Британиялык H+I Adventures компаниясынын велосипедчилери Кыргызстанга болгон сапары тууралуу видео чыгарышкан — роликке табияттын кооз көрүнүштөрү менен 4000 метр бийиктиктеги тоолордо велосипед тээп жүрүшкөн чет элдектер тартылган.

Британиялык велосипедчилер Том Олер менен Рене Вильдхабер Кыргызстанга операторлор командасы менен бирге өткөн жылдын жайында келип кетишкен — 10 күн бою өлкөнү аралап, жаратылышты тартышкан.

Сүрөт: Dan Milner / H+I Adventures

«Оштон Ленин мөнгүсүнө чейин [велосипедчен] барып, кайра кайтып келгенбиз. Биз үчүн эң кыйыны бийиктик жана бул бийиктикте велосипед тебүү болду. Ал үчүн биз күндө велосипеддерди ийинибизге асып алып, тоого бир нече саат көтөрүлчүбүз», — деп H+I Adventures компаниясынан билдиришти.

Сүрөт: Dan Milner / H+I Adventures

Велосипедчилердин айтымында, сапар аларга жаккан — өзгөчө жергиликтүү элдин аларды кабыл алганы: «Кыргызстанды өзгөчө кылып турган бул анын эли, меймандостугу жана өлкөнүн табияты».

H+I Adventures Америка, Азия, Европа жана Африкага велосипеддик турларды уюштурат. Азырынча компаниянын Кыргызстанга турлары жок, бирок велосипедчилер арасында суроо-талап бар болсо, алар Кыргызстанга сапар уюштурушу мүмкүн.

Макаланын превьюсундагы сүрөт: Dan Milner / H+I Adventures