Ош шаарындагы маршруттук таксилердин бири. Сүрөт: Нуржайна Октяброва/Kloop.kg

Ош шаарында окуучулар коомдук транспортко түшүш үчүн 1 сомдон төлөшөт. Ага алымсынбаган айрым маршрутканын айдоочулары аларды албай кетип калышат. Маселе чечилгенге чейин шаардыктар күн сайын мындай кыйынчылыктарды баштан өткөрүүгө аргасыз.

Ош шаарынын тургуну Асел Ташбаеванын* үч баласы мектепте окуйт. Анын үйү шаардын түштүк бөлүгүндөгү Достук кичи районунда жайгашкан, балдары мектепке чейин маршрутка менен 10-15 мүнөттө жетишет.

*ысымы өзгөртүлдү

Асел эженин балдары мектепке катташ үчүн эң эле ыңгайлуусу жана арзаны — коомдук транспорттор. Бирок алар жашаган жакта муниципалдык автобустар менен троллейбустар каттабайт. Ошондуктан алардын маршруткалардан башка тандоосу деле жок. Ал эми такси жалдоо үч баланы жалгыз баккан эне үчүн оор.

Таң эрте жумушка баратканда Асел эже 1-класста окуган кенже кызын мектепке ала кетет. Эртеден кечке жумушта болгондуктан, ал түштөн кийин окуган балдарына көңүл бөлө албай калат.

«Балдарыма жол кире үчүн акча таштап, маршрутка менен окууңарга барып келе бергиле деймин. Кээде жакшы эле барып келишет. Бирок көп учурда маршруткалар жаш балдарды албай коёт, — деп түйшөлдү Асел эже. — Балдарым мектептеги сабагына кеч калып кеткен учурлар болот. Баары бир алардан сарсанаа болосуң, кабатырланасың».

Алар жакка каттаган маршрутка көпчүлүк учурда тыгын болот. Мындан улам кыш мезгилинде балдары сабактан чыккандан кийин маршруткага батпай, көпкө чейин суукта туруп калган күндөр кездешет.

Шаардагы мектептердин биринде мугалим болуп эмгектенген Шарапат Эркинбаева сабактан кийин окуучулардын маршрутка күтүп суукта тоңуп турганына көп эле күбө болот: «Далай жолу маршрутканы өзүм токтотуп, ага өзүм түшпөй окуучуларды салып жиберген күндөрүм да болду. Азыр анын үстүнө кыш болуп калды, окуучулар үшүп калат».

Шаардын борбордук бөлүгүндөгү аялдамалардын бири. Сүрөт: Нуржайна Октяброва/Kloop.kg

Маршрутканын айдоочулары окуучуларды албай кетип жатканына Ош шаарындагы окуучулардын жол киреси 1 сомду түзгөнү себеп. Айдоочулар унааларына окуучуларды толтуруп алып, жыйынтыгында ар биринен 1 сомдон алуу менен пайда тапмак турсун, кеткен чыгашасын жаба албасын айтышат. Анын үстүнө айрым айдоочулар маршрутканы ижарага алып иштешет.

Калаадагы маршрутка айдагандардын бири Бакыт Акынбеков окуучулардын жол киресинин айынан түшүнбөстүктөр жаңжалга айланып жатат дейт. Анын айтымында, коомдук транспортто жүрүүнү 1 сом деп белгилегенден көрө бекер эле кылып койсо туурараак болмок.

«Ошол 1 сом үчүн окуучулар менен айдоочулар душман болуп жатабыз. Ата-энелер жаман көрүп, биз менен урушушат. Негизи кызык эле, 1 сом дегенден көрө окуучуларды бекер ташыгыла деген эреже чыгарып койсо, — деп абалын түшүндүрдү айдоочу Акынбеков. — Мисалы менин машинама сегиз жүргүнчү чыкса машина бир паста толоюн деп калат. Анын ичинен 2-3 чоң адам болсо, 20-30 сомго уруп-согуп жөнөшүм керек болот».

