Материал "Кыргызстандын Дата мектеби" коомдук фондунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында жарыяланып, «Клооптун» редакциялык материалы болуп эсептелбейт.

Алып баруучусу (АБ): Саламатсыздарбы кутмандуу кыргыз калкым! Кутмандуу күнүңүздөр менен — микрофондо Алтынай Рыспай кызы.

Сиздер «Волна ИК» радиосун угуп жатасыздар, Каракол шаары 107.7 жыштыгынан уксаңыздар, Чолпон-Ата 107.5 жыштыгынан уга аласыздар.

Бүгүнкү биздин программабыздын темасы: Эмдөө тууралуу сүйлөшөбүз. Алгач, бул теманы талкуулоо алдында кыскача эмдөө, вакцина туурасында маалымат берип өтсөк.

АБ: Эмдөө же вакцинациялоо бул белгилүү бир ооруларга карата иммунитетти жакшыртуучу биологиялык препараттар. Вакциналар өлтүрүлгөн же алсыздандырылган тирүү бактерияларды жана вирустарды, ошондой эле вакциналардын туруктуулугуна жана натыйжалуулугуна колдоо көрсөтүүчү компоненттерди жана көмөкчү заттарды камтыйт.

КР калкынын иммунизациясы 2001-жылдын 26-июнундагы «Инфекциялык оорулардын алдын алуу жөнүндөгү» КР №56 мыйзамына, жана 2013-2017-жж. карата «Иммундук алдын алуу» программасына ылайык акысыз ишке ашырылат.

2016-жылдан баштап КРда алдын алуучу эмдөө календарынын алкагында 11 инфекцияга каршы эмдөө жүргүзүлөт, алар: кептөөр, тырышма, көк жөтөл, кургак учук, эпидемиялык тепки, “В” вирустук гепатити, полиомиелит, кызылча, кызамык, Хиб-инфекциясы, пневмококк инфекция оорууларына карата эмделет.

Эми эмдөө жөнүндө айрым Каракол шаарынын тургундарынын оюн уксак; андан кийин теманы улантабыз.

*СИНХРОН*

АБ: ЮНИСЕФтин изилдөөлөрүнүн натыйжасында, жалпы республикалык жогорку көрсөткүчкө карабастан, калктын интенсивдүү ички жана тышкы миграция көрүнүшүндө республиканын бардык аймактары боюнча алдын алуучу эмдөөлөрдөн баш тартуу тенденциясы байкалды. Каракол шаардык оорууларды алдын алуу бөлүмүнүн маалыматы боюнча, алдын алуучу эмдөөлөрдөн баш тартуунун саны Ысык-Көл облусу боюнча 2016-жылы 241 учур болсо, 2017-жылы 562 учурга чейин жеткен.

Ал эми 2018-жылдын 9 айын алып карай турган болсок, 297 адам эмдетүүдөн баш тартышкан...Алардын ичинен эмдегенден кийинки жагымсыз реакциялар менен байланыштуу кооптонуулар жана коркуулар деп эсептеген 18 адам, диний көз караштардан улам 267, маалыматтын жетишсиздигинен 4, ж.б. себептерден улам 8 адам эмдөөгө каршы болушкан. Эмне себептен баш тартуулар болуп жаткандыгын жана мунун себебин бизге Каракол шаардык оорууларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Лилия Бектурова маалымат берет.

*СИНХРОН: Лилия Бектурова, эксперт-иммунолог, Каракол шаардык оорууларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы*

АБ: Кыргызстанда колдонулган вакциналар Европада колдонулуучу вакциналардай эле сапатка ээ. Вакциналардын компоненттери коопсуз жана эч кандай уулуу же тыюу салынган заттарды камтыбайт, ошондой эле бүткүл дүйнө жүзүндө, анын ичинде ислам шариятынын өлкөлөрүндө (Сауд Аравиясы, Түркия, ж.б.) кеңири колдонулат.

Кыргызстан 10-жылдан ашык убакыттан бери вакцинаны: Бельгия, Франция, Индонезия, Япония, Швейцария, Индия, Болгария, Корея, Улуу Британия мамлекеттеринен сатып алып жатат.

