Кыргыз футбол федерациясынын башчысы Азия Кубогу учурунда отставкага кетти

Семетей Султанов

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын (КРФФ) президенти Семетей Султанов ээлеген кызматын бошотту. Ал федерацияны 2012-жылдан бери жетектеп, анын башчылыгы астында кыргыз курамасы өзүнүн тарыхында эң чоң ийгиликтерге жетишти. Султанов — экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы.

Султановдун отставкага кетиши тууралуу 10-январда Кыргызстан футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Бирок, «Клооптун» журналистине аталган уюмдан билдиришкендей, Султанов отставкага 7-январда эле кеткен.

«Бул чечим көптөн бери даярдалып келген, мен ага күн мурунтан келгем жана дароо эле кабыл алган жокмун, ал чечимимге ар кайсы сырткы күчтөр таасир этип же басым жасаган эмес. Биз бул вариантты курама командабыз Азия Кубогуна катышуу укугуна ээ болгон учурга пландап жатканбыз», —деп федерациянын сайтында айтылат.

Семетей Султанов билдиргендей, федерациянын президенти кызматындагы башкы максаты кыргыз курамасынын Азия Кубогуна катышуусу эле.

Рейтингден 100 сапка көтөрүлүшү

Султанов КРФФди 2012-жылдан тарта башкарып келген. 2016-жылы ал кайрадан шайланган -- 2020-жылы анын мөөнөтү бүтмөк.

Ал федерацияны жетектеп турган кезде, Кыргызстан эркектер курама командасы өз тарыхындагы эң чоң ийгиликтерге жетише алган — команда биринчи жолу Азия Кубогуна катышуу укугуна ээ болгон жана ФИФАнын рейтингинде 100дөн ашык сапка көтөрүлгөн.

Азия Кубогуна Кыргызстан курама командасынын катышуусу эмнеси менен маанилүү экенин бул жерден окуңуз.

Президент — президенттин күйөө баласы

Семетей Султанов, анын кайын атасы — Алмазбек Атамбаев — Кыргызстандын президенти болуп турган кезде федерацияны жетектеп, Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин бир жылдан соң отставкага кетти.

Атамбаевдин ордуна президенттик тактыга анын колдоочусу Сооронбай Жээнбеков келгенден кийин мурдагы үзөңгүлөштөрдүн ортосунда жаңжал пайда болуп, Атамбаевдин жогорку кызматтагы тарапташтары иш ордуларынан айрылышкан.

Мисалы, Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) башчысы Абдил Сегизбаевди жана баш прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтарынан бошоткон. Ошондой эле, Атамбаевдин эң белгилүү тарапташы Сапар Исаков дагы премьер-министрлик кызматынан алынган.

Ушул отставкага кетирүүлөрдөн кийин жаңжал дагы курчуп, Атамбаевдин тарапташтарына каршы кылмыш иштери козголгон. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, бажынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов, Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов жана башка экс-президенттин тарапташтары коррупция боюнча айыпталышып, камакка алынышкан..

Анткени менен КРФФден Султановдун отставкасы саясатка тиешеси жоктугун билдиришти.

Семетей Султанов — спорт федерациясын башкарган Кыргызстан президенттеринин биринчи тууганы эмес. 2004-2005-жылдары туңгуч президент Аскар Акаевдин уулу — Айдар — Улуттук олимпиадалык комитетинин жана бокс федерациясынын башчысы болгон. Экинчи президент Курманбек Бакиевдин уулу — Максим — 2008-жылы күрөш федерациясынын президенти болчу.