Финчалгын: Банк кардарларынын маалыматтарын текшерүү боюнча талап артка чакыртылды

Гуламжан Анарбаев

Финансылык чалгын кызматы өзүнүн коммерциялык банктарга бардык кардарларынын маалыматтарын берүү боюнча талабы жазылган катын чакыртып алды. Финчалгындын башчысы Гүламжан Анарбаев бул талапты «шашылгандык» деп атады. Бул өкмөт башчы Мухаммед Абылгазиев Анарбаевге сөгүш бергенден кийин болду.

Парламенттик комитеттин 25-декабрындагы отурумунда Анарбаев финчалгындын (ФМЧК) коммерциялык банктарга койгон талабы шашылыш болуп калгандыктан, документ артка чакыртылганын жарыялады.

«Мен өз күнөөмдү сезем. Биз тараптан кемчиликтер кетип калды», — деди ал.

Буга чейин бир күн мурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Анарбаевге сөгүш жарыялаган. «24.kg» сайты өзүнүн маалымат булагына таянып билдиргендей, сөгүш жарыялоого финчалгын банктарга койгон талабын өкмөт менен макулдашпай койгону себеп болгон.

18-декабрда Финчалгын коммерциялык банктардан бардык кардарлары боюнча маалыматтарды талап кылганы белгилүү болгон — бул «коррупция менен күрөшүү» жана банктар менен «коммуникацияны жакшыртуу» үчүн керектелген. Банктардын маалыматтарын алуу менен ведомство банк эсептери менен уячалардын реестрин түзгүсү келген.

Ал үчүн Финчалгын банктардан кардарларынын маалыматтарын тизмектеп бериши керектелген атайын форманы толтуруп берүүлөрүн талап кылган: кардарлардын аты-жөнүн, идентификациялык номерлерин, алардын уячалары менен эсептеринин номерлерин, андан тышкары, эсептердин ачылган күнүн.

Улуттук банк Финчалгын массалык түрдө мындай маалыматтарды талап кыла албайт, анткени бул банктык сырды бузат деп жооп берген.

Өлкөнүн башкы финансылык жөндөөчүсүнөн түшүндүрүшкөндөй, Кыргызстанда банктык сыр абсолюттук түрдө болбосо да мыйзам менен корголгон. Бул деген банктар өз кардарынын жашыруун маалыматын финчалгындын же укук коргоо органдарынын аталган кардар террористтерди каржылоого же акчанын изин жашырууга катыштыгы бар деген шеги болгон күндө гана ачыктай алат дегенди билдирет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Улуттук банк: Финчалгындын банк кардарларынын бардык маалыматтарын ачыктап берүү жөнүндө талабы мыйзамсыз

Финчалгын банктарга эсептер менен уячалардын бардык ээлерин ачыктап берүү талабын койду