Иллюстративдүү сүрөт

7-январдан тарта автоунаа ээлерине жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) мыйзами күчүнө кирет. Бирок бийлик камсыздандыруу полистин баасын да, компенсациялар боюнча төлөмдөрдүн суммасын да аныктай элек, ошондой эле бир дагы камсыздандыруучу компанияны лицензиялашкан жок. Ушунун баары кайсы баскычта турганын түшүндүрүп беребиз.

ОСАГО — бул автоунаа ээлеринин жоопкерчиликтерин милдеттүү түрдө камсыздандыруу. Мыйзам транспорт каражаттарынын ээлерин автоунаа сатып алгандан же ээликтен ажыратуу укугу тууралуу ишеним кат алгандан кийин, беш жумушчу күндүн ичинде өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырууга милдеттендирет. Полис унаа кырсыгы болгон маалда жабырлануучунун алган жаракаттары жана мүлкүнө келтирилген зыян үчүн кепилдендирилген төлөмдөрдү алуусу үчүн керек.

7-февралдан тарта ОСАГО полиси жок болгон унаа ээлерине айып пул салса болот: жеке адамдарды 3000 сомго, юридикалык жактарды 13 миң сомго.

Мамлекет али даяр эмес

Мыйзам боюнча, автоунаа ээлери камсыздандыруу полисти мамлекеттик же жеке камсыздандыруу компаниялардан ала алышат. Кыргызстанда 16 компания иштөөдө — бирөөсү мамлекеттик компания.

Мамфинкөзөмөлдүн өкүлү Нурлан Байбосуновдун айтымында, азыркы убакта жети компания ОСАГОго катышкысы келет, бирок алардын бирөөсү дагы полис берүүгө лицензия ала элек. Бир нече камсыздандыруу компаниялар «Азаттык» радиосуна билдиришкендей, бийлик өзү камсыздандыруунун баасын жана алар боюнча төлөмдөрдүн өлчөмүн беките элек.

Ошондуктан, Мамфинкөзөмөл ОСАГО камсыздандыруу полисинин жок болгону үчүн айып пул салууну 7-февралдан 7-августка жылдырууну сунуштаган — бирок бул автоунаалары Кыргызстанда катталган айдоочулар үчүн гана. Маалыматка ылайык, мындай сунуш ОСАГОнун күчүнө киришин «жеңилдетүү» үчүн жана «айдоочулар тараптан нааразычылыкты» болтурбоо үчүн берилген.

Мындан тышкары, өкмөт ОСАГО боюнча мыйзам толук иштөөсү үчүн керектелген нормадивдик актыларды карап чыга элек жана кабыл ала элек. Байбосуновдун сөздөрүнө караганда, бул актылар түзүлгөн, болгону өкмөт аны бекитип бериши керек. Андан соң өкмөт полистин баасын аныкташы керек. Байбосунов бул үчүн дагы 10дой күн кетет деп божомолдоодо.

Бул ОСАГОну киргизүүнүн биринчи аракети эмес

Кыргызстан өкмөтү жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандырууну төрт жылдан бери киргизүү аракеттерин көрүүдө. ОСАГО боюнча мыйзамды парламент 2015-жылы кабыл алган эле.

Өкмөттүн алгачкы ойлогону боюнча ОСАГО 2016-жылдын январында эле милдеттүү болуп калышы керек болчу. Бирок ошол учурдагы премьер-министр Темир Сариев бийлик мыйзамды киргизүүгө калкты жетишээрлик даярдаган жок деп таанып, мыйзамдын күчүнө кирүү датасын жылдырууну сунуштаган эле. Сунушту парламент да, президент да жактырган.

Авторлошу: Евгения Михайлиди