Отунбаеванын Текебаевге ырайым көрсөтүү өтүнүчү четке кагылды

Роза Отунбаева 2017-жылы июнда Текебаевдин иши боюнча сотто

Кыргызстандын президентине караштуу ырайым көрсөтүү боюнча комиссия экс-президент Роза Отунбаеванын оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаевге ырайым көрсөтүү өтүнүчүн кабыл алган жок. Четке кагууну соттолгон адам өзү кайрылышы керек деп түшүндүрүштү.

Комиссия жарыялагандай, Отунбаеванын өтүнүчүнө алты парламенттик фракциянын лидерлери кол коюшкандары менен ырайым көрсөтүү боюнча арызды Өмүрбек Текебаев өзү бериши керек.

Бирок Текебаев өзүнө ырайым сурабашын бир нече жолу жарыялаган — ал өзүнө козголгон кылмыш ишти «саясий» деп атаган.

Саясатчы кошумчалагандай, ал өз жаза тартуу мөөнөтүнүн көбүн өтөп койгон жана жатак абагына которулууга же мөөнөтүнөн эрте бошотулууга укугу бар.Текебаев эркиндикке чыккандан кийин өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдеп берээрин айткан.

Экс-президент Роза Отунбаева өзүнүн суранычын президент Сооронбай Жээнбековго 25-декабрда жолдогон. Отунбаева өз кайрылуусунда Текебаевге каршы ишти «саясий буйрутма жана чет өлкөлүк алдамчынын жалаасы» деп атаган. Ошондой эле ал парламент фракцияларынын лидерлерине колдоо көрсөтүүгө кайрылып, лидерлер анын өтүнүчүн колдоп кол коюшкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-декабрда Текебаев өзү ырайым сурабаса эч нерсе кыла албастыгын айткан.

Буга чейин 2018-жылы майда мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев президентке Текебаевге ырайым берүүнү өтүнүп кайрылган. Ал учурда Текебаев ырайымдын кереги жоктугун, анткени өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын айткан. Саясатчы үзөңгүлөштөрү менен өз ишин кайра карап чыгууну талап кылат.

Текебаев кантип коррупция боюнча соттолгон?

«Ата Мекен» оппозициялык партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2017-жылы 8 жылдык мөөнөткө соттолгон. Бирок кийинчерээк анын абак мөөнөтү 4,5 жылга чейин кыскартылган. Саясатчы эркиндикке 2021-жылы чыгышы керек.

Текебаевди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев бул акчага Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга шарт түзүп берүүнү убада кылган.

2018-жылы ноябрда Москванын Тверь соту Маевскийди 37,5 млн доллар опузалоо иши боюнча камакка алган. Эгер анын күнөөсү далилдене турган болсо, ишкер 15 жылга чейин эркинен ажырап калышы мүмкүн.