Экс-премьер-министр Сапар Исаков. Сүрөт: Бексултан Абубакир, «Азаттык»

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртуу жана тарых музейин оңдоо иштери боюнча 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаковдун аракеттери мамлекетке көп миллиондогон зыян келтирген. Ал эмне боюнча айыпталууда?

Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция иши боюнча айып тагылып, 5-июнда камакка алынган. Андан бери Исаковго коррупция иши боюнча дагы бир айып тагылган — Бишкектеги тарых музейин реконструкциялоо боюнча. Исаков Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо тууралуу иши боюнча дагы айыпталышы мүмкүн.

Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновдун оюна караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бийликтегилердин саясий каршылаштарын түрмөгө отургузуп, аларга моюн сунуп жатат. Мурдагы премьер-министрди УКМК так эмнеге айыптап жатат?

ЖЭБди жаңыртууда келтирилген 111 млн долларлык зыян

8-январда УКМК жыйынтыктагандай, ЖЭБди модернизациялоодо мамлекетке 111 млн долларлык зыян келтирилген. Алардын версиясы боюнча, 2013-жылы Сапар Исаков кытайлык TBEA компаниясынын ушундай долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы жетишпегендигине жана долбоордук смета документациясы жок болгонун «атайын» эске албай, «жеке кызыкчылыктарын көздөө максатында» аны менен контракт түзгөн.

УКМК 2010-жылы Исаков иштеп турган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги TBEA компаниясынын сунушун кымбат, техникалык жана технологиялык кемчиликтери бар болгондугу үчүн четке каккандыгын аргумент катары келтирүүдө. Ал жылы TBEA ЖЭБди жаңыртууну 200 млн долларга баалап жаткан — үч жылдан кийин Кыргызстан ушул компания менен 386 млн долларлык контракт түзгөн.

Зыяндын суммасын ушундай эсептегендерине Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов макул эмес. Жактоочунун айтымында, тергөө кылмыштын чыныгы фактыларын издөөнүн ордуна ким канча уурдаганын эсептеш үчүн кадимки «математиктерди» жалдаган.

«Байланыштарды, берүүнүн далилдөөнү, сактоону, финансыларды колдонууну издеп эмне кереги бар? Математиктерди жалдап, алар ким канча уурдаганын эсептешин милдеттендирип коюш керек. Алар башкаруу группировкалардын тапшырмасы боюнча математикалык формулаларды чыгарып, алардын душмандарын отургузушат. Андан кийин аларга мурда тапшырма бергендерди отургузушат», — деп Токтакунов фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анткени менен бул иш боюнча тергөө аяктады жана материалдарды февралда сотко өткөрүп бериши керек — Токтакуновдо кылмыш ишинин бардык 40 томун изилдөөсүнө бир айдан аз убакыты бар.

Музейдин реконструкциясына Исаковдун «кийлигишүүсү»

2019-жылдын 10-январында УКМК Исаковду Бишкектеги тарых музейин капиталдык оңдоп түзөөдөгү коррупция боюнча айыптаган. Анын натыйжасында мамлекетке 1,4 млн долларлык зыян келтирилген.

УКМК далидегендей, 2016-жылы Кыргызстан өкмөтү менен Кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча түрк агенттиги (ТИКА) музейди реконструкциялоо боюнча келишим түзүшкөн. Келишим боюнча Түркия үч жылдын ичинде 15 млн доллар эсебинде гранттык каражат бөлүп бермек.

«Бирок, музейди реконструкциялоодо КР Президентинин аппаратынын мурунку жетекчиси [Сапар] Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын жумушту 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтсүн деген негизсиз талаптарынан улам Түркия тарап жумушту улантуудан баш тарткан», — деп УКМКнын пресс-релизинде айтылат.

Жыйынтыгында, музейди реконструкциялоону бүтүрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 22 млн доллар өлчөмүндө кошумча бөлүнүп берилген. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2017-жылы Исаков «башка адамдар менен» мамлекеттик сатып алуу мыйзамын бузуп, мамлекеттин кызыкчылыктарына карабай оңдоого “Vitrinen und Glasbau REIER” немис компаниясын тарткан.

Тергөө эсептегендей, немис компаниясы керектелүүчү материалдардын баасын 54 миң долларга көп айткан, ал эми евро менен сомдун ортосундагы айырмасынын зыяны 613 миң долларды түзгөн.

Токтакунов бул иш боюнча материалдарды ала элек, бирок, анын ою боюнча ал материалдар жок дегендо 10 томдон турат.

Ипподромду оңдоп түзөө

Исаков дагы бир иштин фигуранты болуп калышы мүмкүн — 2016-жылы Чолпон-Атадагы ипподромдун реконструкциялоосунун баасын ашыра көтөрүү.

Токтакунов түшүндүргөндөй, тарых музейин оңдоо боюнча кылмыш ишинде Исаковдо Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоо сыяктуу «чоң улуттук долбоорлорду ишке ашырууда кылмыштык сүйлөшүп алуу» тажрыйбасы бар экендиги айтылган.

«Ошондуктан, ипподром тууралуу иш боюнча дагы айып тагылат деген чечимге келдим, — деп өз ойлорун түшүндүрдү жактоочу. Токтакунов кошумчалагандай, Исаковду ипподром тууралуу күбө катары суракка алышкан — айып тагаардан мурун музей боюнча дагы ушинтип суракка алышкан.

2018-жылды жайында Башкы прокуратура Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушунун баасын ашыра көтөрүү факты боюнча кылмыш ишин козгогон. Алдын ала эсептөө боюнча, мамлекетке келтирилген зыян 202 млн сомду түзгөн.

Авторлошу: Анастасия Шевченко