Таластагы «3-канал» соцтармактарда автомат кармаган кишинин видеосун жарыялаган. Тасмадагы түшүндүрмө менен үндөргө караганда видеодогу киши унаанын терезесинен чыгып, автомат менен асманга ок атат. Милициядан билдиришкендей, бул видео монтаждалган: автомат — оюнчук, ок атуу болгон эмес. Видеонун фейк экендигин кантип аныктаса болоорун түшүндүрүп беребиз.

Тасманы 6-январда жарыялашкан. Роликте ак түстөгү автоунаалардан турган үлпөт кортежи Таласта бара жатып, машиненин бирисинен колуна автомат кармаган эркек киши терезеден чыгат. Бир нече секунддан кийин видеодон ок атууларды угууга болот.

https://www.facebook.com/376092802835027/videos/224570711758998/

Кийинчэрээк Талас облусунун ИИБнин кызматкерлери үлпөт тоюнун катышуучуларын таап, сүйлөшүшкөн. Той ээлеринин айтымында, автомат оюнчук болгон жана коноктордун бирөөсү асманга ок атымыш болуп койгон. Автоматтын үнүн болсо монтаж менен кошуп коюшкан.

«Автомат алдыңарда жатат. Ал каучуктан жасалып, Талас базарынан 300 сомго сатылып алынган. Бул балдарга белек болчу. Бирөө аны машиненин терезесинен чыгарган. Тагыраагы ким чыгарганын билбейм», — деп күйөөсү милицонерлерге түшүндүрүп берди.

Социалдык тармактарда кортеждин арасындагы унаадан бир нече белгисиз жарандар унаанын айнегинен ок атуучу куралдан асманга ок аткан кеңири таратылган видео тасмагы боюнча Талас ОИИБнын Басма-сөз кызматы билдирет: Окуя боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгы текшерүү иштерин жүргүзгөн. Текшерүү учурунда 24-ноябрь куну Талас шаарынын тургуну 1997-ж.т. Ж. К. уйлөнүү тоюнда тартылгандыгы аныкталган. Ал жерде кадимки эле уйлөнуу тойдогу кортеж Манас ордо улуттук комплексине карай жоноп жаткан. Кортеждин катышуучулары биринин артынан бири чубап Манас ордого кирип жаткан кезде, автоунаадагы уйлөнүү тойго келген дос балдары унаадагы жеткинчээк балдардын ойноп жүргөн автомат оюнчугун алып жүргөн. Ал оюнчук автоматты дос балдардын бири унаанын айнегинен чыгарып, асманга каратып күлүшүп ойногон. Ал видео тасманы жакшы саптта монтаждалып, үн жасалгалары берилип таратылгандыгын той ээси өзү тастыктады жана элдерден Талас жарандарына шек келитируучу жагдай болгондугу учун кечирим сурап кайрылуу жасады.. Ал жерде эч кандай уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар деп айтууга негиз жок. Аталган факты боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.Талас ОИИБнын Басма сөз кызматы.@dinarasarnogoeva

Posted by 3 kanal - Talas on Sunday, January 6, 2019

Үйлөнүү-үлпөт тою 2018-жылдын 24-ноябрында болуп өткөн. Талас облустук милициясы маалымдагандай, кортеж катышуучулары авто ээнбаштык үчүн жазаланышат, анткени жүрүп бараткан автоунаанын терезесинен чыкканга болбойт.

Бул видео фейк экенин кантип аныктасак болот?

«Клооптун» видеоредактору Тилек Бейшеналиев түшүндүрүп берет.

Биринчиден, видеодогу үнгө көңүл коюу менен угуп көрүш керек. Видеонун фонундагы музыканын сапаты мындай шартта телефонго тартылган видео үчүн абдан жакшы — видеонун автору унаанын ичинен сыртта болуп жаткандарды тартып жатканы менен унаанын жүрүп бараткан үнү же сүйлөшүүлөр же башка үндөр угулбайт.

Экинчиден, «ок атуу» башталгандан кийин видеодо автоматтардын кезектешип ок атышкан үнү так угулуп жатат. Мындай шартта тартылып жатканда үн бир аз күңүрт болуп, так угулбашы керек эле.

Үчүнчүдөн, видеодо көрүнгөндөй, ок атууда кийинки куралдан тебүү болгону байкалбайт. Болбосо, ок атма куралдар менен атууда сөзсүз тебүү болот, ал эми автоматтан мындан да күчтүүрөөк болмок. А видеодогу «аткычтын» колундагы курал ал турсун кыймылдаган да жок.

Дайыма роликтин түп нускасын тапканга аракет кылыңыз — муну менен сизге Amnesty International видеолорду издөө сервиси жардам берет. Чынында, бул учурда кызмат жардам бере алган жок, анткени авторегистратордогу видеолордун бардыгы бир типтүү болот.

Бирок видеонун түп нускасын (атуунун үнү жок) «3 канал» өзү жарыялады.

Предоставили так называемый типа "оригинал" с того видео, где молодые ребята гуляли на свадьбе с автоматом в Таласе. #свадьбавталасе #автоматкалашникова

Posted by 3 kanal - Talas on Sunday, January 6, 2019

Текст үстүндө иштегендер: Эльдияр Арыкбаев, Тилек Бейшеналиев, Айдай Эркебаева, Рустам Халимов