каалайт.

Жээнбеков кошумчалагандай, ал «атаандаштарына жолтоо болгусу келбейт».

  • 2018-жылы мартта Атамбаев саясатка кайтууга «аргасыз» болгондугун билдирген — «кайсы бир кызмат ордун ээлөө үчүн эмес», Кыргызстанда кайрадан үй-бүлөлүк кландык башкаруу орнобошу үчүн. Кийинчерээк Атамбаев жаңы президент Жээнбеков кеңештеримди уккусу келбей жатат деп айтып чыккан.

«Көмүскө касса» тууралуу

Жээнбеков анын шайлоо штабынын ыктымал «көмүскө кассасы» туурасындагы маселенин чечилишине өзү кызыктар экендигин айтты.

«Мунун ["көмүскө касса" туурасында маалыматты жайылтуунун] бир гана максаты бар — Кыргызстанды дүрбөлөңгө салыш. Жээнбеков легитимдүү эмес деп элге көрсөтүш жана башаламандык уюштуруп бийликке келиш. Мен ага жол бербейм. Ички иштер министрлиги иликтеп жатат», — деди президент.

  • Жээнбековдун шайлоо штабынын ыктымал «көмүскө кассасы» жөнүндөгү маалыматты ноябрь айында юрист Нурбек Токтакунов жарыялаган. Андагы маалыматка ылайык, болочоктогу президенттик штабы шайлоого 24 млн доллар короткон — бул каражат Борбордук шайлоо комиссиясынын берген отчётуна салыштымалуу 10 эсе көп.

Кытай лагериндеги этникалык кыргыздар тууралуу

Жээнбеков Кытайда кайра тарбиялоо лагерлерине түшүп калган этникалык кыргыздар тууралуу айтып жатып, бул маселени Кытай менен чыр-чатакка жеткирбей, «дипломатиялуу» чечүү керектигин айтты.

«Биздин түрмөлөрдө да кытайлар отурат, бирок Кытай бийлиги бизге эч нерсе деген жок. Кытайдагы кыргыздар — Кытайдын жарандары жана аларга Кытайдын мыйзамдары колдонулат. Бул коркуу эмес, жөн гана этият болуу керек», — деди ал.

  • Кытайдан Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздар Кытайда калган туугандары «түрмөгө окшош» «саясий кайра тарбиялоо лагерлерине» түшүп калып жатышкандыгын байма-бай айтып чыга башташты.
  • Соңку айда кытайлык кыргыздар президентке жана Тышкы иштер министрлигине кыргыздардын Кытайда куугунтукталып жатышына көңүл бурууну суранып кайрылышкан. Президент буга расмий реакция билдире элек болчу. Ал эми Тышкы иштер министрлигинен жардам берүүгө аракет кылышаарын айтышкан.

Кытайда 180 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт. Негизинен алар Шинжаң- Уйгур Автоном районунда (ШУАР) турушат. ШУАРдын курамында жада калса Кыргызстан менен чектешкен Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу да бар.

Бишкектин кара түтүнү боюнча

Президент Бишкектеги кара түтүн боюнча берилген суроону «олуттуу маселе» деп атады. Анын айтымында бийликтегилер аталган көйгөйдү чечүүнүн үстүндө иштеп башташты.

«Премьер-министр [Мухаммедкалый Абылгазиев] жергиликтүү органдарга Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарды берүүгө тапшырма берген», — деди өлкө башчысы.

  • Кааланы каптаган кара түтүн маселеси 2018-жылдын аягында кызуу талкууга алынды: шаар тургундары Бишкекти каптаган кара булуттарга нааразычылыгын билдирип келишет. Түтүндүн пайда болуу себептери: автоунаалар, жеке менчик турак-жайларды жылытууда колдонулган меш жана көмүр жагуу менен иштеген Бишкек ЖЭБи. Мындан тышкары, шаардагы курулуштардын жайгашуусу жана анын мүнөзү мааниге ээ. Калаа начар шамалданган аймакта орун алган — көп кабаттуу үйлөр Бишкекти «желдетүүчү»  шамалды тосуп калат.

Райымбек Матраимов тууралуу

Жээнбеков журналисттерге укук коргоо органдары бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерет деп убада кылды. Анын айтымында, ал бул маселени көзөмөлгө алат.

