©UNICEF Kyrgyzstan/by Alma Karsymbek/2015

Материал "Кыргызстандын Дата мектеби" коомдук фондунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында жарыяланып, «Клооптун» редакциялык материалы болуп эсептелбейт.

Кыргызстанда балдарды эмдетүү Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан улуттук календардын негизиде жүргүзүлөт.

Учурда калктын санынын 95 пайызга жакынын эмдөөдөн өткөн. Бул жакшы көрсөткүч болгонуна карабастан, учурда ата-энелер арасында балдарды эмдетүүдөн баш тартуу тенденциясы байкалууда.

Иммунологдор бул коомдук иммунитеттин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн дешүүдө. Ош облусунун иммунологу Булбул Уметова менен эмдөө календары, эмдетүүнүн пайдасы жана аны жасатуунун зарылчылыгы тууралуу маек курдук.

— Эмдөө боюнча улуттук календарь деген эмне? Эмдөөнүн убактылары жөнүндө айтсаңыз, дегеле бала төрөлгөндөн баштап канча жашка чейин алууга болот?

— Улуттук календарь Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген. Биз эмдетүүнү ошонун негизинде жүргүзөбүз.

Календарга ылайык балдар 11 жугуштуу башкарууга мүмкүн болгон ооруга каршы эмдетилет. Ал оорулар адамга аба аркылуу жугат. Ошондуктан эмделбеген адамдарда аны жугузуп алуу коркунучу жогору болот.

Жаңы төрөлгөн ымыркайдын жашоосунун биринчи эле мүнөтүндө анын тирисине, дем алуу органдарына жана ичеги карындарына миңдеген бактериялар орношот.

Балдардын организми миллиондогон микробдорго жооп берүүгө жөндөмдүү. Анткени баланын организминде миллиондогон иммундук клеткалар бар.

Ал эми вакциналар баланын иммундук системасын күчөтүп, башкарууга мүмкүн болгон жугуштуу ооруларды алдын-алууга, каршылык көрсөтүүгө же жеңип чыгууга жардам берет.

Ошон үчүн биз ымыркайды төрөт үйүнөн баштап кургак учук, вирустук гепатиттин В түрүнө каршы эмдөө иштерин жүргүзөбүз.

Андан кийинки эмдөө иштери бала 2 айында көк жөтөл, кептөөр, тырышма, гепатиттин В түрүнө жана гемофилдик инфекциянын В түрүнө, шал оорусуна жана пневмококк жугуштуу ооруларына каршы эмделет.

Кийинки эмдөө иштерибиз бала 3,5 айга толгондо жүргүзөт. Бул ирет бала 2 айында алган вакциналар кайра берилет, башкача айтканда 5 жугуштуу ооруларга каршы эмделет.

Бала 5 айга толгондо эки айында алган вакциналарды үчүнчү жолу кайталап алат. Ошондо 5 жугуштуу ооруга каршы эмделет. Беш вакцина бир ийне менен сайылып берилет — балдар кайра-кайра сайылган ийненин оорусуна чыдабай кыйналбашы үчүн.

Наристе 1 жашка келгенде биринчи ирет кызамык, кызылча, сенек оорусуна каршы вакцина алат. Ал эми пневмококко үчүнчү жолу эмделет.

Календарь боюнча кийинки вакцинация бала 2 жашка чыкканда жүргүзүлөт. Анда наристе көк жөтөл, кептөөр, тырышма ооруларына каршы эмделет.

Алты жашында бала кептөөр, тырышма, кызылча, кызамык жана тепкиге каршы жасалат.

11 жашында бала кептөөр жана тырышмага каршы эмделет. Андан кийин 16 жаштан баштап жарандар ар он жыл сайын кептөөр жана тырышмага каршы (26, 36, 46, 56) вакцина алып турушу керек.

— Кээ бир вакциналар кайталанып берилип жатат. Эмне үчүн?

— Улуттук календарда балдарыбыз 2, 3.5, 5 айга толгон учурларда 5 ооруга каршы вакцина кайталанып берилип жатат. Анткени бул жугуштуу ооруларга каршы балада толук кандуу иммунитет пайда болуусу үчүн кайталап алуу зарыл.

Ошондо гана жогоруда айтылган жогуштуу оорулардан алыс болот же болбосо оору жеңил өтөт. Балага оору жугуп калган учурда ал бат сакайып кетет.

— Чоң кишилерге эмдөө кандай ооруга каршы жүргүзүлөт жана аны алуу канчалык зарыл?

