2018-жылы Сапар Исаков премьер-министрлик кызматын бошотту, артынан кабинетинин дээрлик баары кетти. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Материалдын түп нускасы «Ынтымак» басылмасынын сайтында жарыяланган. Авторлору: Мырзайым Жаныбек кызы, Жазгуль Ибраимова, Анастасия Валеева

2018-жыл ичинде Кыргызстандын эң жогорку бийлик бутактарында 225 кадрдык өзгөрүү орун алган — дем алыш жана майрам күндөрдү эсепке албаганда, дайындоолор дээрлик күн сайын болгон.

Жумуштан алуу жана кызматка алып келүү күн сайын эмес, «таңгак-таңгагы» менен болгон. Мисалы, ушундай көрүнүш 19-апрелде Сапар Исаковдун өкмөтүн отставкага кетиришкенде орун алган — 9 чиновник иштен алынса, күн өтпөй алардын ордуна башка тогузу дайындалган.

Исаковдун өкмөтүнүн отставкага кетиши, Бишкек ЖЭБдеги жаңжал, «Корвалолгейт», Жол министрлигиндеги 520 миң долларлык пара — ушундай бардык чуулуу окуялар өкмөттөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу болгон. Бирок бул кадрдык өзгөрүүлөр өткөн жылдын жалгыз өзгөчөлүгү эмес. 2018-жыл ичинде жумуштан алуу жана коюунун үч мезгили болуп, ага 150дөй кадрдык өзгөрүү туура келген.

Бул өзгөрүүлөр апрель-май, октябрь жана декабрь айларында орун алган.

Апрель-май. Бул мезгил Сапар Исаковдун өкмөтүнүн отставкага кетиши менен эсте калды. Парламенттин депутаттары министрлер кабинетинин 2017-жылдагы отчетун кабыл албай коюп, өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

19-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен жети ай иштеген жаш технократтар өкмөтү отставкага кеткен. Күн өтпөй министрлер кабинетинин башчылыгына президенттин жакыны Мухаммедкалый Абылгазиев дайындалган. Анын келиши менен өкмөттөгү министрлердин басымдуусу калып, вице-премьерлер алмашты.

Бирок, Исаковдун өкмөтүнүн отставкага кетишинин фонунда өз креслосун сактап калгандардын «бактысы» узакка созулган эмес. Алардын бир катарын октябрда болгон «Корвалолгейт» жаңжалы кызмат ордуларынан бошоткон.

Октябрь. Окуя негизи 22-сентябрда башталган. Социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова Сеул-Алматы багытында уча турган учакта жаңжал салып, самолеттон түшүрүлгөн. Көп өтпөй парламент депутаты Аида Исмаилова чиновниктин мас абалда болгонун, анын айынан авиакаттам 2 саатка кармалганын айтып чыккан.

Ошол эле күнү кечинде премьер-министр Каденованы кызматтан алган. Бирок Каденова мас болбогонун, корвалол деген дарыны ичкенин айткан.

Бул окуядан кийин Социалдык өнүгүү министрлигиндеги аткаминерлердин чет өлкөлөргө болгон ыксыз иш сапарлары талкууга алынып, жыйынтыгында министр менен анын орун басарлары кызматтан кеткен.

Анын фонунда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги мыйзам бузууларды айтып чыккан — жыйынтыгында министр Эрлан Абдылдаев өз арызы менен иштен кеткен.

Декабрь. Жылдын аягында жогорку түзүмдөрдө 25 кадрдык алмашуулар ишке ашкан. Бул кээ бир элчилердин дипломатиялык миссияларды бүткөнү менен да байланыштуу болгон. Бирок башкы окуя кайра эле министрлер кабинетинде орун алган.

Жолдор жана транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиевди тендерди кызыкдар тараптын пайдасына чечүү үчүн 520 миң доллар пара алгандыгы менен кармашкан. Тергөөнүн маалыматына ылайык, министрдин орун басары бул иш үчүн жалпысынан жарым миллион доллардан көп пара алмак.

14-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков министр Жамшитбек Калиловду ведомствосундагы коррупция үчүн катуу сынга алган. Кийинки эле күнү Калилов отставкага кеткен.

Социалдык өнүгүү министрлиги кадрдык дайындоолор боюнча алдыга чыкты

Ар бир министрликте жыл ичинде жок дегенде бирден кадрдык өзгөрүү болуп турат. Жыл бою эң көп дайындоолор жана кызматтан алуулар Социалдык өнүгүү жана Саламаттык сактоо министрликтеринде болгон.

2018-жыл «өмүрү узун» аткаминерлердин карьерасын өзгөрттү

Өтүп бараткан жылы 5-8 жылдап бир орунда иштеген бир катар чиновниктер иштен алынып же башка жактарга которулган.

Бир жылдагы кадрдык өзгөрүүлөрдү анализдеп, кыргыз чиновниктери бир кызматта орточо эки жыл отураарын аныктадык. Бул орток көрсөткүчтөн төрт эсе көп убакыт аралыгында УКМКда иштеген рекордчу – Рустам Мамасадыков отставкага кетти.

Рейтингдин экинчи орунунда жети жылдан ашык Өзгөчө кырдаалдар министринин ордунда иштеген Кубатбек Боронов кызматынан көтөрүлүп, вице-премьер-министрликке дайындалган.

Антирекорддор да бар. Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Болот Сүйүмбаев УКМКдан кетип, финполго төрага болуп барган. Бирок Сүйүмбаев өкмөт алмашкандан кийин отставкага кеткен — ал кызмат ордунда 10 күн гана иштегенге жетишкен. Финполдогу анын орун басары Исабек Султаналиев кызмат ордунда андан да аз убакыт иштеген — болгону 8 күн.

Кызматка коюу-алуудагы гендердик өзгөчөлүк

Анализге таянсак, аялдар эркектерге караганда бир кызматта узагыраак отурат. Эгер эркектер бир кызмат ордунда орточо 2 жыл отурса, аялдар – 3 жыл.

Кыргызстанда жогорку кызматтарда эркектер басымдуулук кылат — бул өзгөчөлүк кадрдык өзгөрүүлөргө карабастан сакталып келет. Бирок гендердик теңдик орун алган бир кызык жагдайды аныктадык: аялдар менен эркектердин арасындагы кызматка коюу жана алуулардын катышы бирдей болуп чыкты — жарымынан бир аз көп.

Кыргызстанда кызматка коюу жана алуулар боюнча бирдиктүү база жок. Биз «Кактус», «Спутник», «24 kg» cайттарынан маалыматтарды чогултуп, расмий булактар аркылуу текшердик. Биздин датасет бул шилтеме аркылуу жеткиликтүү.

Бул изилдөөнү ишке ашыруу Internews «Медиа-К» долбоорунун жардамы менен мүмкүн болду. Долбоорду каржы жагынан Дүйнөлүк банк менен IDEMдин өнөктөштүгүндө Кыргызстандагы USAID колдоду.

Материалдын авторлорунун тыянактары донорлордун пикири менен дал келбеши мүмкүн.