«Ата Мекендин» лидери Шыкмаматовго карата кылмыш иши токтотулду

Алмамбет Шыкмаматов. Сүрөт: Бексултан Абубакир / RFE/RL

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы «Ата Мекен» фракциясынын депутаты жана башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун кылмыш ишин токтотту: ал паракорчулук жана жасалма келишимдерди түзүү боюнча айыпталып жаткан.

Шыкмаматов өзүнө карата козголгон кылмыш иши 25-декабрда токтотулганын «Клооптун» журналистине айтып берди.

Депутаттын ишин УКМК алып барган — аны жасалма документтерди түзгөн деп айыптап жатышкан. Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, 2011-жылы Шыкмаматов Эсеп палатасына кызматтык автоунааларды сатып алуу боюнча тендерде «Барат Люкс» компаниясына жардам берген.

Тергөө Шыкмаматов тендердик билдирмеге чыныгы наркы 10$ миңден ашпаган жубайынын машинасын киргизип, аны 14,5$ миңге сатты деп эсептөөдө.

Саясатчыны «Коррупция» жана «Кылмышка кошо катышуу» беренелери боюнча жоопко тартышайын дешкен. 2017-жылдын декабрында Биринчи май райондук соту Шыкмаматовду күнөөлүү деп таанып, мамлекетке 5 млн сом айып төлөп берүүгө милдеттендирген.

Бирок Бишкек шаардык соту бул чечимди 2018-жылы жайында жокко чыгарган.

«Экспертиза чыгарган тыянак боюнча мамлекетке зыян келтирилген эмес, а мен тендердик комиссияга катышкан эмесмин. [Ошондуктан] тергөөчү кылмыш ишин токтоткон», — деп ошондо Шыкмаматов Бишкек шаардык соттун чечимине пикирин айткан.