— Чоң адамдарыбызга биз 16 жаштан жогору 26,36,46, 56 жашында тырышма жана кептөөр (буума оорусуна) каршы ар он жылда эмдөө жүргүзөбүз.

Ар 10 жылда жүргүзгөнүбүздүн себеби жарандарыбыз он жылга жакындаганда аталган ооруларга каршы организмде иммунитет төмөндөй баштайт. Ошондуктан вакцинаны кайталап алып туруу керек.

— Эмдөөдөн өткөн бала кандай жугуштуу оорулардан алыс болот?

— Улуттук календарь боюнча бала өз убагында эмдөөдөн өтүп турса, жугуштуу оорулардан корголгон болот. Аталган ооруларга кабылса да аларда оору жеңил өтөт. Ошондой эле эмделген бала коомго коркунуч алып келбейт.

Анда ооруга каршы иммунитет бар болгондуктан башка адамдарга ооруларды жугузуу коркунучун туудурбайт. Анткени ал коомдук (коллективдик) иммунитетти жаратуучулардын бири болуп калат.

Эгерде улуттук календарыбызда көрсөтүлгөн 11 жугуштуу ооруларга каршы бала эмделбесе: гемофилдик жана пневмококк оорусуна каршы бала эмдөөдөн өтпөсө, инфекциялары мээнин сезгенүүсүнө алып келүүсү мүмкүн (менингит өлүмгө дуушар кылышы мүмкүн).

Ал эми шал оорусу — бул балдардын кол-буттарынын шал болуусуна алып келиши мүмкүн.

Азыркы учурда шал оорусу жок кылынбаган өлкөлөрдө балдар бул оорудан өлүмгө дуушар болушууда. Сенек оорусу — булчуң эттеринин катуу ооруп тартылуусуна алып келет.

Бул учурда бейтап оозун ача албай, тамакты жутуна албай калат.

  • Сенек оорусуна кабылгандардын 10% каза табышат.
  • Кызылча оорусу — ымыркайдын тубаса кемтик төрөлүүсүнө алып келет.
  • Өнөкөт гепатит В оорусу — боордун цирроз жана рак оорусуна алып келет.
  • Көк жөтөл оорусуна кабылгандардын 50% 2-3 ай бою жөтөл приступу менен кыйналышат.
  • Тепки оорусу — 0,1% тукумсуздукка алып келет.
  • Кургак учук оорусу — кургак учук жана баш мээнин сезгенүүсүн пайда кылат.
  • Кептөөр оорусу — оорулуулардын 10% өлүмгө дуушар кылат.
  • Кызамык оорусу — бейтаптардын 1% өлүмгө дуушар кылат жана 5% майыптыкка алып келет.

— Эгерде утуттук календарь боюнча эмдөө албай же жарым жартылай алгандар болсо, алар кайрадан вакцинацияны кантип алса болот?

— Бала Эмдөө боюнча улуттук календардын негизинде ар түрдүү себептерден улам өз убагында эмделбей калса өздөрү жашаган аймактагы бейтапканага кайрылат. Бирок ата-эненин жанында баласынын эмдөөлөр жазылган 63 формасын болушу шарт. Иммунологго ошол форманы алып барса, ал ошол балага тиешелүү өздүк календарь түзүп берет. Таптакыр эмдөө жасалбаса да иммунологго кайрылса, ага да өздүк календарь жасалат.

— 63 формасын ата-эне жоготуп алган болсо, аны кантип жана кайдан калыбына келтире алышат?

— Форма 63кө балдарыбыз төрөт үйүндө төрөлгөндөн баштап ар бир алган эмдөөлөрү, сериялары, мөөнөттөрү, кайсыл күнү алынгандары тууралуу жазылат. Эгерде ата-эне бир жерден экинчи жерге көчкөндө 63 формасын албай кеткен же жоготуп койгон учурда, кайра бизге келип 64-журналдан көчүрмө жазып алып кетсе болот.

— Улуттук календардан сырткары дагы кандай вакциналар бар? Алар кайсы учурларда алынат?

— Улуттук календардан сырткары жылына гриппке каршы эмдөөлөр жүргүзүп келет. Акыркы жылдары жакшы жолго коюулуп жатат.

Андан сырткары Ажыга бараткан жарандарыбызга грипп, минингит оорусуна каршы эмдөө ишин жүргүзүлүп колдоруна сертификат берилет.

Акыркы жылдары Кыргызстанда гриппке каршы вакцина иштелип жатат. КРдин саламаттыкты сактоо министрлик тарабынан алынып берилип жатат.

