Ошто милиционер жол инспекторун сүзүп кеткен тартип бузуузучуну кууп жатып, жөө жүргүнчүнү жарадар кылды

Жол инспектору. Иллюстративдүү сүрөт. Темир Сыдыкбеков RFE/RL

Ошто жол инспектору кесиптешин сүзүп кеткен тартип бузуучуну кубалоо учурунда жолдо бараткан тургунду жарадар кылды. Жарадар болгон тургун менен иснпектор ооруканага жаткырылды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришкендей, окуя 23-декабрь күнү кечинде катталган. Инспекторлор тартип бузган «Мерседес» унаасын токтотушкан: анын алдыңкы айнеги караңгылатылып, номери жок болгон. Машинанын айдоочусу инспекторлордун бирөөсүн сүзүп, качып кетүүгө аракет жасаган.

Жабыркаган инспектордун кесиптеши тартип бузган айдоочуну токтотуу максатында кууп жөнөгөн. Жол инспекциясынан билдиришкендей, кууп жөнөгөн учурда «Мереседестин» айдоочусу «башаламан манёвр жасап», каршы тилкеге чыгып, башка адамдар үчүн коркунуч жараткан. Ошондуктан милиционер эки жолу абага эскертүү огун чыгарганына карабастан, ал натыйжа берген эмес.

Жыйынтыгында инспектор «Мерседестин» дөңгөлөктөрүн атып, бирок ок унаанын алдыңкы капталына тийип — андан кайып өтүп, жолдун четинде бара жаткан 57 жаштагы жөө жүргүнчүнүн кулагына тийген.

Жабырлануучу ооруканага жеткирилген — дарыгерлер анын абалын канааттандыраарлык деп баалашкан, себеби ок сөөк менен теринин ортосунда туруп калган. Тартип бузган айдоочу сүзүп кеткен инспектор да бутунан жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» билдиргендей, ведомство инспектордун табелдик куралын колдонуу укугу боюнча ички иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Эреже бузган айдоочу кармалып, тергөө изоляторуна киргизилген. Милициядан билдиришкендей, ал Ош облусунда жашаган 19 жаштагы бала. Маалыматка ылайык, ал буга чейин соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Ал эми анын унаасынын алдындагы номери жасалма экени аныкталган.

Колго түшүрүлгөн балага Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликтин өкүлүнө карата күч колдонуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.