©UNICEF Kyrgyzstan/by Vlad Ushakov/2008

Материал "Кыргызстандын Дата мектеби" коомдук фондунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында жарыяланып, «Клооптун» редакциялык материалы болуп эсептелбейт.

Жугуштуу оорулардан сактоо максатында ар бир өлкөдө балдарга эмдөөлөр жүргүзүлөт.

Акыркы жылдарда ар кандай себептерден улам (диний көз караштар, вакцинанын сапатына ишенбегендер, эмдөөдөн кийинки баланын ыйлаганына чыдабагандар, ж.б.) эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин саны көбөйүп, анын кесепетинен кээ бир аба аркылуу жуга турган оорулар менен ооруган балдардын саны да арбып баратат.

Эмдөөлөр, алардын пайдасы, эмдөөлөр кимдерге жана кандай шартта жүргүзүлөөрү туурасында Чүй облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун Ден соолукту чыӊдоо бөлүмүнүн башчысы Асель Айтекова жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр ажы Токтогазы уулу менен маектешип, эмдөөлөргө кедергисин тийгизип жаткан себептерге жооп издеп көрдүк.


Асель Айтекова, Чүй облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун Ден соолукту чыӊдоо бөлүмүнүн башчысы: “Бардык эмдөөлөр бекер жүргүзүлөт”

— Асель Адылбековна, эмдөөлөр боюнча статистикалык маалыматыӊыз барбы?

— Ооба, 2017-жылы Кыргызстанда 150 814 бала төрөлсө, алардын 143 273ү эмдөөдөн өтүшкөн. 2017-жылы 7905 ата-эне баласын эмдетүүдөн баш тартышкан (булардын 68 пайызы диний көз караштардан, 19,8 пайызы вакциналардын коопсуз экендигине ишеним артпагандар, калгандары түрдүү себептерден улам баш тарткандар).

Ал эми Аламүдүн району боюнча айта турган болсок, быйыл 2018-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин БЦЖ боюнча 92,5%, кептөөр жана селейме боюнча 82,5% эмделсе, алардын ичинен 2 жаштагылар -92,8%, 6 жаштагылар - 89,4%, 11 жаштагылар - 79,6% түздү.

Ал эми шал оорусуна каршы – бардыгы болуп -85,6% эмделди. Көк жөтөл боюнча райондон – 82,1%,кызылча, темпе, кызамыкка 90,5% эмдделишти.

Кыргызстанда 11 жугуштуу ооруга каршы вакцина сайылат. Бул жерде баса белгилей кетчү нерсе, улуттук календарь боюнча жогоруда саналган бардык эмдөөлөр бекер жүргүзүлөт.

— Негизи эле вакцина деген эмне?

— Вакцина – бул жугуштуу ооруга иммунитет жаратууга багытталган медициналык иммунобиологиялык каражат.

Вакцина алганда балада ооруга каршы 10 жылга жете тургандай иммунитет жаралып, оору жукса да ал бала ооруну жеӊил көтөрөт.

Эгерде эмдөө албай калган балага оору жуга турган болсо, мисалы кызамыкка каршы албай калды дейли, андайда оору татааалдашып сокурлук, кереңдик, мээнин сезгениши, бронхопневмонияга чейин жеткирет.

— Эмдөөнүн пайдасы барбы, дегеним кээ бирлер балдарын эмдетүүдөн баш тартып жатышпайбы?

— Эмдөөлөрдүн натыйжасында өлкөдө 1993-жылдан бери балдардын шал оорусу, 2003-жылдан бери селейме (столбняк), 2007-жылдан бери кептөөр (дифтерия) менен бир да бала каттала элек.

Эмдөө албаган балдар жугуштуу оору менен ооруп калса аны соо балдарга жугузат. Мыйзам боюнча ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартууга болот. Бирок, кайра эле мектеп же бала бакчага эмдөөдөн өтпөгөн балдарды кабыл алышпайт.

Ушул жактан мыйзамда кандайдыр бир карама-каршылык бар. Кээ бирлер вакцинанын сапатына ишенишпей эмдетишпейт. Мен бизге келген вакциналардын сапатына кепилдик бере алам.

Себеби бизге дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) атайын текшерилүүсүнөн өткөн вакциналар сертификаттары менен ЮНИСЕФ тарабынан келет.

Адегенде вакциналар Бишкектеги дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздандыруу департаментине келип түшөт.

Алар өлкөдө вакциналарды каттоодо төмөнкү документтерди талап кылышат: вакцина өндүрүлгөн өлкөнүн вакцинанын катталганын аныктоочу документи (сертификаты), вакцинанын партиясына компоненттүү органдардан (ВОЗ, чыгарган завод жана башка)берилген сапат сертификаты, дары каражаты GMP шартында (стандартта) чыгарылганын аныктаган сертификат.

Андыктан бизге сапатсыздары келет дегенге негиз жок.