Бирок ошого карабастан өлкө башчысы Райымбек Матраимов бир тууган агалары сыяктуу «КСДП үчүн чын дилден иштеп» берген деп эсептейт.

«Бардыгы мени ага жардам берип жатат деп айтышууда. Матраимовдор дайыма КСДП үчүн чын дилден иштеп беришкен. Искендер партияда 27-номерде. Алардын агасы — аким жана партия үчүн иштеп жатат. Сегиз жыл жакшы болуп, мен кызматка келгенде эле жаман болуп калабы?», — деди Жээнбеков.

Андан тышкары, президент журналист Элнура Алканованын Матраимовдордун мүлкү тууралуу иликтөөсүнө көңүл бурууну убада кылды.

  • 2017-жылы февралда «Азаттык» радиосунун журналисттери Райымбек Матраимводун үй-бүлөсүнүн мүлкү жөнүндө иликтөө жарыялашкан. Материалда үй-бүлөөгө таандык супермаркеттер, хан сарайлар жана спорт комплекстер тизмектелген.
  • Экс-президент Алмазбек Атамбаев Матраимовду бажы тармагындагы коррупциялык схемалардын «көмүскө кардиналы» деп атаган. Ошол кезде премьер-министр болуп турган анын жакың үзөңгүлөшү Сапар Исаков Матраимовду Жээнбеков президенттик кызматка келгенге чейин бир күн мурда бажы кызматынын жетекчи орун басарлык кызматынан алган. Бирок 2018-жылдын ортосунда сот Матраимовду кызматка кайтарууну токтом кылган, анткени ал «саясий мүнөздөр менен бошотулган».

Бабанов тууралуу

Жээнбеков 2017-жылдагы президенттик шайлоодо башкы атаандашы болгон Өмүрбек Бабановго каршы козгологон кылмыш ишине тиешеси жок болгонун билдирди.

«Бабанов [саясаттан] өзү кетти, ага карата каршы кылмыш ишин мага чейин козгошкон. Мен эми азыр ишти сен ачып кой, сен жаап кой деп айтканым туура эмес да. Бул туура эмес да. Ал сот бийлигинин алдында, өз элинин алдында өзү жооп бериши керек», — деди ал.

  • Өмүрбек Бабанов 2017-жылындагы президенттик шайлоодо экинчи орунду алган — ал үчүн шайлоочулардын 33% добуштарын берген. Шайлоодон кийин Башкы прокуратура Бабановго каршы «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Бабанов өлкөдөн чыгып кетип саясий карьерасынын жыйынтыкталганын билдирген.
  • Улууттук коопсуздук мамлекеттик кызматы 2018-жылы жаз айында Бабановго каршы дагы бир кылмыш ишин козгогон — «бийликти басып алууга даярдык көрүү жана массалык башаламандыкты уюштуруу». Мурдагы саясатчы ага карата тагылган айыптарды «болбогон нерсе» деп атаган.
  • Жээнбеков президенттик шайлоонун алдындагы теледебат учурунда Бабановго коррупцияга каршы күрөштү андан баштай турганын билдирген.

Текебаевдин ишин кайра кароо тууралуу

Жээнбеков оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо жөнүндө суроого жооп берип жатып бул боюнча «бардык сот инстанция бүткөн, Жогорку сот караган, бул боюнча өзүнүн чечимин чыгарган», «мен аны буза албайм» деп айтты.

«Мыйзам боюнча менин бир гана укугум бар – мунапыс берүү. Жазса берейин. Башка укугум жок», — деп кошумчалады президент.

  • Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев бийликтен Текебаевге ырайым көрсөтүүнү суранган. Ал эми саясатчы өзү ырайым талап кылбаганын билдирген. Себеби Текебаев өзүн күнөөлүү деп эсептебейт жана иш кайра каралышын каалайт.
  • 2017-жылы жайында сот Текебаевди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алган деп күнөөлүү тапкан. Тергөө бул үчүн саясатчы ишкерге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга шарт түзүп бериши керек болгон деп эсептейт.
  • Декабрь айында укук тартиби боюнча парламенттик комитет Башкы прокуратурага оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгууну суранган. Депутаттар 1-январда күчүнө кире турган Кылмыш-жаза кодекси боюнча Текебаевдин жазасы жеңилдетилиши керек деп эсептешет.