Бийлик депутаттарды кантип сатып алат? Исхак Масалиевдин маегинен кыскача үзүндү

Кыргыз парламентинин депутаты Исхак Масалиев «Азаттык» радиосундагы «Бийликтин сырлары» берүүсүнүн алып баруучусуна курган маегинде, өкмөт лоялдуулук үчүн депутаттарды кантип сатып алаарын айтып берди.

«Бийликтин сырлары» берүүсүндө Масалиев журналист Бермет Букашевага, депутатты сатып алуунун парадан башка көп жолу бар экенин маалымдаган.

«Ар кандай жол менен сатып алса болот: жакын тууган адамын жумушка орноштуруу, эгер депутаттын ишканасы бар болсо, ишканасына шарт түзүп берүү же ага карата жазалоочу чараларды колдонбоо», — дейт Масалиев. Ага эч ким акча сунуштабаганын да кошумчалап өттү.

Масалиевдин айтканы боюнча, кээде депутаттын жакын адамына каршы кылмыш ишин козгоп туруп, кайра токтотуп, ошентип «кайырмакка илип алышат».

Масалиев түшүндүргөндөй, депутаттар өкмөткө лоялдуу боло алышат. Анткени өкмөт акчаны кайда бөлүүнү чечет. «Депутат каржы министринен мектептин ремонтуна акча сураса, министр карап туруп: “Кечке уруша берген Масалиевге бергенден көрө, бизге дайыма колдоо көрсөткөн мына ушуга бергеним оң”, — деп айтат. Жумшак тил менен айтканда, бул депутат менен аткаруу бийликтин ортосундагы кызматташтыктын бир түрү», — дейт парламентарий.

Депутаттын сөзүнө караганда, парламент көп учурда өкмөт менен макул болууга тийиш. Анткени бул «депутаттардын өзүн сактоо инстинкти» болуп калган. Себеби 2010-жылдан бери депутаттарга каршы кылмыш иштерин көбүрөөк козгоп башташкан.

«Тилекке каршы ККК (УКМКга караштуу коррупцияга каршы күрөшүү кызматы) менен прокуратуранын кызматкерлери бийликтин колундагы курал болуп калды. Каалаган бийлик — алар үчүн кайсы бийлик экенинин айырмасы жок», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Тема боюнча: 

«Кош колдоп кабыл алынган мыйзамдар». Кыргыз парламентинин укмуштуу ынтымагы жөнүндө айтып беребиз