ИИМ Жээнбековдун «көмүскө кассасы» боюнча алдын ала тергөө ишин жыйынтыктады

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) президент Сооронбай Жээнбековдун «көмүскө кассасы» боюнча алдын ала тергөө ишин жыйынтыктады. «Көмүскө касса» боюнча жарыяланган маалыматта Жээнбеков шайлоо алдындагы өнөктүккө расмий документтерге караганда 10 эсе көп каражат короткону көрсөтүлгөн.

11-январда ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, «көмүскө касса» тууралуу каттарды текшерүүдө Жээнбековдун борбордук шайлоо штабынын жетекчилери, шаардык, облустук, райондук шайлоо штабдарынын башчылары жана кызматкерлери суралган.

Тергөөгө чейинки текшерүү ишинин жыйынтыктары тууралуу эч нерсе белгилүү эмес. Бирок ИИМ акыркы чечимди талапкердин шайлоо штабынын эсепчиси Надира Сатыгул кызы менен сүйлөшкөндөн кийин чыгарууну убада кылды. ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаевдин айтуусунда, Сатыгул кызы азыр Индияда жана качан келээри белгисиз.

2018-жылдын ноябрында «көмүскө касса» жарыялангандан кийин Сатыгул кызы өз өмүрү үчүн коркуп Кыргызстандан чыгып кеткен.

Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев да «Апрель» телеканалына курган маегинде айткан — анын сөзүнөн кийин ИИМ текшерүү ишин баштап, Надира Сатыгул кызы Кыргызстанда кайтып келсе анын коопсуздугун камсыздоону убада кылган.

2018-жылдын ноябрында Жээнбековдун шайлоо штабынын «көмүскө кассасы» жөнүндө маалыматты юрист Нурбек Токтакунов ачыкка чыгарган. Документке ылайык, шайлоо өнөктүгүн уюштурууга кеткен чыгымдын суммасы расмий маалыматка салыштырмалуу он эсе жогорулатылган. Талапкердин өзүнүн шайлоо фондундагы акчалардан башка каражат булактарын колдонуу мыйзамга каршы келет.

Расмий маалыматтарга караганда, Жээнбеков шайлоого даярдык көрүүгө 158 млн сом короткон. Бирок Токтакунов жарыялаган маалымат боюнча, Жээнбековдун штабынын чыныгы чыгымдары 1,1 млрд сом жана 6,5 млн доллардан көп болгон — суммада 24 млн доллардан ашык.

Атамбаев өз интервьюсунда бул маалыматты «реалдуу документ» деп атап, анын ачыкка чыгышын Жээнбековдун штабынын жетекчилеринин бири болгон өзүнүн жакын үзөңгүлөшү Икрамжан Илмияновдун камакка алынышы менен байланыштырган. Бирок Атамбаев бул документтин «реалдуулугун» тастыктаган эч бир далилдерди көрсөткөн эмес.

Токтакунов өз маалымат булагын ачыктабай, бирок анын булагы Жээнбековдун шайлоо штабына «тиешеси бар болгонун» жана учурдагы да, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да «ирээнжип» калганын айткан. Ал эми президент Жээнбековдун администрациясы чыгымдар боюнча маалыматты «фейк» деп атап, ага карата комментарий беришпесин айтышкан. Юрист «көмүскө кассадагы» акчалардын көпчүлүгү шайлоочуларды сатып алууга кеткен деп эсептейт. Анын пикири боюнча, бул президентке импичмент жарыялоо үчүн негиз болуп бералат.

Авторлошу: Маргарита Барвинская