Үй-бүлөөлүк даарыгерлер тез-тез ооруган балдарга, чоң жарандарыбыз сахардык диабет, жүрөк оорулар менен ооругандарга гриппке каршы эмдөө иштери күз айларында өздөрү жашаган жерлериндеги поликлиникаларда жүргүзүлүп турат. Андан сырткары аялдардын жыныстык жактан шейка матка рак ооруларына каршы вакцинаны улуттук келендарга киргизүү боюнча кийинки жылга пландап жатабыз.

— Улуттук календардын ишке ашырылышын ким көзөмөлдөйт?

— Улуттук календарды ата-энелер билишет. Ар бир эмканаларда илинип турат, буклет түрүндө колдоруна берилет. Ата-энелер кызыкса эмканада иштеген медайымдар же болбосо иммунологдор бул жөнүндө кенен маалыматтарды берип турушат.

Эгерде ички мигрант болуп, убактылуу жашаган жериндеги поликлиникага барып эмдетсе болот. Же болбосо туруктуу жашаган жери болбосо деле, баласынын 63 формасын көрсөтсө, бардык жерде акысыз эмделет. Ымыркайды алгачкы жолу эмканага алып келгенде кайсыл айда эмделери жөнүндө иммунологдор маалыматтарды берет.

— Эмдөө тармагында Кыргызстан кандай ийгиликтерге жетишти?

— Кыргызстанда шал оорусунун акыркы учуру 25-июнь 1992-жылы катталган. Шал оорусуна кабылган балдарыбыз жогоруда айтып өткөндөй балдардын кол-буттарынын шал болуусуна же болбосо өлүмгө дуушар кылуусу мүмкүн. Азыркы учурда шал оорусу жок кылынбаган өлкөлөрдө балдар бул оорудан өлүмгө дуушар болушууда.

Бирок, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан боюнча эмдөө боюнча жакшы жыйынтыктар бар. Эмдөөнүн жыйынтыгы бар деп мен коркпой айта алам, себеби шал оорусунда биз Кыргыз мамлекетибиздин жарандары арасында шал оорусу боюнча катталбайтат.

Ошондой эле шал оорусу жок деп 2002-жылдын июнь айында сертификат алганбыз. Ал эми кээ бир мамлекеттерде Пакистан, Афганистан мамлекеттеринде учурда шал оорусу менен ооругандар бар, ошон үчүн биз дагы шал оорусуна каршы эмдеп турабыз. Себеби жарандарыбыз чет өлкөгө чыгып жатышат.

Эмдетүү дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 2-3 млн, күн сайын 10 миңдей адам өмүрүн сактайт.

— Учурда кызамык оорусу менен ооруган балдардын саны көбөйүүдө. Ош облусунда абал кандай? Бул ооруну кимдер жуктуруп алышы ыктымал. Эмдөө жасатуу учүн кайсыл жерге кайрылса болот?

— Учурда Республикабыз боюнча Чүй облусунда жана Бишкек шаарында кызамык оорусу жүрүп жатат. Көбүнчө бул жерлерге анализдеп караганда 1 жашка чейинки балдардын ооругандары көп болуп атат. Себеби бул балдар календар боюнча 1 жашында эмдөө алат.

Эмдөөгө чейин эле бири-бирине жуктуруп алып, организмде иммунитет жок болгон үчүн оорулар пайда болуп атат. Ар бир бала өз убагында эмделип турса ар кандай жугуштуу оорулар жукпайт.

Учурда облусубузда бул боюнча абалыбыз тынч, аймактарда бүт көрсөтмөлөр берилген, ошолор боюнча санитардык эмдөө борборлору эмдөө иштерин жүргүзүп жатат. Эмдөө жасатуу үчүн жер-жерлердеги поликлиникалардан алса болот.

— Улуттук календарды кээ бир тургундар билишпейт экен. Ал жөнүндө маалыматты кайдан алса болот? Силер аны калктын кеңири катмарына жеткириш үчүн кандай иш-аракеттерди көрүп жатасыңар?

— Бүгүнкү күндө эмдөө календары боюнча түшүндүрүү иштерин телекөрсөтүүлөргө жана радиолорго чыгып маалымат берип турабыз.

Ошондой эле жер жерлердеги участкадагы медайымдар да бул жөнүндө маалыматтарды берип турушат.

Казыяттар менен биргеликте телекөрсөтүүлөргө чыгып маалыматтарды жеткирип турабыз. Андан сырткары эмдөөлөр жөнүндө ар жыл сайын апрель айында Европалык эмдөө жумалыгы өткөрүлөт.

Мында телерадиолордон түз эфир уюштурулуп элдердин түшүнбөгөн суроолоруна жооп беребиз.

[totalpoll id="81531"]