Дагы бир айдоочу Нурлан Бекматов маршруткасынын дөңгөлөгүн насыяга алган, бирок карызын толук төлөп бүтө элек. Анын үстүнө унаасынын башка керек-жарактары жана күйүүчү май кымбат тураарын, айдоочулардын да көйгөйлөрү көп экенин айтат.

«Окуучулар бөлүнүп-бөлүнүп кетпейт. Качан эл чыкканда алар да чыгат. Анан чоң адам турса, кантип эле албайсың? 1 сом алгың келеби, 10 сом алгың келеби? — деп суроо салат Бекматов. — Ош-Бишкек кылып бөлбөй, [окуучулардын жол киреcин] бирдей кылып берсин. Айдоочунун мойнуна асылып алса болбойт. Биз дагы бала-чака багабыз!»

Ош шаардык мэриясынын чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Романовдун билдиришинче, окуучулар үчүн жеңилдетилген тариф 2001-жылы киргизилген. Ал учурда элдин шарты «оор болгондуктан» шаардагы айдоочулар менен чогулуш өткөрүлүп, машруткалардын баасы чоңдорго 4 сом болуп турган кезде окуучулардын жол киресин 1 сом кылуу боюнча макулдашылган.

«Андан бери эми мына жол киренин баасы бүгүнкү күндө 10 сомго чейин өстү. Бирок окуучулар үчүн 1 сом бойдон эле калып келе жатат. Бишкекте дагы, башка жакта дагы окуучулар үчүн [жол кире] толук түрдө алынат», — деди Романов.

Соңку эки жылда Романовдун бөлүмү шаардыктардын арасында сурамжылоо жүргүзүп, анын жыйынтыгында окуучулардын жол киресин 1 сомдон 5 сомго көтөрүү боюнча быйыл Ош шаардык кеңешине сунуш киргизейин деп жатат.

«1 сомдун тегерегинде ата-энелер, окуучулар, айдоочулар арасында түшүнбөстүктөр болбошу үчүн [ата-энелер] жол кирени 5 сомго көтөрүп берсеңер деген сунуштар түшүп жатат. Ошонун негизинде [шаардык кеңештин] кезектеги сессиясында бааны көтөрүү чечими чыгышы үчүн тийиштүү иш кагаздарды даярдап жатабыз», — деп токтолду бөлүм башчысы.

Романовдун түшүндүрүшүнчө, бирок ал үчүн бир топ баскычтарды күтүүгө туура келет. Алгач бул сунуш мэриянын транспорт иштерин көзөмөлдөгөн комитетинде каралып, эгер жактырылса, анда шаардык кеңешке жиберилет. Азырынча бул сунуш комитетте каралууда.

Андан тышкары, Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов шаардыктар менен далай эле жолугушуу өткөргөнү менен жыйындарда окуучулардын жол кире маселеси көп деле козголгон эмес.

«[Ош шаарында] 12 аймактык кеңеш болсо, ар биринде окуучулардын маселеси көтөрүлөт. Бирок, Керме-Тоодо гана ата-энелер жол кирени көтөрүү боюнча айтып чыгышты», — деп билдирди Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Калаадагы №13 автобустун айдоочусу иш үстүндө. Сүрөт: Нуржайна Октяброва/Kloop.kg

Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү эки ишкана тейлейт: Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги жана Муниципалдык автоунаа ишканасы. Калаада эки троллейбус, эки автобус каттамы бар; андагы 31 троллейбус жана 30 автобус Муниципалдык автоунаа ишканасынын карамагында иш алып барышат. Ал эми кичи автобустар же маршруткалар 20дан ашуун жоопкерчилиги чектелген ишканаларга бириккен. 52 каттам боюнча иштеген маршруткалардын саны 1000ден ашат. Алардын баарын Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги тескейт.

Ошто коомдук транспорттордун иштөө саатын жөнгө салган эч кандай бирдиктүү жадыбал жок экенин айтат Романов. Анын түшүндүрүшүнчө, ар бир каттамдын иштөө тартиби жүргүнчүлөрдүн агымына жараша өз алдынча бекитилип турат.

