Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / Kloop.kg

Ош шаарынын бийлиги Батыш базарын сүрдүрүп, анын ордуна гүлзарлуу аллея курууну чечти. Бул үчүн аткаминерлер жергиликтүү казынадан 30 млн сом бөлүүнү пландашууда. Соодагерлер эс алуу жайынын курулушун убактылуу токтотууну суранып жатышат — алардын көпчүлүгүнүн насыясы бар.

Батыш базары Ош шаарынын Кулатов кичи районунда жайгашкан. Базар жергиликтүүлөр тарабынан Союз кулагандан кийин эле негизделген. Учурда анда 200дөй адам иштейт — бир гана жакынкы райондордун тургундары эмес, Баткен жана Ош облусунан келгендер түзөт. Алар жергиликтүүлөрдүн тамак-аш жана айыл-чарба азыктарын сатышат.

Соодагерлердин айтымында, алардын көпчүлүгү соодасын жүргүзүү үчүн кредит алышкан — базар жабылып калса алар банктагы насыяларын кантип төлөөнү элестете албай турушат.

Сагынбүбү Кадырбаева Батыш базарында 15 жылдан бери эмгектенип, ушул жумушу менен гана үй-бүлөсүн камсыздап келе жатат.

«2000-жылы ушул дүкөндү курган элем. Ал үчүн ар кайсы банктан төрт кредит алгам. Балдарым насыядан кутулсун деп соода кылып отурам. 66га чыктым, талаага барып иштеп келе албайм, саламаттыгым жакшы эмес», — дейт ал.

Базар түптөлгөндөн бери иштеп келе жатам деген Айтолкун Адылбекова да жалгыз киреше булагынан кол жууп калам деп кооптонуп турат. Анын түшүндүрүшүнчө, соодагерлер Батыш базарга көнүп калгандыктан башка жакка баруудан коркуп жатышат. Себеби жаңы жайда соода канчалык ийгиликтүү болоору белгисиз.

«Насыя, ипотекасы барлар кантет, батирде жашагандарчы? Биз деле мамлекеттин жарандарыбыз, биздин мүдөөнү ким угат?», — деп суроо салат Адылбекова.

Базардын орду жашылдандырылат

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров шаар бийлиги Батыш базарынын ордуна гүлзарлуу аллея курууну көп жылдан бери пландап келгенин айтат. Анын айтымында, жергиликтүүлөр парк же гүл бакча куруп берүү өтүнүчү менен мэрге бир канча жолу кайрылышкан. Анткени аталган аймакта эс алуу жайы жок.

«Чындыгында Кулатов, Актилек, Анар жана СМТУ кичи райондорунда эс алуу паркы жок. Союз убагынан бери ушул жерге курулат деп жүрүп, эми башталып жатат. Долбоордун сметасы даяр», — дейт Абсаттаров.

Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарындагы башкармалыктын башчысы Ажимурат Жолдошов базар жайгашкан жер жашылдандырууга арналган тилке болгонун тастыктады.

Ал түшүндүргөндөй, соодагерлердин мэрия менен түзгөн келишими болгон, шаар бийлигине керек болгон учурда тилке бошотулуп берилиши керек.

Ош жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Бектурсун Такелеев мэрия соодагерлерге кардарлуу жерден орун таап бериши керек деп эсептейт.

«Бул аймакта базарга муктаждык бар болгону үчүн эл соода кылып, салык төгүп, жайгашып алды да. Эгер базарды жок кылып, ордуна аллея салабыз дешсе, анда соодагерлерге кардар бара турган башка жерден жумуш орун таап бериши керек», — дейт ал.

Мэриядан билдиришкендей, соодагерлерди башка жай менен камсыздоо маселеси «каралууда» — бирок Батыш базарын жаңы аймакка көчүрүү иштери жүргүзүлбөйт.

Эс алуу жайынын курулушу шаардык кеңештин депутаттары казынадан каражат бөлүп бергенде башталат. Ага чейин, базарга чейинки жолдо жайгашкан күркөлөрдү сүрдүрүү иштери жүрөт, андан соң гана Батыш базары сүрдүрүлөт — мэриянын баамында бул иштер 2 айга созулат.

Азырынча шаар бийлиги соодагерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү пландоодо.

Редакторлору: Элвира Султанмурат кызы, Гүлжан Эшбаева