КРга келип жаткан вакциналарды атайын белгилүү бир топ механизмдерден кийин ишке ашат. ЮНИСЕФтин сатып алуулар бөлүмү эл аралык тендерлерди өткөрөт, ал продукциялар GMP эл аралык стандарттарына дал келген жана БДСУнун кайра адистештирүү процедурасынан өткөн гана фармацевтикалык компаниялар катыша алышат.

Жалпысынан балага календардык план боюнча 11 вакцина коюлат. Аны мамлекет өлкөнүн бюджетинин эсебинен сатып алат. Алсак, 1 вакцина үчүн 6 миллион адамга 9 миллион сом коротот. Ал эми Ысык-Көл облусун ала турган болсок вакцинанын 11 түрүнө жылына 1,500 миллион сом акча каражаты сарпталат. Бул вакциналарды алууда эч кандай донорлор каржылабайт.

АБ: Ал эми Ысык-Көлдүн ажысынын айтымында, эмдетүү керектигин. Бирок, интернет булактарында эмдөө боюнча чаташтырылган маалыматтар кетип жаткандыгын билдирип өттү.

*СИНХРОН: Ысык-Көл облусунун имамы Алмаз Сагындыков*

АБ: Бүткүл дүйнө жүзүндө жыл сайын 5 миллион адам каза таап турган табигый чечек оорусу 1978-жылы жок кылынган.

16 миллиондон ашык адам полиомиелитти жок кылуу боюнча глобалдуу аракеттердин жыйынтыгында шал болуудан сакталып калган.

1988-жылдан баштап полиомиелитке чалдыгуу учурларынын саны 99 пайыздан ашык көрсөткүчкө чейин: 350 000 учурдан 2017-жылы катталган 22 учурга чейин азайган.

2000-2016-жылдардын ичинде кызылчага каршы эмдөө БДСУнун баалоолору боюнча, кызылчага каршы эмдөөнү коомдук саламаттык сактоодогу эң мыкты эмдөө кылуу менен 20,4 миллион өлүмгө бөгөт койгон.

Кызылчага каршы коопсуз, натыйжалуу жана үнөмдүү вакцина бар экендигине карабастан: 2016-жылы дүйнө жүзүндө негизинен беш жашка чейинки курактагы балдар арасында кызылчадан болгон 89 780 өлүм катталган.

2018-жылдын 6 айынын ичинде БДСУнун ЕАБ өлкөлөрүндө кызылчанын 40 миңден ашык учуру катталган, алардын ичинен 37си өлүм учурлары болгон. КРдагы вакцина менен алдын алуунун көрүнүшүндө: 1993-жылдан бери полиомиелит, кургак учук менингити, тырышмасы оруусу; 8 жылдан бери кептөөр оорулары катталбай келүүдө.

Ал эми 1 жашка чейинки балдар арасында В вирустук гепатити, көк жөтөл оорулары 100 миң адамга 2 учурга чейин азайган; эпидемиялык тепки оорулары 100 миң адамга 4 учурга чейин азайтылган; вакцина башкаруучу инфекциялардан болгон өлүм учурларына жол берилген жок.

АБ: Каракол шаарында жашаган Гузел 34 жашта. Гузел айымдын 2 баласы бар. Ушул учурга чейин Гузел айым балдарын эмдетүүгө каршы болуп келген. Эмне себептерден оюн өзгөрткөндүгүн чогуу тыңдасак.

*СИНХРОН: Гузел*

АБ: СССР убагында ар бир балага эмдөө милдеттүү түрдө жасалчу, азыркы учурда биздин өлкөдө эмдетүүдөн баш тартса да болот. Бирок эмдетүүгө каршы болгон ата-энелердин милдети өзүлөрүнүн мойнунда.

АБ: Урматтуу угармандар бүгүнкү дени сак муун, эртенки келечек. Келгиле ошондуктан бири бирибиздин келечегибизди ойлоп акылдуу каадам жасайбыз.

Бүгүнү берүү эмдетүү тууралуу ойлонуп жаткандарга кандайдыр бир чечим чыгарууга жакшы маалымат болду деп ойлойм. Сиздер менин Ысык-Көлүм программасын уктуңуздар. Сиздер менен микрофондо мен Алтынай Рыспай кызы болдум. Эмки берүүдө амандашканча, сак саламатта болуңуздар.

[totalpoll id="81526"]