Мисалы, шаардын чет жакасында жайгашкан Амир Темур, Жапалак жана Туран аймактык кеңештериндеги каттамдар элдин агымы аз болгондуктан эртерээк, саат 20ларга чейин токтойт. Ал эми шаардын борбордук бөлүгүндөгү каттамдар саат 22-23кө чейин каттайт деп ишендирет Романов.

«Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги элден түшкөн сунуштардын, арыздардын негизинде, элдин агымына жараша [иштөө тартибин] жөнгө салып турушу керек. Бул алардын милдети. Шаар тургундарынан быйылкы жылдын эсебинен мэриянын дарегине [коомдук транспорт] эрте токтоп калды деген арыздар түшкөн жок», — дейт Ош шаардык мэриясынын чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Романов.

Асел эже балдары мектепке кыйналбай барып келиши үчүн жол кирени көтөргөнгө деле макул. Мектеп жетекчилиги деле окуучулар үчүн атайын коомдук транспорт дайындап берсе колдоп чыгаарын айтат.

«Окуучулар эмнеси болсо да жеңилирээк, убагында мектепке жетсе. Өзүм деле маршруткада жүрөм, машинам жок, — деп бөлүштү ал. — Маршруткалар аялдамаларда токтогондо айдоочу “болду, түшкүлө, батпай калды!” деп окуучуларды сүрүп-сүрүп эле түшүрүп койгон учурлар болот».

Сүрөт: Нуржайна Октяброва/Kloop.kg

Калаада 78 мектеп бар: анын 55и мамлекеттик, калганы жеке менчик. Ошондой эле, алардын арасында жатак мектептер жана окуучулар үчүн күнүгө транспорт уюштуруп берген мекемелер бар. Транспорт уюштуруп берген мектептер көбүнесе жеке менчик болуп саналат. Ал эми мамлекеттик мектептердин эч биринде окуучулар үчүн коомдук транспорт уюштурулбаганын Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Тынчтыкбек Бекташ уулу билдирди. Бекташ уулу кошумчалагандай, айрым мамлекеттик мектептерде ата-энелер балдары үчүн өз алдынча автобустарды уюштуруп берген учурлар да кездешет.

Ошто билим алган окуучулардын саны 70 миңдин тегерегинде. Алардын жок эле дегенде болжолдуу 20 миңдейи Асел эженин балдарындай болуп күн сайын мектепке коомдук транспорт менен каттоого аргасыз. Бирок эгерде окуучулар дем алыш күндөрү, ишембиде жана жекшембиде, жолго чыкса, маршруткада чоңдор сыяктуу 10 сомдон жол кире төлөшөт. Ал эми муниципалдык автобустар менен троллейбустарда окуучулар үчүн жол акы ар дайым 1 сом.

«Окуучулардын айдоочуларга далил катары көрсөтүүчү эч кандай документтери жок. [Эгер айдоочу сурап калса] өздөрүнүн күндөлүктөрүн көрсөтүшөт. Жуманын беш күнү тең окуучулар үчүн 1 сом алынат, калган күндөрү башкалар сыяктуу эле төлөшөт», — деди Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Руслан Закиров.

Түштөн кийин окуган балдары сабактан кеч чыгып, кыштын күндөрүндө суукта маршрутка күтүп кыйналып аткандыктан Асел эже машинасы бар кошунасы менен сүйлөшүп алган: «Кошуналарымдын балдары да менин балдарым окуган мектепке барышат. Ошол кошунама “менин баламды да ала кетиңизчи, кайра ала келиңизчи” деп дайындап, суранууга туура келди. Ал үчүн кошунама акча берип турам».

Бирок ал кошунасын жалдап балдарын мектепке көпкө чейин ташыта алаарына көзү жетпей турат, анткени капчыгы күн сайын жукарууда.

Редакторлору: Элмурат Асан, Гүлжан Эшбаева