— Вакциналардын курамындагы алюминийдин гидроокись гели, тиомерсал ж.б. заттар ден соолукка кедергисин тийгизет деп жатышат. Эгер кедергисин тийгизсе, канчалык деӊгээлде тийгизет?

— Бул туура эмес. Бутка сайылганда алюминийдин гидроокись гели вакцинанын организмге аз-аздан сиңишин камсыз кылат. Ошол гель сайылган жерди катуу кылып (калыңдатып) оорутат. Бирок кийин сорулуп кетет.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) алдында түзүлгөн Вакциналардын коопсуздугу боюнча глобалдуу кеңешме тобу 2000-жылдан бери бул жаатта изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатат, жыйынтыгында адамдардын ден соолугуна кедергисин тийгизген эч нерсе табылган жок.

Тиомерсал курамына этилртутту камтыйт, ал организмде батыраак бөлүнүп жок болот, чогулбайт. Ошондуктан кооптонуунун кажети жок.


Бактияр ажы Токтогазы уулу, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн адиси: “Эмдөөнү туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек”

Эмдөөнүн максаты ооруну алдын алуу болуп эсептелинет. Мамлекеттин милдети, жарандардын ден соолугуна кам көрүү.

Ошол максатта эмдөөлөр жүргүзүлөт. Бирок, ар бир адамдын талаптары, укуктары бар эмеспи. Доктурлар аларга туура түшүндүрүп, талаптарын туура камсыздап бериши керек.

“Эгер эмдөө албасаӊ мектепке кабыл албайбыз, башка жактарга бара албайсыӊ”, — деп коркутууга өтүшөт экен. Бул туура эмес чечилиш. Кызамыкка же менингитке алынып атабы, кайсы ооруну алдын алуу боюнча вакцина сайылып жатса, ошонун курамында күмөндүү нерселер жок деп адамдарга туура түшүндүрүү жолдорун издеш керек.

Ошондо бул жаатта жылыштар болот. Бул жаатта Муфтият көп жакшы иштерди аткарып, тиешелүү министрлик, тиешелүү органдар менен иштерди чогуу жүргүзүп келе жатабыз.

Менин өзүмдүн 2 балам бар, эмдөөлөрүн өз убагында алабыз.


Кыргызстандагы эмдөө календары:

Бала төрөлгөндө төрөтканадан сарык оорусунун В түрүнө (ВГВ) жана кургак учукка каршы (БЦЖ) эмделишет.

Андан кийин 2 айлыгында кептөөргө, селеймеге, сарыктын В түрүнө, b тибиндеги гемофилдик инфекцияга (АКДС, ВГВ, ХИБ) каршы эмделет.

3,5 айлыгында көк жөтөлгө, кептөөргө, "b" тибиндеги гемофилдик инфекцияга, шал оорусуна каршы эмделишет.

5 айлыгында болсо көк жөтөлгө, кептөөргө, селеймеге, сарык оорусунун В түрүнө, , b тибиндеги гемофилдик инфекцияга, шалга карата эмделсе, 12 айлыгында кызамыкка, тепмеге, кызылчага каршы эмделет.

2 жашында балдарга көк жөтөл, кептөөр, селеймеге каршы эмдешет.

Андан кийин 11, 16, 26, 36,46,56 жашта кептөөргө жана селеймеге каршы эмделишет.


Вакциналардын түрлөрү:

  • Тирүү вакциналар – өзүнө алсыздандырылган тирүү микроорганизмдерди (микробдор) камтыйт.
  • Өлтүрүлгөн (инактивированные) вакциналар. Булар өзүнө өлтүрүлгөн бүтүн микроорганизмди же клеткалардын кабыкчаларынын компоненттерин же оору козгогучтун башка бөлүктөрүн камтыйт.
  • Тазаланган антигендер. Булар гендик инженердик ыкма менен алынгандар.
  • Анатоксиндер – бактериялар иштеп чыгарган уулар (өлтүрүлгөн).


Вакциналарга кошулуучу кошумча заттар:

Адъюванттар – иммундук жооптун иштелип чыгышын күчтөндүрүүчү заттар (алюминий тузу).

Антибиотиктер – вакцина үчүн ткандын клеткаларын өстүрүүдө аларды бактериалдык булгануудан сактоо үчүн колдонушат.

Консерванттар – химиялык заттар, буларды өлтүрүлгөн же субъединицалык вакциналарга вирустардын активдүүлүгүн жайлатуу, бактериалдык ууларды зыянсыздандыруу жана көп дозалуу флакондордо бактерия менен грибоктордун өсүп кетүүсүнүн, вакцинанын булганып калуусунун алдын алуу үчүн кошушат.

Стабилизаторлор (турукташтыргыч) – вакциналарды туруктуу (бузулбай) кылып кармап туруу үчүн колдонулуучу заттар (мисалы, желатин, инъекция үчүн суу, полисорбат жана башка).

[totalpoll id="81530"]